Рет қаралды 15,799
Бишкектеги өткөн апта соңундагы башаламандыктардан кийин чет жерлик студенттер өлкөдөн чыгып кетүүдө. Ал тапта бир нече тигүү цехи чет өлкөдөн келип иштеп жаткан жумушчулары да чыгып кетип, иш токтоп калганын айтып чыкты. Кыргызстандын тигүү тармагына соңку жылдары Пакистан, Индия жана Бангладештен жумушчулар көп келе баштаган эле. Кыргызстандын жеңил өнөр жайындагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өткөн жылы 62% өскөнү кабарланган. Ошол эле маалда чет элдик жумушчулар үчүн квотаны көбөйтүү, мыйзамсыз миграцияны токтотуу боюнча да талкуулар жүрүп, бул тармакка жумушчулар жетпей жатканы айтылып жүргөн.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram - / azattyk.kg
/ azattykmedia
Фейсбук - / azattyk.org
/ azattyk
Ютуб -www.youtube.co....
Телеграм - t.me/Azattyk_r...
t.me/azattykrus