Рет қаралды 8,266
Балыкчы шаарында катуу шамал болуп, бак-дарактар кулап, турак жайлардын чатыры учуп жатканын шаар тургундары билдирди.
ӨКМдин Балыкчы шаардык башкармалыгынын маалыматына караганда, 2024-жылы 26-майда Соң-Көл көчөсүндө көп кабатуу турак үйдүн сырткы калайын (105 чарчы метр) шамал учуруп кеткен.
Жабыркагандар жок. Жерине №19 ӨККБдан ыкчам топ тартылып, тактоо иштерин жүргүзүп, шамал учуруп кеткен калайды коопсуз жайга жылдырып беришкен.