Дыйкандын 1 катасы 1 базарды жок кылат. Жаңы эрежелер менен иштейбиз.

  Рет қаралды 20,605

Мөмө

Мөмө

Күн бұрын

#мөмөАссоциациясы #ассоциацияЯгодоводов
Достор, бул видеороликте Кыргызстандагы алдыңкы экспорттоочу Бектемир Мамыралиев менен азыркы учурдагы мөмөлөрдүн бааларынын төмөн болушунун негизги себептери жана алдыдагы пландар тууралуу сүйлөштүк.
Мөмө ассоциациясына байланышуу үчүн: 0772 51 51 50 номерге байланышыңыздар.

Пікірлер: 263
@RusaAlpen
@RusaAlpen Ай бұрын
Ушинтип элге чыгып, проблеманы айтып туруш керек.Эл ошондо түшүнөт,чыдайт.Ийгилик!👍
@ala-too312
@ala-too312 Ай бұрын
Алишергеда баргыла ошолда жанылык кылып мактай берип Кулпунайды Кыргызстанга алып келген экспорт жагын уюштуруп берсин
@Goodboy-ev9tt
@Goodboy-ev9tt Ай бұрын
Бектемир, сабыр кылып ишинизди улантабериниз. Ийгилик каалайм🤲
@tilektoktogaziev4580
@tilektoktogaziev4580 Ай бұрын
Экспортерлорубуздун ишине ийгиликти каалайлы! Алардын иши жакшы болсо, дыйкандарга дагы кымбатыраак сатканга мүмкүнчүлүк болот. Ар бир иштин түйшүгү бар. Ар бирибиз өзүбүздүн ишибизди мыкты аткаралы, ынтымакты сактайлы! 🤝🇰🇬
@Kairatbek-bx4vk
@Kairatbek-bx4vk Ай бұрын
Алга! Сынбагыла экспортерлорго да дыйкандарга да ийгилик жакшылып жамандыкта , ойдо ылдый да бирге болгула оскуло онгуло!!!!
@GulnaraIskatova-se2dp
@GulnaraIskatova-se2dp 28 күн бұрын
Бектемир ийгилик сага чындыгында базарда товардын сапаты жакшы болмойун баасын которо албайсын баардык жагынан мыкты болсо дыйканга да алуучу сатуучуга да женил болмок.
@ulanzholdoshbekov5736
@ulanzholdoshbekov5736 Ай бұрын
Ишине ийгилик Бектемир, чындыгында сен кылганды кобу кылалбайт
@Stalin86-c9e
@Stalin86-c9e Ай бұрын
Кыргызстан ягодный экспортер болушубуз керек ага коп мээнет кылышыбыз керек илимге жандашыш керек продукцияны ото сапатту ондурушубуз керек
@nurgazyjaparbekov2633
@nurgazyjaparbekov2633 26 күн бұрын
Бектемир байке ишинизди кыла бериниз ,эл суйлой берет
@tynarbekturaliev
@tynarbekturaliev Ай бұрын
Эмнеге клубника жаман терилип атат, анткени терген адамдарды уйротуш кыйын экен. Окуучулар,жаш балдар терип атышат. Кунуго жаны адам келет, аларга айтып уйротуп ,тилин тешилет. Эми уйротсон ал эртесе келбей калат да дагы башкасы келет, ошондуктан эзилип терилип атат. Бул дагы дыйкандын чон койгойу
@СапарШакиев
@СапарШакиев Ай бұрын
Туп туура
@nruslanabzelov4441
@nruslanabzelov4441 Ай бұрын
Бара-бара баары уйронуп калат ,кабатыр боло бербениз
@Mister.dyikan
@Mister.dyikan Ай бұрын
Көч бара бара түзөлөт. Ишиңерге ийгилик!
@user-pn3dz1jr6n
@user-pn3dz1jr6n Ай бұрын
Бектемир байке молодецсиз россияда канча кыргыздар уйлуу жайлуу иши жоктор иштуу болуп калышты ❤
@УсенРажабалиев
@УсенРажабалиев Ай бұрын
Жакшы териш керек урундурбай 3 кун 5 кун жол журот бузулуп кетет елдер
@КубанЭркебаев
@КубанЭркебаев Ай бұрын
Мунун жалгыз колунан келбейтта жардам Берелии тугандар
@TazhibaeMirlan
@TazhibaeMirlan Ай бұрын
Жардам бергендерди бутка тееп иштетпейт. Монополия болуп алган. Иш жүзүндө 180 градус башка
@ЯгодаИссык-Куля
@ЯгодаИссык-Куля Ай бұрын
Бизнес деген бизнес эч ким эч кимге жоопкер эмес бирде пайда көрөсүң бирде уттурасың. Буга күнөөлүү мамлекет бүт жоопкерчиликти өкмөт алыш керек. Өкмөт бүт стратегияны түзүп элге жол көрсөтүш керек жардам бериш керек.
@ГульмираАлиева-д8з
@ГульмираАлиева-д8з Ай бұрын
Мин.сельхоз деги эмне менен айлек болуп жатат?!
@Proffankg
@Proffankg Ай бұрын
