Рет қаралды 128
26-апрель күнү Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебине "Мектептер 2030" долбоорунун алкагында аткарлган иштерге күбө болуу максатында Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматчысынын жетекчиси Гүлмира Үмөталиева, "Ага-Хан" фондунун билим берүү программасынын менеджери Назира Жолдошбекова, эксперт-консультант Ильмира Шерматова, журналисттер жана башка коноктор келишти.
Аталган мектепте быйылкы окуу жылында "Мектептер 2030 " долбоорунун негизинде аткарылып жаткан иш аракеттери - бул мектепте "Aqua club" дизайн командасынын сууну сарамжалдуу пайдалануу максатында "Тамчылатып сугаруу" иши презентацияланды.