Бант суусу МАЙДАН

  Рет қаралды 5,506

Майдан Исфайрам

Майдан Исфайрам

5 жыл бұрын

Бант суусу
Кароол айылы
Ыйык жердин түрү - булактар
Мадумарова Малахат: Кароол айылы илгери «Кичиненин оозу» деп аталган. Кыргызстан Орусиянын курамына кошулгандан кийин, ал жерге кароол койгондугу үчүн Кароол деп аталып калат. Кароол айылынын үстүндөгү арчалуу эки тоонун ортосунда булактан суу чыгып, таштардын арасынан жайылып, чоң арык болуп агып келет. Суу абдан тунук жана өтө муздак. Айланасы өтө кооз жер. Жайында салкын, абасы адамдын көңүлүн сергитип, көмкөк жашыл чөптөрдүн жыты жыттанып, куштардын сайраганы жагымдуу угулат. Майдан, Кароол айылындагы адамдар ошол жердеги көлдүн суусун эгин-тегинге пайдаланышат. Көл өзөнүнүн башынын Шаймерден тарабы Суу-Башы, сол тарабы Бант деп аталат. Бант cайынын башы илгери Киндик-Суу деп аталган дешет. Анын себеби адамдын денесиндеги киндиктей болгон жерден жазын-кышын атырылып суу чыгат. Бант суусун илгери азиз адамдар да дарылык касиети бар деп эсептеп, андан пайдаланганын айтышат. Улуулардын айтуусу боюнча, Алланын бизге берген Азиз суусу, ал жерден чыккан суу дартка шыпаа касиети менен улук деп эсептешет. Бант суусу Араб мамлекеттерине да даңкы кеткен. Ажыга барган кыргызстандыктардан “Бант суусун ичкенсизби?” деген суроолорду беришет. “Касиеттүү Бант суусун ичем” деп, иче албай жүргөн кишилердин арбындыгын жергиликтүү эл жакшы билет.
Улуу тоого чыккан барбы?
Улардын үнүн уккан барбы?
Банттын суусун ичкен барбы?
Бул дүйнөдөн армансыз өткөн барбы?
Оозеки тарыхы:
Дарылык касиети бар суунун «Бант» деп аталып калышы жөнүндө бир нече уламыштар бар.
Олуя ата Шаа Машрап Кашкарга Исфайрам капчыгайы аркылуу кетип жатып, ушул булактан суу ичип, жанындагы сапарлаш кишилерге мындай деген экен: «Дүйнөнү кыдырып жүрүп, мен мындай суу ичпедим, бул жерди таштап кете албайм, себеби бул суу мени өзүнө тартып жатат». Өзүнүн жанындагы кишилерге суунун башы кандай чыгып жатканын аныктап келүүнү буюрат. Суунун башы булак экендиги жана анын чыгып жаткан жери жөнүндөгү кабарды уккан олуя «Таптым!» деп кыйкырып жиберет. Сапарлаштары таңдануу менен эмнени таптыңыз деген суроосуна Олуя ата: «Мен мүрөктүн суусу тамган булакты таптым» деп жооп берет. Ошентип Шаа Машрап бул жерде көпкө чейин кармалып калат. Бир нече айлардан кийин гана Олуя ата Кашкарга бараткан сапарын улантат. Ошол окуядан бери бул булактын аты Фергана өрөөнүнө гана эмес, жалпы мусулмандардын сыйына турган булагы болуп келе жатат.
Экинчи бир уламышта Жабраил алейхисалам адамдарга өлбөстүктүн суусу, мүрөк суусун ичирүү үчүн жерге түшөт. Мүрөк суусу бар идишти даракка илип, өзү адамдарды издеп кеткенде кара карга идишти сындырат. Суу бир дарактын тамырына сиңип кетет, дарактын астындагы бир бутага түшкөн тамчы суунун бир бөлүгү бууланып кетет, бир бөлүгү ошол жерде агып турган булакка түшөт. Карга бир тамчы сууну ичүүгө үлгүрөт. Арча суу төгүлгөн ошол дарак. Ошондуктан жайын-кышын көгөрүп тура берет жана көп жашайт. Карга эң узак өмүр сүрөт. Тамчы тамган булак Бант суусу экен. Мүмкүн ошондуктан Бант суусу чыккан Кароол айылындагылар узак өмүр сүрүшсө керек.
«Бант» сөзү фарс тилинен кирген, бизче которгондо «ыйык», «байланган», «ээленди» деген маанилерди билдирет.
Бант суусу таза суу гана болуп калбастан, ал организмдеги ар кандай зыяндуу заттарды тазалап чыгаруучу сапатка ээ. Айрыкча, суунун курамында сөөк клеткаларына керектүү зат-кальцийдин көптүгү менен бааланат.

Пікірлер
МАЙДАНДАН ЧЫККАН БИТУМ КЫРГЫЗСТАНДЫ КАПТАЙБЫ?
19:21
Жайдарман | Туған күн 2024 | Алматы
2:22:55
Jaidarman OFFICIAL / JCI
Рет қаралды 1 МЛН
Can You Draw A PERFECTLY Dotted Line?
00:55
Stokes Twins
Рет қаралды 47 МЛН
Children deceived dad #comedy
00:19
yuzvikii_family
Рет қаралды 5 МЛН
Василиса наняла личного массажиста 😂 #shorts
00:22
Денис Кукояка
Рет қаралды 9 МЛН
Биздин айыл / Кереге-Таш айылы / 2019
25:11
КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР | #Керемет КЫРГЫЗСТАН  #1
16:05
Кара-Жыгач айылы 2024
1:55
Майдан Айыл Аймагы
Рет қаралды 547
МАЙДАН  АЙЫЛЫ ИСФАЙРАМ ОРТО МЕКТЕБИ 1982 -ЖЫЛГЫЛАР
1:02
Майдан терек. (Бант суусу)
1:09
Мыктыбек Самидин уулу
Рет қаралды 139
Пум айылы
4:00
Майдан Исфайрам
Рет қаралды 2,1 М.
Майдан айыл
3:53
Майдан Исфайрам
Рет қаралды 673
Бант суусу
0:39
Бант Суусу
Рет қаралды 808
Жайдарман | Туған күн 2024 | Алматы
2:22:55
Jaidarman OFFICIAL / JCI
Рет қаралды 1 МЛН