Баланын тарбиясы кандай болушу керек?|Тегирмен ТВ

  Рет қаралды 235

ТЕГИРМЕН TV

ТЕГИРМЕН TV

Күн бұрын

Өз балаңды тарбиялай албай келин, күйөө балдарыңдан айып издөө туура эмес.
Үй-бүлөдө балдарды жакшы тарбиялоо ата-эненин эң негизги милдети экенин билүүсү абзел. «Көп жашаган эмес көптү көргөн билет» деп айтылгандай турмуштун ысык, суугуна чыдап, жашоодон мол тажрыйба топтогон ата-энелер менен маектешүүнү туура көрдүк. Бул жолку чыгарылышыбызда 3 уул, 2 кыздын ата-энеси, 2 келиндин кайын ата, кайын энеси, 11 неберенин чоң ата, чоң апасы Саткынбек Абдрахманов атабыз жана Каниет Эркебаева апабыз менен бала тарбиялоо боюнча кыскача маек курдук.
Баланы кантип тарбиялаш керек?
Саткынбек ата: Ар бир баланын өзүнө жараша мүнөзү болот. Ошого жараша мамиле жасаш керек. Кээ бирөөнө катуу айтсаң, кээ бирөөнө акырын айтуу кажет. Бирөөнүн баласына салыштыруу ирээтинде эмес үлгү ирээтинде айтсаң оңураак болот. Баланы дайыма урушуп, согуу маселени чечпейт. Кээ бирин алдаш керек. Замандын агымына жараша азыр балдар да башкача тарбияда чоңоюп жатат. Неберелерим «А» деген арипти билбей жатып телефондун иштешин мыкты өздөштүргөн. Азыр неберелеримди өзүм тарбиялап жатам. Буюрса бардыгы бешке окуп жатышат. Медалдын эки бети бар дегендей технологиянын өнүгүшүн жакшы жагынан деле караса болот.
Кыз баланын тарбиясы кандай болушу керек?
Каниет апа: Балага негизи катуураак тарбия жарашат. Кызга болсо жумшак, назик мамиле кылыш керек. Чынында кыздарымды согуп, урган жокмун. Бир көз караш менен түшүндүрүп тарбияладым. Эркек балдарды атасы өзү тарбияга салды. «Кыздуу үйдө кыл жатпайт» дегендей кыздарыма тазалыкты, ыймандуулукту үйрөткөнгө бар күчүмдү жумшадым. Буюрса кыздарым жогорку билимдүү, тарбиясы ойдогудай. Мен биринчи кезекте баланы эмгеке тарбиялоо керек деп айтат элем. Өзүңдүн балаңды жакшы тарбиялай албай жатып келин, күйөө балдарыңдан айып издөө туура эмес. Кыздарыма келген кишиге наз ооз тийгизип, чай бергиле десем, нанын, чайын камдап калышчу. Кийин күйөөгө тийгенде деле ошол сапаттары өздөрүнө пайда берди.
Мырза Марсбеков

Пікірлер
Brawl Stars Edit😈📕
00:15
Kan Andrey
Рет қаралды 56 МЛН
Man Mocks Wife's Exercise Routine, Faces Embarrassment at Work #shorts
00:32
Fabiosa Best Lifehacks
Рет қаралды 5 МЛН
Баланы шыктандырган 5 сөз
4:57
aha.kg
Рет қаралды 36 М.
Дрожсуз нан. Бул нанды жебеген адам арманда!
12:25
Нургазы Мусаев
Рет қаралды 127 М.
Пайдалуу гүлдөр.
2:55
Доктор Растений
Рет қаралды 30 М.
1 эчки 4 литрге чейин сүт берет!
46:32
Айтуш
Рет қаралды 107 М.
СРОЧНО! ЭТ 400 сомго түштүбү?
8:42
KyrgyzTanda
Рет қаралды 140 М.