Рет қаралды 105,156
Баткен шаарында Кызыл-Жол кварталындагы үйүнөн 23-ноябрда чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан 45 жаштагы аялдын ысымы белгилүү болду.
Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ал Мактым Кожонова экени такталды. Ал өзү жашап жаткан үйүнөн 23-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30 чамасында чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул факт Баткен ШИИБде дайынсыз жоголуу беренеси менен катталып, ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.
Буга чейин ӨКМ Баткен шаарында 45 жаштагы аял изделип жатканын кабарлаган болчу.
Маалыматка караганда, ал үйүнөн чыгып кетип, кайра кайрылып барган эмес. Баткен ШИИБдин кызматкерлери аны издөөгө көмөк көрсөтүү максатында жардам сурап кайрылышкан. Издөө иштерин жүргүзүү максатында ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер, жергиликтүү бийликтен 30 кызматкер жана туугандарынан 20 адам тартылган. Бирок натыйжа болгон эмес/