Рет қаралды 279
Бишкекке белгилүү ырчы, популярдуу нашид аткаруучусу Мохаммад Юсуф келди. Ал өзүнүн дүйнөлүк турнесинде биринчи жолу Кыргызстанга келип олтурат. Иш-чара коммерциялык максатты көздөгөн жок. Концертке кирүү акысыз болду. Мохаммад Юсуфту “Аль-Умма” кайрымдуулук фонду мусулмандар үчүн ыйык Айт майрамына карата чакырган. Борбор калаанын калкы жана коноктору үчүн жагымдуу жана майрамдык маанай “Ынтымак-2” паркында кечкисин уюштурулду.
Айт майрамынын 3-күнүндө уюштурулган иш чара балдарга арналган турдүү көңүл ачуу программалар менен коштолду.