Кыргыз тили кантип орусташкан?

  Рет қаралды 9,507

Elsozduk

Elsozduk

Күн бұрын

Пікірлер: 306
@АбдыкадырЭркинбаев-Т
@АбдыкадырЭркинбаев-Т 15 күн бұрын
Түштүктүктөр "майли" десе күлөбүз, а бирок хорошо дегенге сүйүнөбүз. Эң туура маңкурт болуп калдык. Бул чындык. Дагы 20-30 жылда тилибиз жоголоруна жакындадык. Памирлик жана кытайлык кыргыздар сүйлөсө мазактайбыз. Алар бизде унутулган көп сөздөрдү кошуп сүйлөйт
@НурланНурлан-ф2р
@НурланНурлан-ф2р 13 күн бұрын
Негизи орустар тантык келет...анан громатный быз дешет
@Ton_Yokuk
@Ton_Yokuk 13 күн бұрын
Тактап айтып коёюн. Түштүктө эч качан майли деп айткан эмес. Туурасы мәйли деп айтышат. Ә фонемасын кыргыз тилинен алып салуу бул дагы бир катачылык болгон. Бизге тиешеси жок ф, х, ц, в фонемаларын кошуп алышып биздин элибиздин 50% пайдаланган Ә фонемасын алып ташташкан.
@redmun972
@redmun972 13 күн бұрын
​@@Ton_YokukАл тамга казак Жана татар бир туугандарда кездешет. Бизге караганда казак бир туугандар эне тили учун катуу курошкон. Союз кучундо турган кезде дагы.
@Nokio.1
@Nokio.1 13 күн бұрын
Ошол силер аркалыктар орустар менен озунордун тилинерге адабий деген статус берип туштук создорду маргиналдаштырганга аракет кылгансынар. Ошондуктар кыргыз тили создорго кембагал, создору азырак келет. Эгер бут аймактын создорун бириксе абдан бай тил болмок
@Nokio.1
@Nokio.1 13 күн бұрын
@@Ton_YokukЭчкачан дебей озундун айылына гана суйлой аласын. Кыргызда ичкиликтер майли деп суйлошот, уруу урууудан карап суйлогон создору айырмаланышат. Ош облусунда бир аймакта жайлашкан элдин создору айырмаланышат уруусуна карап, биринде майли, эде деп суйлосо конушулардын тили аркалыктарга жакынырак болгон тилде суйлошот
@МээримИмашкызы
@МээримИмашкызы 15 күн бұрын
Орус тилинин туткундугунан кутулуп, нукура кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн ушундай баяндамалардын кыргыз жаштары үчүн мааниси терең. Ишиңиздерге ийгилик! Кийинки баяндамаларды күтөбүз.
@ЧолпонИзмаилова
@ЧолпонИзмаилова 15 күн бұрын
Мыкты баяндама болуптур!!!
@liraaskar6188
@liraaskar6188 15 күн бұрын
Кыргыздар үчүн абдан пайдалуу маалыматтар экен, ишиңерге ийгилик каалайм!
@ulanusupov6490
@ulanusupov6490 15 күн бұрын
Эң сонун маалыматтар берилиптир. Сыртбай агай менен Мукарам эжеге терең ыраазычылык билдирем. Алфавитке жараша орфография, орфографияга жараша сабаттуулук! Андыктан, өзгөрө турган, өзгөртө турган учур келди. "Сингармонизм/үндөштүк закону түркий элдердин ичинде кыргыз эли эң байыркы эл экенин далилдеген эң негизги өзгөчөлүк" деп белгилешет түрколог илимпоздор. Уландысын чыдамсыздык менен күтөбүз. Ийгилик каалаймын, Чоробек мырза! Бар болуңуз!
@aichurokaichurok7428
@aichurokaichurok7428 10 күн бұрын
Абдан жакшы саамалык, изилдөөңүзгө ийгилик каалайм!
