СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ ЧООЧУН АЯЛ \ ЖАНЫ КЛИП \ 2021

  Рет қаралды 531,212

Diamond Studio

Diamond Studio

Күн бұрын

Сөзү Биримкул Алыбаевдики,
Обону Сыймык Бейшекеевдики
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы.
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Керемет келишимдүү, кээде шаңдуу,
Кер аяк кээде тагдыр опурталдуу.
Сыртынан сыр бербеген ушул аял,
Ичинен муң черткени аянычтуу.
Андайда эмне күнөө, эмне жазык,
Тааныштык кокусунан жай сурашып.
Эжеке, атыңыз ким мүмкүн болсо,
Калаарбыз да бир жерден учурашып.
Болуптур жигит шагың сындырбайын,
Анчалык сурап калдың атым Айым.
Түшүнгүң келип турса дагы терең,
Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым.
Ким менен шайтан басып тааныштым деп,
Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп,
Канчалык сыр бербейин деген менен,
Ал аял билип койду ушундай кеп.
Кете албай же жанынан же сөз чыкпай,
Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай.
Тумчугуп туталанып турганымда,
Баштады аял кебин мына мындай:
Жигит сен менден анча чочубагын,
Түшүнгүн түйүнүнө окуянын.
Сен мени жеңил ойлуу аял десең,
Ага да азырынча кошуламын.
Бар эле бир кошунам, зөөкүр жигит,
Үйүмө чала кызуу келди кирип.
Ал менин абийиримди төкмөк болду,
"Кана Айым, катын бол" деп, эшикти илип.
Бул акмак адамбы же айбанбы деп,
Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп.
Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп,
Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт.
Тер кетип, денем жалын, көзүм туман,
Тургунуң, тургун зөөкүр деп кыйкырам.
Же мага жардам берчү жан адам жок,
Мен аны колдон келсе жеген турам.
Кутулуп кучагынан эптеп жатып,
Кет үйдөн, кеткин дедим башым катып.
Ал акмак арсалаңдап жата берди,
Аюудай ичин кашып, төшүн кашып.
Ошондо акылымдан танып калдым,
Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым.
Бычакты ала коюп ашканадан,
Мына, деп как жүрөккө сайып калдым.
Ушундай бул окуя билгиң келсе,
Анан ал тиштенди да эрдин кесе,
Эркектер эмне мынча зөөкүрсүңөр?
Деп мага жалт карады сөөктү теше.
Камыгып мен өзүмчө канадым а,
Аялды ушунчалык аядым да,
Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп,
Көз жашын сүрткөнгө жарадым а.
Бир карын майды бузган бир кумалак,
Бүлдүргөн баарын мүлдө алиги акмак.
Аялга бүт эркекти жек көрсөтүү,
Өмүрдө ушул кордук, ушул азап.
Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң,
Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам.
Аял да терең ойдун кучагында,
Мен ага эми кантип кайрат айтам?
Тунжуроо, туталануу эселеди,
Жүрөгүм бир арманды жетеледи.
Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту,
Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди.
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы,
Ак көйнөк жашыл жоолук салынганы,
Муңайым көздөрүнөн турду окулуп,
Ал аял аруу жазды сагынганы.
Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы,
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы.

Пікірлер: 508
@user-co6fm8po8b
@user-co6fm8po8b 3 жыл бұрын
Кандай соонун ыр экен ,журогум сыздап кетти угуп алып рахмат сизге Сыймык 🥰😒жашоонун чындыгы
@elkaasaginbekova8468
@elkaasaginbekova8468 3 жыл бұрын
Мааниси терен журоко кирген ыр болуптур. Клип дагы мыкты тартылган . Рахмат сизге Сыймык Бейшекеев👍👏👏👏
@user-xw6xr6xl1c
@user-xw6xr6xl1c 3 жыл бұрын
Сыймык ишине ийгилик.Өмүрүн узун болсун.Эл журтуна кызматынды кыла бер,бактылуу бол бала бакыран менен,
@user-ek2zx9yy3v
@user-ek2zx9yy3v 3 жыл бұрын
22z22622wz2227s22z226s4zzz
@user-rw1mh3id4s
@user-rw1mh3id4s 2 жыл бұрын
Ошо роль ойногон актриса га ырахмат жеткире аткарыптыр 👍
@user-zm1on6rj8l
@user-zm1on6rj8l 2 жыл бұрын
Уц
@user-oi4mg9xo3b
@user-oi4mg9xo3b 2 жыл бұрын
Ак вщщщ3щцушкггкеннккпшэешэгге5ждеделе
@gco2075
@gco2075 3 жыл бұрын
Зөөкүр акмактарды өлүм гана токтотот. Жакшы тартылган клип болуптур. Сыймык Бейшекеев менен Назира Айтбекова, талантыңызга таазим.
