"Дос" Кыргызча аудио китептер! Кыргызча аудио окуялар!

  Рет қаралды 2,419

КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ

КИТЕПТЕР ДҮЙНӨСҮ

Күн бұрын

"Дос"
Кыргызча окуяларды сайтка кирип окучаныздар болот.
kyrgyzcha.site
🧕БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ - САЖДАДА
✍🏻Күнүңдүн актай барагын бакыт менен баштагың келсе, багымдат намазын убагында оку. Күнүң ибадат менен башталсын. Биринчи кыймылың үрүкү сажда болсун. Сага тирүүлүктү ыраа көрүп, жашоо берген Жаратуучуна ыраазылык билдирүүдөн мурда башка ишти баштаба. Эки ирекет намаз окуп, өмүр, ыйман, ырыскы берген Аллахка шүгүр кылып анан башка ишке өт. Ошондо бул күнү Аллахтын көз алдында, коргоосунда, аманчылыгында болосуң.
📍Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи уасаллам, айтты: «Кимде -ким багымдат намазын окуса, анда ал (ошол күнү) Аллахтын коргоосунда болот. Аллах Өзүнүн коргоосуна алган пендесине (бул дүйнөдө) зыян бергениңер үчүн Кыяматта Аллах жазалоо үчүн силерди териштирип жүрбөсүн. Эгер Ал силерди издеп, териштире турган болсо, анда ал сөзсүз табат. Андан соң тозокко салат». (Муслим)
Аллах коргоосуна алган адамды, бөөдө кырсыктан, апаат балээден, оору-сыркоодон, жин шайтандын азгырык, чакырыгынан, ачуу сөздөн, жаман көздөн, жалган - жалаадан, куру дооматтан, көралбастын көзүнөн, ичи тардын сөзүнөн сактайт.
Багымдатка турбай уктаган аял берекелүү ырыскыдан куру калат. Күйөөсүнүн сүйүү, мээриминен алыстайт. Ден-соолугу начарлайт. Жалкоолугу күчөйт. Көңүлү чөгөт. Жүрөгү кысылат. Ал бүгүн Аллахтын коргоосунда эмес. Кырсыкка кабылса, өзүн күнөөлөсүн. Жолу болбосо, өзүн айыптасын. Жамандыкка учураса, өзүн жемелесин.
☝🏻Оо, өзүн мусулман санаган эжем жана карындашым! Багымдатты көздүн карегиндей сактагыла!
🤲🏻«Багымдаттын эки ирекет сүннөтү сен үчүн бул дүйнө жана андагы нерселерден артык!»
☝🏻Бул хадис багымдаттын сүннөтүнө карата айтылган. Сүннөтү дүйнөдөн артык болсо, парзы кантти экен? Демек, багымдаттын парзын ары кой, эки ирекет сүннөтүн окусаң, сен дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болорунду эстей жүр...
Куран устазы Доктор Айман Сувайдинин Куран ээлерине насааты:
Алланын аты менен касам ичип айтам, мен ага силерден көбүрөөк муктажмын жана ушул насаатка амал кылуу үчүн мага жана сизден Аллахтан жардам сурайм, (Аллах бизге жардам бермейинче эч нерсе кыла албайбыз).
Аллахка ант болсун менин абалым Аллахка белгилуу жана сага ушундай насаат айтканыма Алладан уяламын.
Бир туугандар
- Куранды жаттай элек адам дароо жаттап баштасын.
"Эгер кимдир бирөө Куранды кайталоону таштаган болсо, кайталап баштасын."
"Ким күнөөсүнө тообо кылбаса, Аллахка дуба кылсын жана күнөөсүнө чын жүрөктөн тообо кылсын".
«Кимдин күн сайын Куран окуу милдети болсо, ага ынтызар болсун, кайдыгер калтырбасын, сабыр кылсын, сабыр кылсын».
Себеби, Куранды жаттоо, туура окуу, күнү-түнү окуу жашоонун кыйынчылыгын унуттура турган касиетке ээ.
"Куранга шашылыш убакытта да бир нече мүнөт бөлүңүз."
- Кечинде кыямда тургула, балким, тооба кылуучулар кербенине кошулуп, Аллахка берилгендердин ибадатынын ырахатын көрүп калаарсыңар.
«Аллага сажда кылгыла жана Ага жакындагыла».
«Курандан өзүңө бир тапшырма кыл жана эмнеси болсо да аны таштаба».
Аллахка мактоолор айт жана
«Пайгамбарга (Ага Аллахтын салам-салаваты болсун) Дуруд жана салам айт».
(Өзүңө, ата-энеңе, сүйгөн жана сүйбөгөндөр үчүн дуба кыл).
"Адамдарга Алланы эскертип турууга себепкер бол".
- Курандын жакшылыктарынын бири - Аллах Куранды окуган жана жаттаган адамдын акылына береке берет.
Абдул Малик ибн Умайрдан риваят:
(Адамдардын акылы эң соо - Каранын акылы деп айтылат).
Бир уламыш боюнча: (Адамдын акыл-эсинин эң тазасы - каралардын акылы).
Куртуби: «Ким Куран окуса, жүз жашта болсо да акылынан айрылбайт» деген.
Илимий изилдөөлөр Куранды окуу жана жаттоо эс тутумун арттыруунун эң жакшы амалы экенин далилдеп чыкты.
Имам Ибрахим Мекке шакирти Аббас ибн Абдул-Дадимдин шакиртине насаат айтты:
Куранды үн чыгарып оку жана аны таштаба, анткени Куранды окуу сага окулган аяттардын көлөмүндө каалаганыңды жасоону жеңилдетет.
Абу Зинад айтат: Мен эртең менен Пайгамбарыбыздын мечитине барат элем, Кайсы үйдүн жанынан өтсөм да, ал үйдөн Курандын үнү угулуп турчуу.
Шейхуль Ислам Ибн Таймия айтат:
Мен Алла Тааланын китебин кароодон да артык акыл менен рухту азыктандырган, денени коргогон жана бактылуулукту камсыз кылган эч нерсени көргөн жокмун.
КУРАНГА байланггын, бактылуу болосуң!
Оо Аллахым, биз сенден биздин жүрөгүбүздөн Китебиңди жаттоодон кур койбооңдуу жана бизге сени ыраазы кыла турган Куранды окууну, талкылоо, жана амал кылууну насип кылгын.
Дагы эскерте кетейинчи
Күнүмдүк Куран окуу милдеттериңизди таштабаңыз.
Аллахка ант болсун, эгер чын ыкластуу болсоңор, Куран окуу күнүңөрдүн берекесинин булагы.
Куранды Тажвид тартиби менен окусаң, ал Кыямат күнү сага шапаат кылат жана ал сенин пайдаңа документ болот.
Куран окууну токтоткондо кыяматта жоготконунуздун документи болуп калат Аллах сактасын.
Оо Аллахым, Куранды журогубуздун бакча, денебизге, кайгы-капаларыбызга шыпа кылып бер, Оомийин Я Раббим.
Оо Аллахым ушул Куранды Кыяматта бизге пайдабызга далил кылып бергин.