@GulyashaOrozalieva
@GulyashaOrozalieva 15 күн бұрын
Тура соз Кыргыз Тилди жоготпошубуз керек
@aelmurat
@aelmurat 14 күн бұрын
Азыркы кыргыздарга, дегеле борбор азиялыктарга, керектүү материал. Аң сезимди колониалдык кишенден чыгарууга салым кошо турган берүү болуптур. Ийгилик жана кийинки бөлүмдөрүн күтөбүз 🙌🏻
@tearet741
@tearet741 14 күн бұрын
Чыгарбай эле кайта кирип атабызго
@kgbi9862
@kgbi9862 14 күн бұрын
Мага өтө жакты азаматтар уучүбүз куру эмес экен өмүрүң өргө береке ишиңерге ийгилик. Силерден суранаарым азыркы замандын талабындагы технологияларды колдонгон учурда котормолор го эски КЫРГЫЗЧАСЫН киргизгенге салым кошкулачы туугандар. Сураныч реквизиттердин номерлерин чыгарып койгула, каалоочулар тыйындан топтосок деле сом болот тилибизге салым болсун ❤
@КызгалдакКуруш
@КызгалдакКуруш 14 күн бұрын
Туура айтасыз Бир тууган,орусс бизди талкалаган,дагын,олоалбай жатып оруссча суйлоп сыймыктанабыз,тооба,
@aigul6640
@aigul6640 15 күн бұрын
Тилибиздин тарыхы боюнча абдан кызыктуу тушундурмо. Кылдат изилдоонуз учун чон рахмат. Уландысын кутобуз!
@kulubekabdiev3684
@kulubekabdiev3684 15 күн бұрын
Кытайлык кыргыздар орус сөздөрүн кошпой таза сүйлөшөт.
@ВечныйСтранник-х7ш
@ВечныйСтранник-х7ш 14 күн бұрын
Макоо. Кытайлык эмес Кызыл суулук
@Dyikanov_Abdimanap
@Dyikanov_Abdimanap 11 күн бұрын
Урматтуу автор! Сизге терең ыраазычылыгымды билдиремин. Айткандарыңызда калет жок, элибизди деколонизациялоону баштаганыңыз мактоо татыктуу. Чылпак баскан көзүбүздү тазаладыңыз. Дагы ушундай өткөндөн калган балык иштерди ашкерелеп, тарыхты тактай беришиңизди каалаймын. Кудайым кылып аткан ишиңизде өзү жар болсун.
@esenturbekishov
@esenturbekishov 12 күн бұрын
Ассаламу алейкум. Ошондогу орус саясаты бүгүнкү күнгө чейин таасирин тийгизип келет. Элди бөлүп-жарып жада калса тилибизге чейин киришкен. Бизди үчүнчү сорттогу адам көрүп, башка чаап башкарып жалаң гана мал кайтарткысы келген. Ушунун баарына өзүбүз күнөөлүбүз. Өз тилибиздин, өз маданиятыбыздын душманы болдук. Ошондогу улут үчүн чыркырап күйгөн Касым Тыныстановдун бир дагы эмгеги Кыргыздын азыркы урпагынан кайткан жок - дагы деле Орустар чийген чийинден чыгалбай келебиз. Анткени биз тилибиздин саткыны, өз тилибизге өзүбүз кара санаган манкурт болдук. Буга далил эртең эле Бишкектин борборун айланып басып көргүлөчү, тилдин абалы мышык ыйлай турган абалда.
@АдилетТемирбекуулу-ш6ж
@АдилетТемирбекуулу-ш6ж 12 күн бұрын
Кыңыр иш кырк жылда билинет дегендей чындык баарыбир ачылат. Бул маекти уккан соң, көөдөн чыркырап, кудукта күн өткөргөн балыктай сездим өзүмдү. Ишиңерге ийгилик!
@Rysbek-xi6ql
@Rysbek-xi6ql 3 күн бұрын
Ишиниздерге ийгилик оомад берсин Аллаhым колдосун 🤲🇰🇬
@СейиткасымАйтибаев
@СейиткасымАйтибаев 15 күн бұрын
Айабай жакщы байан болуптур.
@IMkg-q6s
@IMkg-q6s 6 күн бұрын
Акырыкы заманда ар ким озу каалагандай суйлойт биз мамлекти кучтондрушубуз керек
@arzymamatov
@arzymamatov 13 күн бұрын
Баштаган иштериниздерге ийгилик!!! Ушинтип Кыргыз тилин жайылтышыбыз керек!!!
@supataeva
@supataeva 13 күн бұрын
Азыркы учурдун эн маанилуу маеги болуптур. Колдойм 100 пайыз. Биз кыргыз эли оз тилибизду онуктурушубуз керек. Биз туура суйлой албай калсак дагы бизден кийинки урпактар туура суйлоп башташсын.
