Рет қаралды 72,925
22 жаштагы Албина Дубайдагы тырмак жасаган салондордун бирине быйыл 24-июнда жумушка барган. Ал ага чейин Москвада маникюр жасаганды үйрөткөн борбордо бир ай окуп, аны толук бүтпөй кеткен.
Бириккен Араб Эмираттарынан ага ишти ошол борбордун жетекчиси “жакшы акча аласың” деп таап бериптир. Албинанын айтканына караганда, Дубайда сулуулук салондо иштегени менен ага жумуш берүүчү “сексуалдык кызмат” тууралуу сунуш кылган.
Жакындары Албина Дубайда 1 ай иштегенден кийин бир топ кыйынчылык менен акыры аны Кыргызстанга алып келишкен. Учурда Албина Москвада. Ал ата-энеси менен укук коргоо органдарына арыз жазып, өзү кабылган окуяны тыкыр иликтеп, укуктук баа берилишин талап кылууда.
Материалды “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады
“Азаттык” радиосунун “Мигрант Медиа” долбоору четте жүргөн кыз-келиндер үчүн эки айлык жарыялайт. Кандай ийгиликке жеттиңиз же эмне көйгөйүңүз болсо +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.