Рет қаралды 1,096
Мурас лицейинин муңдуу тагдыры - имараттын келечеги ушул тапта бүдөмүк
Бакай-Ата айылындагы "Талас Мурас" фондуна таандык лицей жабылып калганы жергиликтүү элди капа кылды. Окуу жай былтыр Кувейт мамлекетинин «Изар» фондусунун жардамы менен ачылганын архивдик видеодон көрсө болот. Анда чет элдик гранттарды имараттын жаңыланышына жардамдашкан Изар фондунун жетекчиси Алтынбек Кудайбергеновду көрүүгө болот.
200 орунга ылайык келген бул имарат Союздан кийин солгундап, оор абалда кароосуз калган.
Ондогон миллион сомдук каржылоодо кийин ал кудум эле жаңы салынган имараттай болуп калган.
18-ноябрь Экинчи Элдик Курултайга делегат шайлоо болуп бул маселе чогулуштун чордону болду. Курултайдан кийин делегаттар айыл активисттери, мугалимдер менен бирге имараттын алдынан бийликке кайрылуу жолдошкон.
Жергиликтүүлөр, бул имарат Кошумча Окуу Борбору (ДОЦ) катары калкка кызмат көрсөтсө деген демилгени көтөрүшүүдө.
Өз кайрылуусунда алар, медицина илимдеринин доктуру, меценат Шайлообек Үркүмбаевтен баштап президент Садыр Жапаровко чейинки ысымдарды аташты.
бул видео Wondershare Filmoraда жасалган