Бал жуттум балдай таттуу болбой койду, Уу жуттум уудай ачуу болбой койду. Дүнүйөң ий кетик чыны сыяктанып, Балга да же ууга дагы толбой койду. Дүнүйөң оой кетик чыны сыяктанып, Балга да оо ууга дагы толбой койду. Кайырмасы: Бал жуттум, уу жуттум, Шарап жуттум, суу жуттум. Баары бирдей даба болбой, Айлам кетип буулуктум. Асылдар асылдарча болбой койду. Аккуулар көлгө келип конбой койду. Дүнүйөң ий тешик челек сыяктанып, Деңизди сузсам дагы толбой койду. Дүнүйөң ой тешик челек сыяктанып, Деңизди сузсам дагы толбой койду. Кайырмасы: Бал жуттум, уу жуттум, Шарап жуттум, суу жуттум. Баары бирдей даба болбой, Айлам кетип буулуктум.