ЭНЕ ЖҮРӨГҮ Оо энеке, бакыт жаайт жамалыңда, Ойго баттың, доорумда, заманымда. Неге анда асманды карап жүрөм, Бейиш болсо өзүңдүн таманыңда. Ооба, бейиш, мээрим бар катылбаган, Ооба, бейиш, бакыт бар жашырбаган. Тирүүчүлүк өкүмүн сүрөт анан Наадандардын максатын батырбаган. Кадамынан күнүгө тапкан ардак, Кимдер сенин ролуңду аткара алмак. Тагдырымдан запкы жеп кулап жатсам, Жүрөгүңдү берээрсиң башка жаздап. Балалык доор, өмүр да өтүп жатат, Бир бурчунан бир бурчка көчүп жатат. Сенделгенде карайлап жарык таппай, Сенин гана үмүтүң эшикти ачат. Бир окуя жүрөктү келет өйүп, Бар бактысы чайпалып, кеме чөгүп. Жээкке сүрүп бу турмуш таштады эле, Жан досумдун жаш эле энеси өлүп. Оңой менен кайгыны тоготпогон, Майышса да кайратын жоготпогон. Өмүрүндө ыйлабас ошол досум, Энекелеп, жер муштап шолоктогон. Карегиме кан толуп көлкүлдөгөн, Калдым досум тагдырдын өртүндө мен. Энекең бар, сезилбес азыр сага, Дүйнөдө жок бактылуу сенсиң деген. Достун сөзү чынында тереңде экен, Кайдан билдим, кайгыга эленбесем. Бар дүйнөмдү ичинен багып жүргөн, Бакытымдын башаты энемде экен. Байкоо салсам өзүмдү терең карап, Мен чырпыкмын, балпайган энем дарак. Октоп келсе мылтыгын ажал бир күн, Ойлонбостон мен үчүн энем барат. Жолдор татаал өмүрдө эне баскан, Көөдөндөгү көзүмдү энем ачкан. Кара түнгө айланып энем жокто, Каралбаган үйдөймүн желе баскан. Ашууларга көз жетпейт энем ашкан, Санааларга сөз жетпейт эне баткан. Энелерди окшотом зор кемеге, Түйшүктөрдү көтөрүп келе жаткан. Күлтүңдөгөн уулдарын кошо жандап, Эне жүрөт чечилбес түйүндө да. Таяк менен үмүттү кошо кармап, Эне жашайт карылар үйүндө да… Жакшы ойлор заматта тебеленип, Колум барбайт кээ кезде жазаарга да. Оокат сатып, турмушту тегеренип, Эне жүрөт күнүмдүк базарда да… Кол жетпеген сыйда да эне жүрөт, Шор кетпеген ыйда да эне жүрөт. Тирүүлүктү айланып күн сыяктуу, Тириликти жылыткан эне жүрөк. Тереңинде күн жаткан эне жүрөк, Сезимине гүл баккан эне жүрөк. Ата-журтка мээримин төшөп коюп, Таш жолунда өмүрдүн эне жүрөт. Көлөкөңдөй өлгүчө коштогон ким, Көңдөй уулун жаманга кошпогон ким. Бейишиңден айрыган тозок ошол, Энелердин жүрөгү токтогон күн… Эч ким сыздап энесин жоктобосун, Энелердин жүрөгү токтобосун!!!
@user-xi3nb2jd2v29 күн бұрын
Чыгармачылык ийгилик!Калемиң курчуй берсин!Чыгармаларыңды сүйүп окуймун.
@user-il1qq2dc6h5 жыл бұрын
Бардык аял суйуктуу жар мээримдуу эне болсун.
@user-oc4mg1bt9q12 күн бұрын
Омурун узуун болсун. Талантын ташкындай берсин. Рахмат, эне журогу учун.
@user-wy9oq7sg5tАй бұрын
Аллах раазы Болсун шул ырды
@user-xx9rx6nq8z6 жыл бұрын
Апакемди абдан сагындым ыр жан дүйнөмдү эзип кетти Бердибек байке калемиңиз курчуй берсин ийгилик каалайм
@adiletdogdurbekov49926 жыл бұрын
Кандай соонун сөздөр.дүйнөдөгү апалар бар болсун энелерге таазим
@user-wy9oq7sg5tАй бұрын
Жазган азам жигиттен тилиден алтын создор чыгыптыр😢😢
@jarkynturdubaeva25246 жыл бұрын
эх ырларын керемет ар бир адамга дем берет. Сагындым апакемди эх атин дуйно ажыратпасынчы энени баладан баланы энеден 😪😪😪
@fhbcfhj65586 жыл бұрын
Таалантынызга таазим
@user-wy9oq7sg5tАй бұрын
Бул ырды угуп ененди сагынып кететкенсин енеси барлар бактылуулар байлар
Мен жакшы коргон сыйлаган акын иним бар бол бай бол.