@user-wd7pm8cr8p
@user-wd7pm8cr8p 3 жыл бұрын
Азаматсынар!!!
@user-vn1yz8lm9u
@user-vn1yz8lm9u 2 жыл бұрын
Кудайым, эч бир аял заты кордолбосунчу 😢😢😢
@user-tc4qu5ox6d
@user-tc4qu5ox6d 2 жыл бұрын
Жакшы кылган аялдарды кыйнаган еркектер олсун
@user-fn6kt6np6q
@user-fn6kt6np6q 2 жыл бұрын
@@user-wd7pm8cr8p60
@user-nu8fs9hx1w
@user-nu8fs9hx1w 3 жыл бұрын
Назирочка азаматсын, мыктылардын мыктысы болуп баратасын, коз тийбесин
@user-ik5qk6tp1z
@user-ik5qk6tp1z 3 жыл бұрын
Назира чыныгы актриса, кыргыздын чыгаан кызы деп айтсак болот.
@user-fd5vn9im8i
@user-fd5vn9im8i 3 жыл бұрын
Ырда клипта аябай маанилүү экен😭😭😭😭мен эч музыка угуп ыйлаган эмес элем
@user-xe4ox5tx3j
@user-xe4ox5tx3j 3 жыл бұрын
Ыйлабачы жаным 😀👍😘
@user-yi4rd3dp3h
@user-yi4rd3dp3h 3 жыл бұрын
Мен дегы 🥺
@user-pg6qm3xw8c
@user-pg6qm3xw8c 3 жыл бұрын
@@user-xe4ox5tx3j: 🙈🙈🙈🤣🤣🤣...
@bananaoreng6214
@bananaoreng6214 2 жыл бұрын
Менда ыйлагам биринчи укканда мен суйгон адам уксан деп сунуштады эле бир убакта 😢😢😢
@user-ri9re1gf6q
@user-ri9re1gf6q 3 жыл бұрын
Глобалдуу тема козголуптур бул ырда .Кыздарга коргонууну уйроткондун ордуна эркектерге тарбияны уйротуш керек.Ото коп катталып,канча кыздар зордуктоонун курмандагы болушууда.
@user-gr1uo3di6l
@user-gr1uo3di6l 3 жыл бұрын
Бир кучтуу такыба молдо аке айтканындай, бул дуйнодогу баардык ишке эркектер жоопкерчиликтуу деп, азыр эркек аты еле болбосо ото слабый болуп кетти 🤷‍♂️ окунучтуу отто🤦‍♂️
@user-yk1je1mk6x
@user-yk1je1mk6x 3 жыл бұрын
Талантын таазим инимОмурун узун болсун
@user-po5ix6uj6r
@user-po5ix6uj6r 3 жыл бұрын
Г
@user-lk7nu5vo3d
@user-lk7nu5vo3d 3 жыл бұрын
Эн жакшы ыр башка ырларга караганда эн сонун кимге жакса лайк баскыла Сыймык байкебизге ийгилик👍👍👍👍👍
@Karamonji
@Karamonji 3 жыл бұрын
Бул ыр 10, 15-жыл мурда эле чыкканда аябай жаккан.
@zaqwezaqwe5776
@zaqwezaqwe5776 3 жыл бұрын
Ырдыда сонун ырдаптыр Сыймык байкебиз,Назира актерлук чеберчилигин оркундой берсин
@user-uv8fl6mc2h
@user-uv8fl6mc2h 2 жыл бұрын
Сыймык байке мен сизди абдан жакшы көрөм баламдын атын сиздин атыңызды көйгөм
@user-cg3yf8cg1t
@user-cg3yf8cg1t 3 жыл бұрын
Клипке да ырга, да соз жок! Азыркы замандын чындыгы тартылган! Азыр аялдар коп кордук корушот!
@user-hi7nf2gf5o
@user-hi7nf2gf5o 3 жыл бұрын
Ээх зөкүр эркек 😭канча аял азап тартып келет чынында. Сыймык аке мн ар дайым сыймыктанып келчү элек. Ар дайым ийгиликтерди жарата бериңиз.
@meerimbaisalova8136
@meerimbaisalova8136 3 жыл бұрын
Аябай сонун тартылыптыр, Назира любой рольду жаны менен ойнот, талант деп ушу кызды айтса болот. Сыймык Бейшекевге соз жок, кандай сонун ырдайт.
