Рет қаралды 16,070
Көп сандаган ок атуучу жана жардыруучу кууралдарды мыйзамсыз сактаганы үчүн балмуздак чыгарган "Үмүт и Ко" ЖЧКсынын ээси, 1970-жылы туулган А.Ж.Т. кармалды. Бул тууралу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-августта билдирди.
Анын үйүн жана кабинетин тинтүү учурунда эбегейсиз көп куралдар жана октор, зоотолгон машина жана $540.000 накталай акча табылды.
Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча "Үмүт и Ко" ЖЧКсынын ээлери болуп бир туугандар Журат жана Кайрат Абдуллаевдер катталган.
Журат Абдуллаев УКМКнын абагына киргизилип, кылмыш иши козголду.
Тинтүү учурунда табылган куралдар:
- «БРДМ-2» (Бронотранспортер) атайын техникасы - 1 комплект;
- Калашникова пулемету (танка үчун) - 1 даана, бронетранспортерге орнотулган.
- АКСУ автоматы, номери №93882625;
- «Сайга» мылтыгы, номери №20890019 жана 7 бош магазини менен;
- «Вепрь» автоматы, номери №НИ9595 жана 12 бош магазини менен;
- «Сайга 12К» мылтыгы, номери А09486574 жана бош магазини менен;
- «Hatsan» пневматикалык мылтыгы, 4,5 калибрде;
- 12 калибрдеги мылтык;
- «Вепрь» мылтыгы №1276 ТО6458, 2 бош магазини менен;
- «Тигр» винтовкасы, номери ЛО7501281 оптикалык кароолу менен 6х42 №00602314;
- «Fabarm» мылтыгы, номери 9914596;
- Ф-1 гранатасы;
- «Форд» травматикалык тапанча, сериясы 17Р, номери В1045780 үч бош магазини менен;
- «Sony» планшети, «HP» ноутбугу;
- 7,62 калибрдеги патрондор - 196 даана;
- 5,45 калибрдеги патрондор - 423 даана.;
- 45 калибрдеги патрондор - 59 даана.;
- 5,45 калибрдеги патрондор - 21 даана;
- 12 калибрдеги патрондор - 120 даана;
- 9мм калибрдеги патрондор - 150 даана;
- чачма ок - 3 пачка;
- бронежилет - 1 даана;
- каска - 1 даана;
- кастет - 1 даана;
- «GloFeng» рациясы - 1 даана жана башкалар.