@user-gz4pi4dc1c6 жыл бұрын
Жарат Аллах энелерибизге узак омур берсин
@ilgizaitbekov95235 жыл бұрын
Турганбаев Маметкасым аминь
@user-dv7di2rc8f5 жыл бұрын
Тупптуура айтасыз
@osmon8806 жыл бұрын
апамды эстедим ыйладым апаныздарды жоготпогула мендей болуп бердибек сага рахмат талантына таазим
@adiletdogdurbaev9146 жыл бұрын
Бейиш эненин таманында. энелер бар болушсун❤❤❤
@user-hi2lc3ys5t6 жыл бұрын
Кандай керемет соз ыргактары жан дуйного буркан-шаркан ой толгоо жаратат. Баракелде,калеминиз курчуй берсин. Аттин...эне сагынычы соз жеткис.
@talgatusenov42274 жыл бұрын
Ене
@_masalbekovna_4 жыл бұрын
Ене болбойт Эне болот.
@samatisakov80814 жыл бұрын
Бердибек ага, сиз каандай Адамсыз, эх сизден жаралган создор, журогумдогу топтолгон куйуторду ойдоооо ойдооо которуп жиберет
@dastanadimamatov55995 жыл бұрын
Мына мына мына дагы мына залкар адам залкар талант оттой жанат ыр саптар Уккан кулак уккан журок жыргаткан
@kalykovaasel61895 жыл бұрын
Энелердин журогу токтобосун!!! Энекем менин сиз менин жашоомсуз!!!
@user-em9ot8uh6g5 жыл бұрын
Сонун экен энелер коп жашагыла👍👍👍👍
@aizadakasymova8118 Жыл бұрын
Ма шаа Аллах.Кандай сонун создор.
@user-xv4se8sn2f6 жыл бұрын
Эн мыкты создор
@timmac22126 жыл бұрын
Кайышып кети журогум апамды эстеп журомун айлар жылга айланып отпой койду кундорум. Негизи менда ыр жазам журоктун унун уканда уктап калсам мен эгер сезим дерим турганда.@ Бул саптарды чыгарган Бактыбек Токтоболотов. Чын журоктон Бердибек байке калеминиз очпосун.
@user-iq9vn1ib1h Жыл бұрын
Азаматсын калемин курчуй берсин онорун оркундосун каймактай калкып чыгат эне тили 👍👍👍 энелерге тазим
@versace30832 жыл бұрын
Энелерди козу барда сыйлап алалы, коз откон сон таппай калат экенбиз. Ыйласакда келбейт экенго, андыктан энеси барлар колдон келсе жылуу соз арнап, кооз жерлерге алып баргыла...😢😢
@narguldadabaeva17995 жыл бұрын
Калемин курчуй берсин👍👍👍👍
@adinabaktybekova97356 жыл бұрын
эн сонун!!! Ийгилик сизге
@upolrysbekkyzy70006 жыл бұрын
👍👍👍эн мыкты
@urmatimangaziev65096 жыл бұрын
Азаматсын бердибек бар бол!!!
@kalykovaasel61895 жыл бұрын
Алтын Апам менин бар болунуз , аман болунуз, ден-соолугунуз болуп , узак жашаныз!!! Ааламда бардык апалар эч качан оорубасын!!!
@kalyskushubakova20484 жыл бұрын
Рахмат сизге ☺☺
@BekBek-eq6bt6 жыл бұрын
Рахмат сизге
@meerimterova43116 жыл бұрын
Сонун,ак жол сизге!
@arslandosumbaev37035 жыл бұрын
Азаматсыз байкем
@adilerkinbaev42005 жыл бұрын
Энелер бар болсун
@user-qr9lu4cp4t5 жыл бұрын
Бердибек аке ишинизге ийгилик таланттыныз оркундой берсин, Энелерибиз коп жашасын аман болушсун.
@nuradilabdyldaev40396 жыл бұрын
Корком окуганы монтажы создору баары бирин бири толуктаптыр азаматсын Бердибек талантына таазим.
@Yiman-ei4or3 жыл бұрын
Жашасын эне жүрөгү...
@user-en1xm5ws1w2 жыл бұрын
Энеме эмнеге деген суроолорду берет элем эгерде бул жашоодо тируу болгондо😥😥😥
@gulbaraabdul39572 жыл бұрын
Апалар аман болсун Аамин Аамин Аамин.