@kairunisasamshieva8540
@kairunisasamshieva8540 3 жыл бұрын
Эххх ыйман берсин ....зоокурлорду козубуз корбосун кулагыбыз укпасын..ырга клип эн сонунбаа
@gulyanaamatova7277
@gulyanaamatova7277 3 жыл бұрын
Абдан маанилуу ырларды ырдайтго негизиле ишинизге ийгилик!
@user-dp1vz1oo2b
@user-dp1vz1oo2b 3 жыл бұрын
ОО КУДАЙ АЛСЫЗ АЯЛДАРДЫ,, ЗООКУРЛОРДОН"САКТАЧЫ 🙏🏻АЯЛ ЭНЕ, АЯЛ ЭЖЕ, АЯЛ ЖЕНЕ, АЯЛ КАРЫНДАШ, АЛ КЫЗ ЭКЕНИН ЭСТЕГИЛЕ, КАЙБИР ЭССИСТЕР.
@user-ot4lg2pk8l
@user-ot4lg2pk8l 3 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев агайыбыз чыныгы ырчы ,клип ото маанилуу ,тарбиялык мааниси чон экен ,Назира ото сонун аткарыпсын
@user-bv3fp6bi3b
@user-bv3fp6bi3b 3 жыл бұрын
Акыркы кундору мен Сыйиыкты ушунчалык сыйлап калдым просто ырчы талантуу адам катары. Без понтов делает свои дела очень грамотно. Канча ырчылар журот понтавать етип даже Бек. Он всегда скромно тихо. Иштерине ийгилик Сыймык еч качан оруба.
@user-yp4xh6go7l
@user-yp4xh6go7l 3 жыл бұрын
Сонун Назира суул
@user-be7ro1ex3q
@user-be7ro1ex3q 3 жыл бұрын
Золотой голос деп ушуну айтыш керек. Ото маанилуу болуптур ыр👍👍👍
@ainazaslanova4142
@ainazaslanova4142 3 жыл бұрын
Аябай соонун ыр болуптур.Клип да ырга топ келип адамды ыйлататго
@begiwjol3520
@begiwjol3520 3 жыл бұрын
Оа ыйлабай койо албайт экенсин
@user-ds6ev7ef4r
@user-ds6ev7ef4r 3 жыл бұрын
Ооба абдан жакшы ыр клип дагы жакшы экеен баарыбызды ыйлатты гоо
@user-cu8tx7pc8q
@user-cu8tx7pc8q 3 жыл бұрын
Эски ыр
@gulnurabdykadyrova7299
@gulnurabdykadyrova7299 3 жыл бұрын
Ыр дагы клип дагы эң сонун чыгыптыр. Сыймык Назира азаматсыңар
@sara_sara2937
@sara_sara2937 2 жыл бұрын
Назира эң мыкты актриса.Баары колунан келет.Эрки күчтүү.Зөөкүр да өтө жакшы аткарган.Таанышкан бала да мимика көз караш менен жеткизе аткарган.Сыймык жүрөккө жеткизе ырдап,клип менен жуурулушуп эле калган экен.Клипти ушундай тартса кана саны бар сапаты жок кылбай.Баарыңа чыгармачылык ийгилик!
@user-nu3hc3yv4q
@user-nu3hc3yv4q 3 жыл бұрын
Сонун аткарган Назира алтын актрисасын ырдын созу да обону сонун Сыймык агабыз да алтын бар болуңуздар 😘😘😘😘🤗🤗🤗
@Karabaeva.meerima
@Karabaeva.meerima 3 жыл бұрын
Ыйладым Назира окшотуптур 😪Сыймык байке ыр сонун экен.
@maksataikimsanova7460
@maksataikimsanova7460 3 жыл бұрын
Ото маанилуу ыр 🔥🔥🔥 Жашоодо ушундай да эркектер бар .
@user-oh5cx3ro5k
@user-oh5cx3ro5k 3 жыл бұрын
Клип сонун.Сыймык байке унунузго береке.Коп коп клиптерди сизден кутобуз.Чыныгы жашоо,ушундай зокурлорго Аллахым ыйман берсин.
@user-hl2eq4nh2d
@user-hl2eq4nh2d 3 жыл бұрын
Дуйнодо адам кейпин кийген акмактар коп ошолорго намысын тепсеткен кор болгон кыздарда коп ушунчалык дурогум сыздады мындай тагдырды эч кимге каалабайм Сыймык айланайын талантына таазим биздин балдарга чон адамдарга кудайым ыйман берсин
@user-bd1ed8tm1p
@user-bd1ed8tm1p 3 жыл бұрын
Жүрөктү эзип жибере жаздады. Ыйман, ысапты жоготуп койгон кээ бир маң баш эркектер угушса эсине келишет беле? Каармандар образды ачып беришине албетте, коштогон Сыймыктын коңур үнү менен ырдын сөзүнүн мааниси төп келишип калыптыр.