@КасиетБеккулова-д8ы
@КасиетБеккулова-д8ы 15 күн бұрын
Абдан туура,колдойм❤
@aibekofficial9826
@aibekofficial9826 9 күн бұрын
Билим берүү министирлигиндеги тириктерден тазалаш керек. Орустарга сатылып, тилибизди өнүктүрүүгө бут тосуп жатышат.
@ФаридаЧониева-ш4м
@ФаридаЧониева-ш4м 14 күн бұрын
Ушул сиздер айтып жаткан проблема,көбүнесе бизде кыргыздарда болуп жатат да. Жакынкы коңушу өлкөлөрдө өз тилдеринин көркүн чыгарып, кайсы улут менен сүйлөшсө да өз тилинде жеткире ойлорун түшүндүрүп,керек болсо сизди дагы ошол өзүнүн тилинде суроо берүүгө түрткөндөй таризде аракет кылышат. Өздүк эне тилинин баалуу экендигин баса көрсөтүшөт!
@KutSagynbekov
@KutSagynbekov 14 күн бұрын
Улут катары , мамилекет катары тилди жөнгө салыш керек.
@ОлжобайТашполотов
@ОлжобайТашполотов 14 күн бұрын
Азаматсыз! Кийинки чыгарылыштарын чыдамсыздык менен күтүп калабыз.
@Akylbek89
@Akylbek89 11 күн бұрын
Сизге чоон рахмаат Чоробек мырза ,Кыргыз тилине болгон салымыңыз үчүн.
@aselasuaselasu8071
@aselasuaselasu8071 11 күн бұрын
Ээн туура айтасыз ,тилин жоголсо элин ,мамлекетин жоголот
@manasshukuraliev5735
@manasshukuraliev5735 12 күн бұрын
Эне тилимди сүйөм! Кыргыз тилинде сүйлөйм!
@kanatkgz
@kanatkgz 11 күн бұрын
Ишиңерге ийгилик, кыргыз тилинин өңү ачыла берсин.
@Ton_Yokuk
@Ton_Yokuk 13 күн бұрын
Жаңы серияларын күтөм. Бир дем менен көрдүм мен күткөн материал болуптур
@ermekhan.izmailovaizmailov24
@ermekhan.izmailovaizmailov24 15 күн бұрын
Жакшы 👍👍
@Ринат-э2п
@Ринат-э2п 11 күн бұрын
Эркекче сөз болуптур!
@ГульмираТоктобайкызы
@ГульмираТоктобайкызы 13 күн бұрын
Агай, өмүрүңүз узун, берекелүү болсун, ишиңизге ийгилик!
@ВенераКалдыбаева-ф6ф
@ВенераКалдыбаева-ф6ф 13 күн бұрын
Диалект сөздөрдү жээригенди токтотушубуз керек! Кыргыз тилин жакырлантып, кең лексиконду тарытып жатабыз😢
@Френк_12
@Френк_12 5 күн бұрын
Каяктык болсоңуз да эң туура айттыңыз! Түштүк диалектисин шылдыңдаганды токтотуш керек! 💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋💋 Өмүрүңүз узун болсун!
@ЖыргалбекКасаболотов
@ЖыргалбекКасаболотов 15 күн бұрын
Менимче эгер кириллицадан баш тарта турган болсок латын тамгасына эмес, байыркы кыргыз жазуусуна өтүшүбүз керек. Заманга ылайыктап чыгыш кыйын эмес. Ошол Орхон Энесай жазуусу гана чыныгы өзүбүздүн жазуу болуп саналат. Ал эми жазууну оозеки кепке толугу менен баш ийдириш керек.
@БайзакАсылбекуулу-р4й
@БайзакАсылбекуулу-р4й 15 күн бұрын
Мыкты!
@НурланНурлан-ф2р
@НурланНурлан-ф2р 13 күн бұрын
Өркүндөй берсин Кыргыз тили....😊
@Гульнара-и7ф4э
@Гульнара-и7ф4э 11 күн бұрын
@@НурланНурлан-ф2р Чтобы кыргыз тил процветал надо на отлично учить учителей кыргызского языка.Ушул кыргыз тил мугалимдер такыр окутшпайт балдарды.Ойдум баары кантип чай ичсек болот деп.