@user-tt8lc2tw9n4 жыл бұрын
Азаматсыз эн мыкты
@user-tb6fb1op4v5 жыл бұрын
Алтьным енекем сени сагындьмгооооооо😪😪😪😪😪😪😪😪😪😪😪
@user-ji5vc7jg6w2 жыл бұрын
Берди сен чыныгы талант сенде бар экен кее Бир акындардын ыры мынчалык маанилуу уйкаш эмес ,мындай талант сейрек
@user-bk4bd3be6g5 жыл бұрын
Кандайс Бердибек аке калеминиз курчуй берсин сизден сабак алайын дедим эле сиз менен кантип байланышсам болот
Оа абдан сонун ийгилик дагы да жакшы нерселерди чыгара бериниздер
@user-ew3mw3ie5k Жыл бұрын
Соонун ыр журоктон журоко жетет
@user-lz9qg5hj3e6 жыл бұрын
👍👍👍👍👍
@bekaapsalamov70794 жыл бұрын
👍👍👍 энелерге таазим
@user-rh5gz5qi4o4 жыл бұрын
Ех апалар туболук жашасын😿😿😿🙏🙏ооминь
@altaikubanychbekov79414 жыл бұрын
Аябай сонун,маанилуу ыр.Мага аябай жагат.Бул ыр мага жакканынан жаттап алгам.Апаларыбыз узаак жашасын,алар эч качан оорубаса экен.Жаратканыбыз аларды балдарынан ажыратпаса экен.🤲🏻🤲🏻
@emirlansamarbekov24714 жыл бұрын
Азаматсын Бердибек омурун узун болсун чыгармачылыкта ийгиликтерди багындыр
@user-yt8hn6uf8z3 жыл бұрын
Энекееем. Сагындыыым сиздии. 😢😢😭😭
@botcomputer5390 Жыл бұрын
Энеден баланы, баланы энеден ажыратпасын!!!
@user-vg6sp2gx8l6 жыл бұрын
Энемди сагындым😪
@aybekkuchkinov10034 жыл бұрын
Энекем бактыбаызга бар болсун.иншаллах
@Muslum777Talas9 ай бұрын
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻🇰🇬
@user-gd4bv7mp8j2 жыл бұрын
Бул ырды угуп козумдон жаш кетти
@ilgizaitbekov95235 жыл бұрын
До слез😢
@user-wt4dt5rg2l3 жыл бұрын
Аллахым эч бир жандын апасы оорубасынчы.Мындай ооруп калышынды билгенимде, сизди башыма которуп журот элем😪😪😪😪дуйно карангы болуп турат, азыр мага.
@aiperibeishenbekova4505 Жыл бұрын
Оо энеке бакыт жаайт жамалың да ойго баттым доо
@torokulsoltonbekov39564 жыл бұрын
Аллахым өзү колдосун!!! Ыр жүрөгүмдү эзип койду. Энелер аман болсун
@user-es9mm5we4i3 жыл бұрын
Сагындым апооу жакында барам ❤️
@user-go4cd3hx7w3 жыл бұрын
Калемиң дагы курчусун, баардык энелердин атынан ыраазычылык билдирем. АЛЛАХЫМ эки дүйнө багын берсин
@user-ew7ds1yh1p6 жыл бұрын
кандай соонун э
@tologontologon64286 жыл бұрын
Альфия Касымбекова туура айтасыз
@user-gd4bv7mp8j2 жыл бұрын
Эненин мэнети Жер Энедей Жандунуда бакан Жансызга Жан берген
@user-fi4ox7yj3i4 жыл бұрын
Дуйнодо апалар ар дайым бар болсун,оорубасын,узаак жашасын🤲
@user-yt1cn1kr9i4 жыл бұрын
Апаларывыз дайыма бар болушсун
@zarinatoialieva92415 жыл бұрын
Ата эне турундо сыйла козу откондо бир уйур жылкы сойсонда аздык кылбайт😭😭
@user-tk2uk2xc3s5 жыл бұрын
Апамды сагындым энедей эч ким куйбойт экен кош бойлуумун апамды сагындым
@user-gp4wg6mb6r6 жыл бұрын
😘😟 👍👍
@user-bs4oy7es1f4 жыл бұрын
Канча уксам да кайталап угуудан тажабайм.Улуу энелерге арналган Улуу акындын Улуу чыгармасы
@tixsjxjc81213 жыл бұрын
Сонун жазылган. Ишинизге ийгилик!!!
@user-nq7sd2gm2l2 жыл бұрын
Азаматсыз
@rahatjumalieva46844 жыл бұрын
Же соонун поезия
@ayzadanurmamatova14135 жыл бұрын
Сонун
@user-fz5zc5hl1b4 жыл бұрын
Ассалам алекум Бердибек апамдын 60'-жылдыка тойго чыкырганына абдан сыймыктанам.
@user-gz6zn2yq8x6 жыл бұрын
ме сага талант
@user-el8ph8lc2w3 жыл бұрын
Апа апа апам менин сагындым сени
@user-db5uw9zk6m3 жыл бұрын
👍👍👍😍😍😍
@alit_a63874 жыл бұрын
☺️👍👍
@user-we7ne1dz7o6 жыл бұрын
🖒🖒🖒🖒✍
@user-yq4to4yl3f3 жыл бұрын
Эч качан энелер оорубасын
@user-pz6hh6hp7k4 жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍
@user-sf7oi5vd8w3 жыл бұрын
👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍👍
@___82825 жыл бұрын
Эхх 😐
@user-xp3rf3tg4e2 жыл бұрын
Мен апамды жоготкомун апамды сагынып саргайып ыйлап алдым