@aidananurmatova531
@aidananurmatova531 2 жыл бұрын
Терең маанилүү ыр экен 👏🎶 . Ырды угуп алып бир ыйлап алдым 🥺😥😔 . Мындай маанилүү ырлар азыр аз . Клип дагы сонун болуптур,👏🥺. Азаматсыз Сыймык байке👏🥺
@user-ld1et7fy4g
@user-ld1et7fy4g 3 жыл бұрын
Плакать очень хочется 🥺😢 а ведь правда. Не дай бог чтобы с какой либо девушкой так поступили🙏 эх, а ведь таких мужчин много, и женщин которые столкнулись с такой тиранией тоже много!😢
@user-bt3qs5ny5q
@user-bt3qs5ny5q 3 жыл бұрын
Эмнеге бизде ушундай мен аябай соонун ыр экен мен аябай ыйладым чыгарманызга таазим сизге иигилик Сыймык ага
@gulnasesenamanova5633
@gulnasesenamanova5633 Жыл бұрын
Ыйладым журогум чыдабай акмактар аз болсун Назира супер! Сыймык соз жок азамат унуно береке!
@user-hy6tt8px6j
@user-hy6tt8px6j 3 жыл бұрын
Назира азаматсын👍. Сонун аткаргансын сага кошулуп ыйлап да алдым 😭. Сыймык Бейшекеев сонун ыр , ар бир чыгарган ырыныздын мааниси терен , рахмат .
@fgjvcx9954
@fgjvcx9954 3 жыл бұрын
Соз жок .Тарбиялык мааниси ото соонун.аткаргандар дагы супер .ишинерге ийгилик .коп адамдарга сабак болот деп ишенем
@user-nr7gv7os9o
@user-nr7gv7os9o 3 жыл бұрын
Амиин
@user-kz4xk3ge2j
@user-kz4xk3ge2j 3 жыл бұрын
Обдан жакшы чыгарма болуптур Бир кундо он он беш жолу угам Рахмат сизге Сыймык байке
@user-uh3jn2xd4s
@user-uh3jn2xd4s 3 жыл бұрын
Амантур абдан жагат олоо жонокой жакшы бала
@user-td8fp2uy8x
@user-td8fp2uy8x 3 жыл бұрын
Сонун актриса өзүнүн ролун жакшы аткарат С.Бейшекеев дайыма мазмундуу ырдайт👍👍👍
@user-fi1zr6du6s
@user-fi1zr6du6s 3 жыл бұрын
Назира рольунда ушундай болсо да жашоондо андай болбосун 😘
@aselseitbekova1646
@aselseitbekova1646 3 жыл бұрын
Мааниси терең кино экен. Бизде мыйзам чындап иштебейт, болбосо самозащита кылсаң камалбашы керек эле.
@meerimshamyrzaeva5836
@meerimshamyrzaeva5836 3 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеевтин ырлары укулуктуу жагымдуу ырлар
@ny.6495
@ny.6495 3 жыл бұрын
Чоочун шаар чоочун аял. Бул ырды кооп жыл мурун уктум эле. анда мен мектемте окуйт элем аябай жаккан көз алдыма ушул тасманы элестетип, көзүм менен көрбөсөм да элестетип угар элем ийгиликтүү клиптерден болсун. Назира Айтбековага сөз жок сиз чыныгы талантсыз.
@user-qt5hg4rq8g
@user-qt5hg4rq8g 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшкеев мырзага таазим ушундай сонун болуптур
@kalievatotugul3300
@kalievatotugul3300 3 жыл бұрын
Назира ушундай сонун аткарыптырсын супер аманэсен бактылуу бол Сыймык ыларын ушундай маанилуу бир сонун кино коргондой болосун маанисин тушунуп уккан кишиге бар бол
@aikajanym359
@aikajanym359 3 жыл бұрын
Ушундай эркектен кудай сактасын бул клиптен кийин мас киши көрсөм эки метр алыс качып калдым жарыктык
@gulumkanjoldubaeva2387
@gulumkanjoldubaeva2387 3 жыл бұрын
Аялды аябаган эркекке ушул олум АК деп ойлойм .себеби ушул ишке барарда энесин же карындашын,кызын ойлоор бекен ,эх жашоо ушунчалык таатал .болуп кеттинго
@aikajanym359
@aikajanym359 3 жыл бұрын
@@gulumkanjoldubaeva2387 оа азыр жырткычтан эмес адамдан коркуш керек болуп калды окшойт
@user-xm1fw2me3f
@user-xm1fw2me3f 3 жыл бұрын
Керемет айтылған ән Керемет орындау
@user-hx9vd5ly2o
@user-hx9vd5ly2o 3 жыл бұрын
Чындыгында аябай ыйладым ..Жакшы ыр мен кооп жолу уксамда тажабаймын ..Сизге ыраазычылык Сыймык аке..
