Рет қаралды 71,104
Бишкекте болгон тополоңдон кийин 130га жакын пакистандык студент өлкөдөн чыгып кетти. Пакистан өкмөтү дагы башка студенттерди алып кетүү үчүн коммерциялык каттам уюштурганын маалымдады. Кыргызстан менен Пакистан тышкы иштер министрлери бул окуя тууралуу сүйлөшүп, кыргыз өкмөтү күнөөлүүлөр жазалана турганын билдирди. Би-Би-Си Кыргыз кызматы Бишкекте туруктуу жашаган пакистандык студенттердин жатаканасына барып, ал жакта калган Бангладеш жараны менен кыска маектешти.