@Асад-в9с
@Асад-в9с 10 күн бұрын
Мына сен грамотно экенсиң, орусча -кыргызча кылып жакшы түшүндүрдүң, каша кылып @@Гульнара-и7ф4э
@kulubekabdiev3684
@kulubekabdiev3684 15 күн бұрын
Касым Тыныстановдун эмгектерин чыгарыш керек. Бул байкебиз кыргыз тилин таза сүйлөбөй орусча сөздү көп кошуп сүйлөйт экен.
@Gymnastics715
@Gymnastics715 13 күн бұрын
Баракелде, Чоробек мырза!!!!
@barbolkanatbekov2824
@barbolkanatbekov2824 13 күн бұрын
Эң туура маселелер айтылыптыр ❤
@DoolatbekNazarbekov
@DoolatbekNazarbekov 12 күн бұрын
Айрыкча түндүктүк туугандар орусташып кетишти, кыргыз тили айылдарды кеңири колдонулат азыр,Оштуктар м-н Баткендиктерди маскарлабай түндүктүк туугандар кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылгыла бир туугандарым.👌😊🤝
@AnaraAbdyldaeva-r4g
@AnaraAbdyldaeva-r4g 12 күн бұрын
Түндүктө айылдарда так сүйлөшөт кыргызча, Бишкек жана шаарга жакын жерлер орусчага басым болуп калышкан.
@abdisalisatiev5224
@abdisalisatiev5224 7 күн бұрын
Өтө сонун ушул демилгени которуп мурдагы тамгага кайтууну которушунуздорду сурайт элем
@aimgul175
@aimgul175 15 күн бұрын
Сингармонизм боюнча patinka ( ботинки) болмок турбайбы. Тилдин тарыхы да аябай кызык экен. Рахмат!!!
@steel-broslifestyle4525
@steel-broslifestyle4525 14 күн бұрын
Батинке же патинке болмок
@ТилекСайдуллаев
@ТилекСайдуллаев 11 күн бұрын
Түштүктө патинка деп эле айтат элек​@@steel-broslifestyle4525
@МырзаСапар
@МырзаСапар 14 күн бұрын
Менин көөдөнүмдү өйүгөн маселе эле…!!! Ишиңерге ийгилик!!!
@basqaca
@basqaca 12 күн бұрын
Ото сонун
@nurdina633
@nurdina633 14 күн бұрын
Алга Кыргызстан
@samatbaltabaev6353
@samatbaltabaev6353 14 күн бұрын
Ассаломалейкум бир туугандар. Абдан жакшы чыгарылыш болуптур. Ишиңизге ийгилик.
@Abdulla-v7u
@Abdulla-v7u 14 күн бұрын
Орус тилин конституциядан алыш керек. Орус бийлиги буга ачык эле каршы болуп атпайбы. Эркин мамлекет болуш учун конституциядан орус тилин алалы манкурт болбой
@steel-broslifestyle4525
@steel-broslifestyle4525 14 күн бұрын
Баракелде! Мыкты контент болуптур👍
@KanybekKadyrkulov-k4e
@KanybekKadyrkulov-k4e 14 күн бұрын
Туура дөкөбүр эле туура мага ушундай айткан жеңил болуп жатат
@Jibek-969
@Jibek-969 13 күн бұрын
Декабрь- Кыргызча ай аттары боюнча карасак “Бештин айы” болот. “Жалган куран ,чын куран үчтүн айы,бирдин айы”дегендер Кыргызча ай аттарынын аталышы болот.
@nonstop-x9z
@nonstop-x9z 9 күн бұрын
Ошондо болунбойбуз
@KutSagynbekov
@KutSagynbekov 14 күн бұрын
Кыргыз тили сүйлөнбөй калды. Бокбай чотпай сөздөрдү эле кичине колдонобуз.
@КайратбекЖыргалбекуулу
@КайратбекЖыргалбекуулу 9 күн бұрын
Эң сонун, мыкты чыгарылыш. Өркүндөй берсин кыргыз тили.
@montag4375
@montag4375 6 күн бұрын
Бул ишиңиздерди уланта бериңиздер!👏🏻
@TuksShmuks
@TuksShmuks 4 күн бұрын
Өтө мыкты!
@НурбилимЖурнал
@НурбилимЖурнал 14 күн бұрын
Берүү сонун болуптур. Жаштарга ушуну айтыш керек экен.
