Рет қаралды 142,733
- Айтып берчи апаке,
Биз суу алчу өзөндүн
Ар жагында эмне бар?
- өзөн жээги кызыл жар,
Ар жагында токой бар
- Андан ары эмне бар?
-Чөккөн тоодой адырлар.
Тоо чокусу аппак кар…
- Ар жагында эмне бар?
- Биздикиндей кыштактар,
- Андан ары чоң шаар.
- Андан арычы?...
- Океандар..шаар, кыштактар…
- Ар жагында эмне бар?
- Биз!
- Кантип?
- Анткени, жер тоголок шар.
Созу: Т.Малдыбаев
Обону: З.Сатыбалдиева
Аткаруучу: З.Сатыбалдиева