Рет қаралды 36,632
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубоктун байге ээлерин куттуктады. Жолугушуу Ала-Арча резиденциясында өттү. Акчалай сыйлыктар спортчуларга, алардын дарыгерлерине жана машыктыруучуларга тапшырылды. Кыргызстандын күрөш боюнча улуттук курама командасы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда 3 алтын, 5 коло медалын жеңип алган. Алтын медалды Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Мээрим Жуманазарова утуп алса, коло байгеге Калы Сулайманов, Исламбек Орозбеков, Руслан Царев, Айпери Медет кызы жана Айаал Лазарев ээ болгон #Бешинчи_канал #жанылыктар #Бишкек