@aisalkynkylmyrzaeva1593
@aisalkynkylmyrzaeva1593 2 жыл бұрын
Ооба
@aisalkynkylmyrzaeva1593
@aisalkynkylmyrzaeva1593 2 жыл бұрын
😢
@user-oj4py7nz3w
@user-oj4py7nz3w 3 жыл бұрын
Сыймык мыкты ырчы Назира мыкты актриса экоо тен талантуу адамдар
@IbrahimTurkhan
@IbrahimTurkhan 3 жыл бұрын
Сыймык мырзанын үнүнө баракелде. Мазмундуу ыр болуптур.
@dinakakochkorova3031
@dinakakochkorova3031 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев. Башкача ырчыда озу, Соонун чыгыптырго. 👍🎶🎤🎤🎤😃
@user-gg6sz1sp3h
@user-gg6sz1sp3h 2 жыл бұрын
Сонун чыгыптыр азаматсынар ,
@user-ik5qk6tp1z
@user-ik5qk6tp1z 3 жыл бұрын
Ушул киши аябай талантуу, эн мыкты инсан. Билинбей баш аягы корунбой мелмилдеп аккан колдой болгон адам. Бар болунуз, ар бир чыгармасы маанилуу.
@user-ql1kt3zh7q
@user-ql1kt3zh7q 3 жыл бұрын
Соонун клип, Назира аябай жакшы аткарыптыр. Сыймык байкебиз👍
@user-iq2ss9um4i
@user-iq2ss9um4i 3 жыл бұрын
Журоко жеткен ыр экен.Козго жаш алат экенсин.Чыгармачылык ийгилик сизге.
@user-oc1yz8fu9k
@user-oc1yz8fu9k 3 жыл бұрын
Рахмат силерге тагдырды суроттогон замандашым ,талантынарга таазим...бул тагдыр ...
@user-he7eh5on6r
@user-he7eh5on6r 3 жыл бұрын
Вааау созу аябай кучту экен🤔
@user-sk6pf4qo5x
@user-sk6pf4qo5x 3 жыл бұрын
Соз жок ийгилик байке
@musl1ma478
@musl1ma478 2 жыл бұрын
Яхши кушик екан санатигизга омад
@user-oc1yz8fu9k
@user-oc1yz8fu9k 3 жыл бұрын
😭😭😭кан какшаган тагдырлар канчасы талкаланды эхх жашооо ...
@asemaraimova7435
@asemaraimova7435 2 жыл бұрын
👍 мааниси ото чон азыркы заманга сабак
@user-ix2hk9gd9i
@user-ix2hk9gd9i 2 жыл бұрын
Назира азаматсың сени.жакшы көрөбүз сыйлайбыз,Сыймык сонун жүрөктү титрете ырдаптыр азаматсың,сыйлайбыз👋👋👋👋👋👍👍👍👍
@user-jo6sk6pb4d
@user-jo6sk6pb4d 3 жыл бұрын
Мыкты актриса,мыкты аткаруучу,мыкты дастан!
@user-hm4us4rz2e
@user-hm4us4rz2e 3 жыл бұрын
эч кандай жаман комментарий жок экен кандай Гана сонун ыр
@user-mr4hj2gl8z
@user-mr4hj2gl8z 3 жыл бұрын
Ушундай сонун ыр сонун клипкке тескери жазгандар акмакчылык болотго азамат сыймык назира актер амантур болуш керек рахмат ыйлап кордум таасирдуу тарбиялуу ыр журоктту эзет .
@user-gc3lz8zx8d
@user-gc3lz8zx8d 3 жыл бұрын
Ырды да клипти да ото маанилуу таасирдуу аткаргансынар рахмат чоон ушундай мыкаачы адамдардан сактасын Аллахым.
