Рет қаралды 2,573
Баткендик Канышай Шералиева учурда Чехиянын борбору Прага шаарындагы Edwards Lifesciences компаниясында кенже аналитик болуп иштейт.
4 жыл мурда Баткен шаарында эле коомдук уюмдарда иштеп жүрүп, чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгып калган. Тил үйрөнүп, Прага Метрополитен Университетинин Эл аралык мамилелер жана Европа таануу факультетин ийгиликтүү аяктаган.
Кыргызстандын эң четки облусунда туруп, Прагада иштеп калууну ойлобогон Канышай билим жана аракет гана адамды ийгиликке жеткире алат экен дейт. Мындан улам кайсыл жерде болбосун, айылдабы же, шаардабы тил үйрөнүп билим алууга жаштарды, айрыкча кыздарды, чакырат.
Бул ролик "Диалог, ишеним, укук" уюмунун «Баткен облусундагы чек ара аймактарында аялдардын лидерлигин бекемдөө» долбоорунун алкагында даярдалды.
Долбоор Кыргызстандагы АКШ Элчилигинин Демократиялык комиссиясы тарабынан колдоого алынган.