Пікірлер: 5
@Kyrgyzcha.audiokitep
@Kyrgyzcha.audiokitep Жыл бұрын
bit.ly/3JYQmeD Жанылыктарга катталыныздар.
@Beeline2023Beeline-bo6bg
@Beeline2023Beeline-bo6bg Жыл бұрын
Дватцыт эмес двецти сом.
@АкмаралНурбаева-ж4э
@АкмаралНурбаева-ж4э Жыл бұрын
Сонун чыгарма экен.Эрнис чоон рахмат.❤
@ДамираЖылкычинва
@ДамираЖылкычинва Жыл бұрын
Соонун чыгарма.Ийгилик.
@Айя-з1и
@Айя-з1и Жыл бұрын
Кино коргондой, эле болом Эрнис окуганда, унуно бали.
哈哈大家为了进去也是想尽办法!#火影忍者 #佐助 #家庭
00:33
The joker favorite#joker  #shorts
00:15
Untitled Joker
Рет қаралды 30 МЛН
How Strong is Tin Foil? 💪
00:26
Preston
Рет қаралды 132 МЛН
Багжан Азат уулу / "ТАРТКЫЛЫК" аңгеме  / АУДИО КИТЕП
19:55
Ernis Kyiaz Эрнис Кыязов
Рет қаралды 16 М.
Окуя. Эки дос кыргызча
3:38
IHLAS STUDIO TV
Рет қаралды 13 М.
Абдукадыр Гейлани ким болгон?
24:39
БЕЙИШ НУРУ
Рет қаралды 21 М.
Акыр заман жакындап калганда . . . / Хамис аз  Захрани
25:02
Ernis Kyiaz Эрнис Кыязов
Рет қаралды 94 М.