Рет қаралды 264
03.07.2024
БУУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ АНТОНИУ ГУТТЕРЕШ ӨКМдин ТАБИГЫЙ КЫРДААЛДАРДЫН АЛДЫН АЛУУ АРАКЕТТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Чолпон-Ата шаарында 2-июлда ӨК министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушту.
Башкы катчы шаардагы курулушу аяктаган “Жүдөмүш” каналынын аймагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов, БУУнун Кыргызстандагы Туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Өнүктүрүү
программасынын Туруктуу өкүлү Александра Соловьеванын коштоосунда Башкы катчы Гутерриш суу ташкынынан коргоо үчүн курулган селди буруучу каналды көрүп чыгышты. Башкы катчы Гутерриш жергиликтүү тургундар менен талкууга катышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР