Рет қаралды 745
Бак-дарактар ар кандай ооруга чалдыгышы мүмкүн: бакка жуккан зыяндуу бактериялар суукка туруктуу, дарактын өзүндө, астындагы жерде дагы түшүп сакталат, анан бир нече жылдан кийин кайра жугушу мүмкүн. Ошондуктан көп таралган илдеттерди таанып, аны менен күрөшүүнү билүү зарыл.
Мөмө-жемиш бактарынын илдеттерин алдын алуу үчүн, эрте жазда, бүчүрлөр ачыла электе, дарактарга бордос суюктугун чачуу маанилүү. Бул видеосабакта Компаньон Банкынын айыл-чарба адиси Сагынбеков Азамат, бордос суюктугун даярдоо жолун көрсөтүп берет.