@user-kl7zi9ld8e
@user-kl7zi9ld8e 3 жыл бұрын
Эх соонун зордуктаган зөкүрлөр болбосунчу
@user-be7ro1ex3q
@user-be7ro1ex3q 3 жыл бұрын
Назира Айтбекова такая одна у нас клипте да кинодо да супер ойнойт👍👍
@user-bl4hg5le2j
@user-bl4hg5le2j 3 жыл бұрын
Сөздөрүнө төп келген мыкты клип болуптур 😢 ыйлабай да коё албайсың эхх... Аллахым кыздарыбыздын намысын сактасын 🤲 Ушул көйгөйлөргө чекит коюлса жакшы болот эле... Бир жаза колдонуп ушундайларды азайталычы оо элим! Митингге эмнеге чыкпайсынар ушул тууралуу... Анан кайдагы бир пайдасыз жегичтерди колдоп чыгасыңар... 😣 Же бир балаңарды тарбиялай албайсыңар! Кароосуз калтырбай эркелетпей эле тарбиялагылачы балаңарды, кызыңарды! Намыс деген барбы кичине.. Бирөөнүн убалынан көз жашынан корксонор боло! Канчалаган кыздар ушинтип азап тартып жүрөт билбейбиз да! 😐😤 Айбандар ээк
@user-gb2rn5nc8n
@user-gb2rn5nc8n 2 жыл бұрын
Сонун ыр экен майнилу
@user-ee9ht2jz1k
@user-ee9ht2jz1k 3 жыл бұрын
Азаматсыңар,талантынарга таазим! Зөөкүрлөргө өлүм ак, канча кыздын тагдырына балта чаап жатышат,энесин, эже-карындашын ойлонбогон акмактар. Ыйлабай көрө албайсың...
@Anonim-ka
@Anonim-ka 3 жыл бұрын
Козумо жаш алдым. Мыкты аткарышыптыр баары.
@user-cu6bl8lc7h
@user-cu6bl8lc7h 3 жыл бұрын
Сыймык азаматсын онорун оссун 👍👍ийгилик сага
@user-jq2un6jn3t
@user-jq2un6jn3t 3 жыл бұрын
Соонун чыгарма болуптур. Коруп отуруп козумо жаш айланып кетти
@user-yh2uh6fc3f
@user-yh2uh6fc3f 3 жыл бұрын
Азамат Сыймык сендей ырчыларыбыз коп болсун талантына таазим дагы коп соннун чыгармаларды жазып Кыргыз маданиятына салымынды кошо бер Назира чыгармачылыгына чек жок соннун клип болуптур
@janaraalieva8802
@janaraalieva8802 3 жыл бұрын
Сыймык байке ишинизге Ийгилик каалайм♡ өтө маанилүү ыр экен,
@user-ot2dw7vv2g
@user-ot2dw7vv2g 3 жыл бұрын
Тим эле денени титиреткен ыр экен клип да мыкты болуптур
@user-tf9ef9du5m
@user-tf9ef9du5m 2 жыл бұрын
Арак ичкен байке чын актёрбу эн мыкты аткарган килипти аткарып жатып суйлогон созу барго 1 бутулкага аткарам деген сонун аткарган
@user-kq3by7it7p
@user-kq3by7it7p 2 жыл бұрын
Аябай маанилуу ыр екен Рахмат
@user-dk6tl3os7i
@user-dk6tl3os7i 2 жыл бұрын
Сыймык байкенин ырлары негизги өтө маанилүү жана уккулуктуу. Кыргыз ырчыларынын эң эле жакшы ырдаган ырчылар Бек байке андан кийинкиси Сыймык байке 👍👍👍👍👍👍
@user-mv3nv8yw7h
@user-mv3nv8yw7h 3 жыл бұрын
Сыймык Назира абдан сонун болуптур ырыда клибида Дагы дагы ушундай журок козгогон чыныгы жашоодогу ырлардан чыгара бергиле
@RayRay-vz4ge
@RayRay-vz4ge 3 жыл бұрын
Эн мыкты клип болуптур. Назира эн мыкты аткарыптыр
@user-qi5un3xn9t
@user-qi5un3xn9t 3 жыл бұрын
Сыймык таасирлүү ырларды ырдайт азаматсың мындайлар турмушта көп эле болуп атат го
@hdgfgf6898
@hdgfgf6898 3 жыл бұрын
Маладец сыймык укан сайын укун келет корунбой кеттинго даагы сонун ырларды чыгарчы турмуштан алып
@user-du7fu9qz5v
@user-du7fu9qz5v 2 жыл бұрын
Рахмат,аябай сонун ыр ,сонун клип
@bematalipova2006
@bematalipova2006 2 жыл бұрын
Сыймык Бейшекеев сиздин дагы коп жаны ыр жаны клип кутобуз Ыр манилуу клипда сонун
@user-tm3qc6tv5l
@user-tm3qc6tv5l 3 жыл бұрын
Азамат клип ырга топ келиптир булбулдай унун очпосун турмуштан алынган ыр клип сонун😘😘😘
@ababakir4371
@ababakir4371 2 жыл бұрын
Оо элим кадырлуу калкым диндеш мусулман туугандарым колдон келсе Кыз келин эже синдилерибизди чет олколорго талаалатпай оз мекенибизде карайлычы ушуга аракет кылалы себеби Мусаапырчылыкта Россияда ар кандай абалдарда кыйналып жургон карындаштарыбыз аз эмес болууда🤝рахмаат
@user-eh8wv6yl2o
@user-eh8wv6yl2o 3 жыл бұрын
Ушундайды зоокур эркектер корбойт да.Ото тарбиялык мааниси бар клип болуптур.Коп аялдар эркектердин азабынан темир тор артында жатат.Канча аялдын тагдыры талкаланган!Азаматсын Сыймык!