@Эрмек-е3л
@Эрмек-е3л 12 күн бұрын
Кыргыз тили брент болот!❤
@Ринат-э2п
@Ринат-э2п 11 күн бұрын
Многу аксакал азамат экен! ❤
@АСХАТ-ь7я
@АСХАТ-ь7я 6 күн бұрын
Керек тил онугот
@dastanturatbek6038
@dastanturatbek6038 12 күн бұрын
Сонун чыгарылыш болуптур. Жакшы изилдениптир. Эмгегиңизге рахмат!
@БиримкулТурпанбеков
@БиримкулТурпанбеков 14 күн бұрын
Эң мыкты
@ЖумабекЖумабек-х5ж
@ЖумабекЖумабек-х5ж 7 күн бұрын
❤❤❤❤❤🎉🎉🎉АЛГА,Кыргызым
@Dyikanov_Abdimanap
@Dyikanov_Abdimanap 11 күн бұрын
Сизге сунуш, банк эсебиңизди калтырып койсоңуз. Бир аз болсо да сизге колдоо көрсөтүп турсак.
@БрюсУэйн-у8к
@БрюсУэйн-у8к 14 күн бұрын
Азыркы маңкурттар муну түшүнбөйт. Орускулдар
@muslim.kg.286
@muslim.kg.286 7 күн бұрын
Ишиңерге ийгилик алга
@ИванИванович-щ4б
@ИванИванович-щ4б 14 күн бұрын
Кыргыз тилинин тазалыгын сактайлы
@Френк_12
@Френк_12 5 күн бұрын
Атаңдын башы! Сен фамилия аты жөнүңдү өзгөрт! Иван атаңды унуткун! Андан кийин элге акыл үйрөт!
@ИванИванович-щ4б
@ИванИванович-щ4б 5 күн бұрын
@Френк_12 өз деңгээлин билинип турат, үңкүрдөе жаңы чыккан окшойсуң
@СаламатАбдылдаев
@СаламатАбдылдаев 2 күн бұрын
Мыкты
@kgbasmach
@kgbasmach 14 күн бұрын
Колониялдык аң сезимден куттула албай калдык деп кетти Мукарам эжебиз. Бирок ошол эле мезгилде башка СССР ге кирген республикаларда андай маселелер жок эсеби. Мисалы Грузия, Азербайжан, Армения, Прибалтика өлкөлөрүндө өз алфаттерин колдонуп, орусташпай эле жашап келиштиго. Демек маселе орустарда эмес. Россия анан СССРдин курамына киргенде кыргыздын ошол этаптагы болгон деңгээли деп ойлоймун.
@ulanbek808
@ulanbek808 13 күн бұрын
KYRGYZ ALGA! 🇰🇬
@Ilyaztok
@Ilyaztok 8 күн бұрын
Тилдин орчушу билим министрлиги жана мектепте мугалимдерден коз каранды!
@Seuol875
@Seuol875 15 күн бұрын
👍👍👍👍
@Турарбек-ь6ц
@Турарбек-ь6ц 13 күн бұрын
Тез тез чыгып тур туура жакшы иш онололу
@zmalqpzmalqpzmalqp
@zmalqpzmalqpzmalqp 8 күн бұрын
Француз, англис, орус тилдеринде жазылыштары башка, айтылыштары башка создор өтө көп, бирок Курандын тили болгон араб тилинде андай нерсе жок. Ошол үчүн Аллах Таала Куранда биз Куранды жеңил кылдык, дагы бир аятта араб тилинде түшүрдүк деп айтылат. Араб тили эн оной, так, түшүнүктүү, өтө бай тил. Биздин ата бабаларыбыз дээрлик оң кылым башкача айтканда мин жыл араб арибинде жазып , окуп келишкен. Орус баскынчылары келип , кыргын кылганга чейин. Кытайлык кыргыздар бүгүнкү күнгө чейин араб арибин колдонуп келишет. Канчалаган аалымдардын, молдо бабаларыбыздын эмгектери ушул араб арибинде жазылган эмгектери бүгүнкү күндо турат сакталып. Биз мусулман болдук , бирок араб болуп кетпедик он кылым, бирок жетимиш жылда орусташып кеттик 😢
@sapartmedia8994
@sapartmedia8994 14 күн бұрын
1937-1938-жж. Ата-балаларыбыз менен кошо кыргыз тили дагы атылып кеткен экен.
