Рет қаралды 169,166
Мындан бир кылым мурун адамдар асманда учууну чоң жетишкендик катары санап келишкен эмеспи. Ал эми бүгүнкү күндө аба жолдору аркылуу дүйнөнүн бир аймагынан экинчи аймагына учуу кадыресе көрүнүш. Бир шаардан экинчи шаарга бир нече саатта жеткирген жөнөкөй бир аба каттамдын аркасында ондогон адамдар, опол тоойдой эмгек жасалаарын жөнөкөй жүргүнчү аңдабаса керек.
Учакты учуурууга ким даярдайт? Асмандагы учактардын коопсуздугун кантип көзөмөлдөп турушат? Аба майданындагы чымчыктарды дайыма үркүтүп тураарын билесизби? Тыккан, тап таза кийинген учактын ичиндеги сулуу кыздар кандай шартта иштешет? Аты-фамилясы айтылып, озу корунбогон учкучтар кимдер? Дегеле, жогоруда санап өткөн кызматтарга адистерди Кыргызстанда кайсы окуу жай даярдайт?