@user-zd9ui6ri6z
@user-zd9ui6ri6z 3 жыл бұрын
Отто маанилуу ыр клип дагы мыкты экен Алла ыраазы болсун сизге
@Roma-ii8ej
@Roma-ii8ej 3 жыл бұрын
Еркектерден запкы тарткан айалдар кечиргиле еркектерди сиздер асылзатсынар ушу килпти корзо онолор биздин бир кумарыбыз бир адамдын омурунун сынганы
@user-cn5tf1yu4i
@user-cn5tf1yu4i 3 жыл бұрын
назира моледец жеткире аткарган ролду
@user-sl8it5mt8h
@user-sl8it5mt8h 3 жыл бұрын
Ээх канча жолу кордум баарында ыйлап жатам канча жолу корсомда сонун ыр сонун клип турмуштун чындыгы 😥😥
@user-zi7rm8gj7u
@user-zi7rm8gj7u 3 жыл бұрын
Мен да ыйладым
@user-lx7xl4is9t
@user-lx7xl4is9t 3 жыл бұрын
Аябай соонун чыгыптыр.
@user-dg7cg2mw8b
@user-dg7cg2mw8b 3 жыл бұрын
😭баарыбыз сабыр менен жашап келебиз
@user-gz3nx7gz1m
@user-gz3nx7gz1m 2 жыл бұрын
Кыргызча ыр такыр укчу эмес элем соонун ыр экен азыркы заманга тиешелуу
@user-yf5pw6zs1v
@user-yf5pw6zs1v 3 жыл бұрын
Кино коргондой эле болдум азаматсынар Сыймык байке иНазира
@user-zi7rm8gj7u
@user-zi7rm8gj7u 3 жыл бұрын
Айтпаныз
@user-jh2ow9rr5i
@user-jh2ow9rr5i 3 жыл бұрын
Азаматсынар :унуно береке
@akylbek55
@akylbek55 3 жыл бұрын
Сонун клип болуптур. Ыр мурда чыккан эле мындан коп жыл мурда касетадан кайра кайра укчу элек.
@user-qb8lf9ys2n
@user-qb8lf9ys2n 2 жыл бұрын
Жакшы клип экен мына аткарган бала красапчикго
@user-mq9wp7bl5n
@user-mq9wp7bl5n 3 жыл бұрын
Сонун ыр тагдырда бар нерсе актёрлор жеткизе ойноптур😭😭😭😭
@begaisamatova119
@begaisamatova119 3 жыл бұрын
Клиби сонун чыгыптыр мен бул ырды коп укчуумун Сыймык байке ишинизге ийгиликтер болсун
@user-dt5bk6rc9d
@user-dt5bk6rc9d 2 жыл бұрын
Созу,обону,клип баары сонун болуптур,Назира жакшы аткарган молодец 👍😘
@jaskaabdumalikova1258
@jaskaabdumalikova1258 3 жыл бұрын
Назира сага беш деген баа бердим журоко гана жеткире ойноптурсун сени коруп ыйладымго сага кудайымдан ден соолук узак омур бак таалай сурап кеттим иштеринде ийгилик мындан да бийиктей бер синдим 😘
@user-vt1uz4so2u
@user-vt1uz4so2u 2 жыл бұрын
Соонун маанилуу азыркы турмуштан алынган
@user-fj6ys6sk2t
@user-fj6ys6sk2t 2 жыл бұрын
Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Керемет, келишимдүү, кээде шаңдуу, Кер аяк кетет тагдыр опурталдуу. Сыртынан сыр бербеген ушул аял, Ичинен муң черткени аянычтуу. Андайда эмне күнөө, эмне жазык, Тааныштык кокусунан, жай сурашып. Эжеке, атыңыз ким, мүмкүн болсо, Каларбыз да бир жерде учурашып?.. Болуптур, жигит, шагың сындырбайын, Анчалык сурап калдың, атым Айым. Түшүнгүң келип турса дагы терең, Түрмөдөн жаңы гана чыккан жайым. Ким менен шайтан басып, тааныштым деп, Жүрөгүм шуу дей түштү, баш кеңгиреп. Канчалык сыр бербейин деген менен, Ал аял билип койду, ушунда кеп. Кете албай же жанынан, же сөз чыкпай, Өңүм да өзгөрүлүп бир кызыктай. Тумчугуп, туталанып турганымда, Баштады аял кебин мына мындай: Жигит, сен менден анча чочубагын, Түшүнгүн түйүнүнө окуянын. Сен мени жеңил ойлуу