@KULPUNAI-b5t
@KULPUNAI-b5t 10 күн бұрын
Бизде диалект деген балекет тушунук пайда болду кыргыз тилин жакшылап окутуш керек
@ИванИванович-щ4б
@ИванИванович-щ4б 14 күн бұрын
👍👍👍 катталдым
@ЖакшылыкЖумабеков-д5о
@ЖакшылыкЖумабеков-д5о 12 күн бұрын
Укмуш соонун чыгарыпсыз
@stiveyserman1426
@stiveyserman1426 14 күн бұрын
Жакшы, бирок бул просести качан баштайбыз ? Bashtoochu mezgil keldi .
@Элсөздүк
@Элсөздүк 14 күн бұрын
Ушунун өзү деле башталышы го...
@Ncat_tengri-karakychkach
@Ncat_tengri-karakychkach 12 күн бұрын
Maga dagi kizik bolup atat
@Ncat_tengri-karakychkach
@Ncat_tengri-karakychkach 12 күн бұрын
Elsozduk, eğer siz baykasañiz. Anda kanday özgörüülördü baykadıñız?
@ХамзаШамилуулу
@ХамзаШамилуулу 9 күн бұрын
28:50 эң туура айтты
@88Kl514
@88Kl514 14 күн бұрын
Азыр деле кытайлык кыргыздар араб-уйгур тил менен жазып колдонуп эне тилин жакшы сакташты, балким ошол жакта колдогон эрежелер менен Тыныстановдын китебин колдонуп жаңы жаратса болбойбу?
@yrysbeksuyorkuluulu
@yrysbeksuyorkuluulu 14 күн бұрын
Орус тилине негизи бойкот кылыш керек
@МыктыбекЕшмаматович
@МыктыбекЕшмаматович 12 күн бұрын
Ишиңерге ийгилик!!! Ойлонолу Кыргыз эли !!! Эртен атың кии десе лаяк гугу какаку пак гук деп жүрбөйлү!
@sulisultanbaytairov7101
@sulisultanbaytairov7101 13 күн бұрын
Патинке , мака,думбул гангирбаш, пасилка ,памилдари,..ж.б коп созду Баткенден табасынар.
@muslim.kg.286
@muslim.kg.286 7 күн бұрын
Рахмат
@Джантайхан
@Джантайхан 14 күн бұрын
Илгерки тамгаларды киргизиш керек
@steel-broslifestyle4525
@steel-broslifestyle4525 14 күн бұрын
Сингармонизм - үндүүлөрдүн ээрчишүү мыйзамы.
@AalyOrok
@AalyOrok 9 күн бұрын
Кыргыздын башындагы орус кийгизген " ширини " алмайын оңолбойбуз! Кыргыздар көпчүлүгүбүз манкуртбуз! Азыркы реалдуулук ушундай!
@НурбилимЖурнал
@НурбилимЖурнал 14 күн бұрын
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мурунку ректору, профессор Аширалиев агайдын эмгектеринде ё, ю, я, е тамагалары колдонулбайт. Ушу агайдан да интервью алсанар көп маалыматтарды айтмак. Агай өзү техника илимдеринин доктору. Бирок, кыргыз тилин, санжыраны, ж.б. маалыматтарды мыкты билген агай.
@basqaca
@basqaca 12 күн бұрын
Менден жазылуу, актив жана комментарийлер, сизден болсо сапаттуу контент!
@imanhdjaev
@imanhdjaev 12 күн бұрын
Орустар ошо жарып жоготуу максаты мн дээрлик маданий жана адабий тилибизди бөлүп бир топ нерсесин жокко чыгарышты. Айланып орустарды урар.
@kg-xv6ke
@kg-xv6ke 14 күн бұрын
33 жылда оңдой албаган айып өзүбүздүн атка минерлерде. Мисалы менин да атамдын аты орусча жазылып калган аны туурулайын десең өлгөн атаң тирилип келиш керек экен. Ушул кантип болсун 😢 Эми менин паспортума карап балдарымдын фамилиясы орустун жазган аты менен баратат.
@Элсөздүк
@Элсөздүк 14 күн бұрын
☹️
@kg-xv6ke
@kg-xv6ke 14 күн бұрын
@@Элсөздүк ушул маселени аягына чейин көтөрүп С. Жапаровго жеткизсеңиз жакшы болот эле. Жаңылбасам кечээ жакында эле 17-декабрда мыйзам кабыл алышыптыр "теги" "дан"дын" деген фамилия жаздырса болот деп. Мисалга; Дүйшөнов Нурсултан Акматович- болсо. "Дүйшөнтеги Нурсултан Акматтын" Кыз бала болсо "Акматтан". Бул жакшы нерсе ошого кошо орусча жазылган аттарды да оңдоп алууга мүмкүндүк кылып берсе сонун болмок.
