Бул көрсөтүүнү КТР каналынын режиссеру раматылык Зулумбек Нурбаев байке тарткан. Азыркы Ала -Тоо кинотеатрынын ылдыйраак жагында жайгашкан "Аксакалдар" чайхансынын жанынан жана" Бере турчү бир тамчы" ырын чайхананын ичинен тарткан. Кар сонун жаап айлана кооз жана аба таптаза болгон керемет күн болчу. "Неге мынча жакшынасың" деген ырды образга кирип ырдап жатып аз жерден тайгаланып жыгылып кала таштаган. Каткырык күлкү менен күндү сонун өткөрүп 3- 4 ырды тарттырганбыз...Зулумбек байке да акка моюн сунуп кетти. Жаткан жериңер жайлуу, жаныңар бийикте болуп арбагыңар ыраазы болсун.
@OshKyrgyzstan-d8r26 күн бұрын
Биз кызыл ордонун жогорусунда миялы - деген айылдан болобуз.бизге да жене болот экенсиз да.уккан белениз келгенде биздин айылды😊