Рет қаралды 125,417
Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта күлүктөрдү 25 чакырым аралыкка жарышында баш байгени жеңип алган Каракыз аттуу аргымак элдин кызыгуусуна арзыды.Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы анын саяпкери Изат Сыргак уулун кепке тартты.
Маалым болгондой, жарышта бул күлүк 11 күлүктү артка калтырып, маарага биринчи келди. Саяпкер аны 2 жылдан бери таптап байгелерге кошо баштаган.
«Бул күлүк 3 жашта. Бизге келгенине 2 жыл болду. 1,5 жашында Россиядан алып келгенбиз. 2 жашында майда чабыштарга салганбыз. Азыр аламан байгеге чуркап жатат. Кунанында дагы жакшы ийгиликтерге жеткен. Казакстанга дагы бир нече жолу барып жакшы ийгиликтерге жеткенбиз. Быйыл 9-майда Казакстанга барып, 30 күлүктүн ичинен биринчи болуп келип, 1 миллион теңге уткан. Бул жолу дагы баш байгени буйруган экен, утуп алдык», - деди ал.