аял десең, Ага да азырынча кошуламын. Бар эле бир кошуна зөөкүр жигит, Үйүмө чала кызуу келди кирип. Ал менин абийиримди төкмөк болду, Канайым катын бол деп эшикти илип. Бул акмак адамбы же айбанбы деп, Жүрөгүм бир булкунуп, бир титиреп. Алиги зөөкүр болсо жыргалым деп, Мыжыгып мени уйпалап карс-карс күлөт. Тер кетип, денем жалын, көзүм туман, Тургунуң, тургун, зөөкүр деп кыйкырам, Же мага жардам берчү жан адам жок, Мен аны колдон келсе жеген турам. Кутулуп кучагынан эптеп жатып, Кет үйдөн, кеткин дедим, башым катып. Ал акмак арсалаңдап жата берди, Аюудай ичин кашып, төшүн кашып. Ошондо акылымдан танып калдым, Зөөкүрдөн бирок өчүм алып калдым. Бычакты ала коюп ашканадан, Мына деп как жүрөккө сайып калдым. Ушундай бул окуя, билгиң келсе, Анан ал тиштенди да эрдин кесе. Эркектер, эмне мынча зөөкүрсүңөр? Деп мага жалт карады сүрдүү теше. Камыгып мен өзүмчө канадым а, Аялды ушунчалык аядым да. Чөнтөктөн жүз аарчымды ала коюп, Көз жашын сүрткөнгө араң жарадым, ай. Бир карын майды бузган бир кумалак, Бүлдүргөн баарын мүлдө, алиги акмак. Аялга бүт эркекти жек көрсөттү, Өмүрдө ушул кордук, ушул азап. Теребел көк жыттанып, жашыл майсаң, Туулган жер, туулган шаарга бүгүн кайтам. Аял да терең ойдун кучагында, Мен ага эми кантип кайрат айтам? Тунжуроо, туталануу эселеди, Жүрөгүм бир арманды жетеледи. Тээ бая жылт дей түшкөн сезим оту, Көөдөндү түтүнгө ыштап, өчө берди. Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы, Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы. Муңайым көздөрүнөн турду окулуп, Ал аял аруу жазды сагынганы. Ак көйнөк, жашыл жоолук салынганы, Чоочун шаар, чоочун аял жанымдагы...
@user-eg7wl9fq5j
@user-eg7wl9fq5j 3 жыл бұрын
Назира Сыймык байкебиз соонун клип
@user-ge5nu8uk9l
@user-ge5nu8uk9l 3 жыл бұрын
Ырларыныз дайыма сонун 👍👍👍👍👏👏
@user-zg1ys8zg8l
@user-zg1ys8zg8l 3 жыл бұрын
Оа аябай ырына клип топ келишкен ото тасирдуу чыгыптыр рахмат чон силерге
@user-yg6xf7gu1y
@user-yg6xf7gu1y 2 жыл бұрын
Назира ото соонун ойноптур кыйын актрисасын баардык жагынан топ келишкен красавица сага ийгилик ден соолук уй булолук бакыт
@user-ls2jl8fr3j
@user-ls2jl8fr3j 3 жыл бұрын
Жоолук соонун жарашат экен соз жок ырга клипке
УЛАН ОСМОН УУЛУ ЖУРОК СЫРЫ ЖАНЫ КЛИП
3:32
ЧООЧУН АЯЛ - Сыймык Бейшекеев \ жаңы клип 2021
6:39
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 6 МЛН
The FASTEST way to PASS SNACKS! #shorts #mingweirocks
00:36
mingweirocks
Рет қаралды 13 МЛН
Самое неинтересное видео
00:32
Miracle
Рет қаралды 1,3 МЛН
Сыймык Бейшекеев : “ Аялды талкуулаган эркекти “сайпана” дешкен”
1:05:55
Бекназар Камчыбеков "Сен эмнеге жеттин"
3:26
Бекназар Камчыбеков
Рет қаралды 8 МЛН
Кызсайкал Кабылова - Коштошуу / Жаңы клип 2023
7:07
Кызсайкал Кабылова
Рет қаралды 2 МЛН
КАЙЫРЧЫНЫН КАЗАЛЫ - Сыймык Бейшекеев
12:01
Сыймык Бейшекеев
Рет қаралды 1,8 МЛН
"Муңайба Адеми" ырынын тарыхы
18:20
Самат Эркинбеков
Рет қаралды 768 М.