Рет қаралды 7,744
Баткенде жеңилдетилген шарт менен 11 үй тибиндеги бала бакча ачылды. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында кызыктар тараптар үйүндө бала бакча ачып, 25ке чейинки балдарды тарбиялоого мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Муну менен өлкодө мектепке чейинки билим берүүнү камтууну жогорулатууга шарт жаралат. Жалпысынан Баткен облусунда 397 бала үй тибиндеги бала бакчада тарбиялана баштады. Алдыда дагы 11 бала бакча ачылуусу күтүлүүдө.