Бишкек ШИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун 45 жылдыгы белгиленди

  Рет қаралды 597

МВД КР

МВД КР

Күн бұрын

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында, Бишкек ШИИББнын Милициянын кайгуул-күзөт кызмат полкунун 45 жылдыгы жана Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кесиптик майрамы белгиленди
1979- жылы 3-июлда, Кыргыз ССРинин ички иштер министри милициянын генерал-майору А. Габидулиндин буйругу менен Фрунзе шаарында милициянын кайгуул-күзөт кызмат батальону түзүлгөн. Түзүлгөн жылдар аралыгында, өлкөнүн турмушунда бир катар өзгөрүүлөрдү башынан кечирген , бирок ага карабастан Бишкек шаарынын көчөлөрүндө коомдук тартипти сактоону камсыздоо боюнча өз кызматын улантууда.
Милициянын кайгуул-күзөт кызмат батальону, алгачкы күндөрүнөн баштап, борбордун көчөлөрүндө жана коомдук жайларында коомдук тартипти камсыз кылууда жана кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө өзүнүн ишинин натыйжалуулугун көрсөтүп келет. Аталган кызматтын түзүлүшү, Фрунзе шаарынын көчөлөрүндө жана коомдук жайларында жасалган кылмыштардын саны азайышына мүмкүнчүлүк берген. Учурда, полктун курамы 501ге жакын, алар күн сайын коомдук тартипти сактоо үчүн чыгышат.
2019-жылы декабрь айында штаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу Милициянын кайгуул-күзөт кызмат Полку жоюлган.
2023-жылдын 31-майында, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен 501 штаттык бирдик менен Милициянын кайгуул-күзөт кызмат Полку түзүлгөн. Учурда, Милициянын кайгуул-күзөт кызмат Полку Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жарандардын коопсуздугун, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча кызматтык милдеттерин толук кандуу аткарып келет. Ошону менен бирге, туристтик мезгилде дагы бир катар алгылыктуу ишштерди жасашат.
Ушуга байланыштуу, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын алдында Милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун түзүлгөндүгүнүн 45 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп, анда Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Азамат Токтоналиев жана Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт, жол инфраструктурасы жана санариптештирүү маселелери боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев, борбордук милициянын башчысынын орун басарлары, Бишкек шаарынын ИИББнын Милициянын кайгуул күзөт кызмат полкунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы кызматкери полковник Таалай Бузубаев, ардагерлер жана кызматтын өздүк курамы катышты.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт, жол инфраструктурасы жана санариптештирүү боюнча орун басары Жамалбек Ырсалиев кесиптик майрамы менен куттуктап, 10 автобустун ачкычын тапшырды.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы боюнча Милициянын кайгуул күзөт башкармалыгынын кесиптик майрамы менен куттуктап, ардак грамота жана ыраазычылык каттары тапшырылды.
Белгилей кетсек, учурда өздүк курамдын саны 400дөн ашык милиция кызматкерин түзүп, алар коомдук тартипти сактоо, борбор калаанын жарандарынын жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча күнү-түнү кызмат көрсөтүүдө.
Иш-чара, салтанаттуу жүрүш менен жыйынтыкталды
Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы

Пікірлер
Please Help This Poor Boy 🙏
00:40
Alan Chikin Chow
Рет қаралды 23 МЛН
Inside Out 2: ENVY & DISGUST STOLE JOY's DRINKS!!
00:32
AnythingAlexia
Рет қаралды 13 МЛН
ДЕНЬ УЧИТЕЛЯ В ШКОЛЕ
01:00
SIDELNIKOVVV
Рет қаралды 3,1 МЛН
Help Me Celebrate! 😍🙏
00:35
Alan Chikin Chow
Рет қаралды 58 МЛН
ФОКУСНИК ДАНИЭЛЬ САТАРОВ АДАМДЫН ОЮН ОКУЙБУ?
28:13
16 жылга кесилген апа Кыргызстанда
53:30
Жылдыз Тайм
Рет қаралды 83 М.
“Балбан Таймаштын” талашка түшкөн жерлери!
19:11
Стоп Беспредел
Рет қаралды 48 М.
Please Help This Poor Boy 🙏
00:40
Alan Chikin Chow
Рет қаралды 23 МЛН