@sulisultanbaytairov7101
@sulisultanbaytairov7101 13 күн бұрын
Узбектер туура кылды ,...анкоо эле биз .
@oskar9239
@oskar9239 9 күн бұрын
Баары нерсе үй - бүлөнүн ичинен башталат. Өзүбүз эне - тилибизге басым жасабайбыз. Чүйдө чоң ата, чоң энелерибиз бала бакырасына, небере-чөбөрөсүнө орус тилинде аңгемелешет, өтө аянычтуу. Себебин сурасаң баарынан бир эле себеп, советтик союз күнөөлүү деп айтышат.
@USTA.TAILOR
@USTA.TAILOR 10 күн бұрын
👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻👍🏻❤️❤️❤️❤️❤️❤️❤️
@user-uk4bk6hr000
@user-uk4bk6hr000 14 күн бұрын
Бизде коп эски аттар бурмаланган . Бүбүсара-Бибисара, Бубусара, Өмүр-Омур, Умер болуп. Орозгелдиев-Уразгельдяев болуп.
@kg-xv6ke
@kg-xv6ke 14 күн бұрын
Тилибизге каршы саясат баштала элек учурда аталарыбыз сонун эле сүйлөшкөн. Мисалы орусча сөздөрдү "Мөскөө, Иленин, Ысталин, Пурунзе, керебет, чиркөө, купайке, семент, аптабагзал, пойуз, аптобуз, байтоо, Баргана, (Фергана). Айта берсек көп сөз. Эң өкүнүчтүүсү азыр ушул сөздөрдү колдонсоң сени сабатсыз, караңгы адам катары көрүп мурдун чүйрүшөт. Мына бул манкурттук эмей эмине!?
@zmalqpzmalqpzmalqp
@zmalqpzmalqpzmalqp 8 күн бұрын
Бишкекте он адамдын тогузу орусча сүйлөшөт тилекке каршы. Бары балдарын орус тилдүү класстарга берип жатышат. Кыргыз мектептерге караганда орус мектептери көптүк кылат борборубузда. Орусча бала бакчалар андан көп. Анан кайдан кыргыз тилибиз өнүксүн, бизден кийинки муун орус тилдүү болушуп жатышса андан кийинки муун кыргыз тили деген болуптур деп калышпаса эле болду
@Bakytbaikachkaev
@Bakytbaikachkaev 14 күн бұрын
Кыргыз тилинин ынгайын жоготпош керек ,ё ,ю,я, в,х ,ь,ъ деген тамгалар жок болчу ,Москва -Маскоо ,аюу -айу ,самовар-самоор .Якут сахалар орус тилинен келген создорду озулорунун ынгайы менен жазышкан .....
@basqaca
@basqaca 12 күн бұрын
Өтө жакшы инициатива! Кантип миң лайк басса болот?
@Элсөздүк
@Элсөздүк 11 күн бұрын
Миң бөлүшсөңүз 10 000 лайк болот! Бөлүшүп койуңуз! Алкыш!
@kerege.podcast848
@kerege.podcast848 6 күн бұрын
Миң жолу болүшсөңүз 1000 лайк чогулат болуш керек.
@Ncat_tengri-karakychkach
@Ncat_tengri-karakychkach 12 күн бұрын
Бул проэктини колдоо керек
@saraikramova872
@saraikramova872 13 күн бұрын
👍👍👍
@kgbasmach
@kgbasmach 14 күн бұрын
Андан тышкары мисалы Мамат же Мамбет дебей Мухаммед, Аалы эмес Али деп жазып калды азыркы мезгилде. Ошого көз караштары кандай экен биздин тил окумуштуулардын?
КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНЫН АТАСЫ - ОСМАНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ
31:52
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Рет қаралды 30 М.
It works #beatbox #tiktok
00:34
BeatboxJCOP
Рет қаралды 41 МЛН
Түркистанбы же Орто Азиябы?
13:26
ТЕЛЕСКОП КАНАЛЫ
Рет қаралды 56 М.
It works #beatbox #tiktok
00:34
BeatboxJCOP
Рет қаралды 41 МЛН