Рет қаралды 14,961
Богок бул-калкан безинин чоңоюп шишип кетүүсү. Богок оорусуна кабылган адамда, калкан безинин иштөө функциясы бузулуп, организмде гармоналдык бузулуу пайда болот. Аталган оору бир гана чыгармачыл адамдар гана эмес, бардык адамдардан кездештирүүгө болот. Анын себептери: Тукум куучулук, инфекция, психикалык оорулар, чарчоо, депрессия жана жыныс бездеринин функциясынын бузулуусу. Муну менен бирге убагында уктабай, туура тамактанбоо дагы богок оорусун пайда кылат. Богок оорусуна кабылган адамдарда: Эс тутуму начарлайт, чачы түшөт, салмак кошуп же тетирисинче арыктап, кебетеси кубара баштайт. Организмге йод жетишпегендиктен улам, тахикардия пайда болуп, колу титирейт.