Рет қаралды 1,104
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңги кылмыштардын алдын алуу боюнча бир айлык өткөрүүдө
26-июнда белгиленүүчү Баңгизаттарга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө арналган бир айлыктын алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында түнкү оюн-зоок жайларда ыкчам-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш - чаранын максаты коомдук жайларда болгон кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле түнкү оюн-зоок жайларында баңгизаттарды колдонуу фактыларын аныктоо. Түнкү оюн-зоок жайларынан тышкары, милиционерлер жаштар көп барган жерлерин жана ага жакын жайгашкан аймактарды текшерип чыгышты.
Милиция кызматкерлери тарабынан түнкү оюн-зоок жайлардын администрациясы менен профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, оюн-зоок жайынын аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу тартип бузууларга жол бербөө жөнүндө милдеттенме алынды. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы оюн-зоок жайларында баңги кылмыштарын алдын алуу боюнча иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турат.
ИИМдин БМЖККК