Бектемирдин айтканында дагы озунун чындыгы бар. Бирок дыйкандар тараптан кандай корунуп жатат: 1. Булар эптеп кочот саткан бизге жазда 2. Кузундо алам деп убада кылган, ящик сурасан жок албай жатышат 3. Кыргызстанда бирден бир сыртка ташыган монополист ушулар, каалаган баасын коюп алып берсен бер, бербесен жок деген мамиле болуп атат. Эки тарапты тен тушунсо болот. Бирок Бектемирге бир конкурент керек. Ошондо осуш болот, Бектемирде дагы дыйкандарда дагы. Монополия болгон бираз бизнеске жакшы эмес.
@ГульмираАлиева-д8з
@ГульмираАлиева-д8з Ай бұрын
Бектемирге окшогон экспортёр эжелер бар! Токмок тараптан.Алар да кыйын иштешет.
@РорРор-в2д
@РорРор-в2д Ай бұрын
Шумшукко
@user-su9yc4cq4b
@user-su9yc4cq4b Ай бұрын
Бектемир ишине ийгилик элдер айтаберет баары жакшы болот
@guljanabdijaparovna-go4if
@guljanabdijaparovna-go4if Ай бұрын
Азаматсыз ишинизге ийгилик куч кубат берсин сизге Евразия базарларынн багындыралы биз кыргыздар.
@kg-yq5cy
@kg-yq5cy Ай бұрын
Ассаламу алейкум Бектемир байке Элге капа болбон дагыда изденин аракетти кучойтун духтан тушпон тура айтасыз мен 20 соткадан малинадан эки кундо 13000 минден сода болуп жатат Аллах шугур дагыда изденгиле ийгилик.
@user-qu9tr7rd8c
@user-qu9tr7rd8c Ай бұрын
Ошондо малина тугонгучо канча кун терилет ? Тууган ошону айтып койчу сураныч
@СамсунгСамсунгов-с3б
@СамсунгСамсунгов-с3б Ай бұрын
​@@user-qu9tr7rd8cСортуна карайт.Кээ бир сорттор ушук жургучо бере берет.Интернеттен керектуу материалдарды тапсаныз болот.
@Nurkyz-h4q
@Nurkyz-h4q Ай бұрын
Кандайсыздаар,менда ютубдан коруп 10сотыхка малина отургущдум,кудайга шугур быша башталды,сонун буюрса баары жакшы болот,Бектемир байкеден алганбыз кочотту алга малиначылар
@Седеп-ш1б
@Седеп-ш1б Ай бұрын
Бектемир аке ишинизге ийгилик. 10 сотук малина эккенбиз баасы шугур сонун болтат.
@user-sp4xi4jh4p
@user-sp4xi4jh4p Ай бұрын
Кайсы жерден болосунар? Малинанын баасы жакшы болуп жатабы силер жакта?
@musabekzhoroev5288
@musabekzhoroev5288 Ай бұрын
10 сотых жерге көчөткө ж.б расходко канча сом кетти негизи?
@МайяРысбекова
@МайяРысбекова Ай бұрын
Дыйкандардан да ошол мөмөнү жеткирип сатыш өтө кыйын , бузулуп кетет мөмө тез эле, алыскы жол болсо!!! Дыйкандар да эрежеси менен , аралаштырбай терип бериш керек. Аллахым колдосун эки жакты , Өзү жардам берсин Ин шаа Алла
@АкылбекМусаев-ц8у
@АкылбекМусаев-ц8у Ай бұрын
Мындай тез бузула турган ягоданы переработка кылыш керек завод куруп.ошондо баада турукту болот.
@ГульмираАлиева-д8з
@ГульмираАлиева-д8з Ай бұрын
Бектемир - азаматсын! Клубника, малина, башка момолорду экспорт кылар учун арстандын журогу керек! Дыйкандар, ичтери оругандар , Бектемир бизден пайда коруп жатат дегендер оздору откоргон клубникасын, малинасын акканын корсо ,...журоктопу тушмок! Чын айтканда Алматага эле жеткире албай журогун тушот!
@AknazarOmorov
@AknazarOmorov Ай бұрын
Ассолоум алейкум Момо ассосиациясы Жана Бектемир. Жана залпы экспартерлор. Озгон клубникасы силерди чыдамсыздык менен кутум жатат. Мен 50 сотых га эккенмин, тушум берип жатат Жана силер ди кутум жатат биздин кулпунайлар. Эртеерек баштаныздар айрыкча озгонду. Ишинерге ийгилик
@AA-pm5qu
@AA-pm5qu Ай бұрын
Эмнеге малинанын баасын ичара келишип 130 дан которбой жатасынар? Россияда 5 эсе кымбат сатып аткандан кийин кичине которуп койсонор дыйкандар деле ыраазы болмок.
@ЧтсгОслсдпщ
@ЧтсгОслсдпщ Ай бұрын
Бектемир Азаматсын иштерине ийгилик
@sagynbolotov8016
@sagynbolotov8016 Ай бұрын
Бектемир брат ты колдойлу мен сыйлайм жазында 7 область тан клубника Алды отпой жатканда Эл раазы Бектемир брат ка
@МасалА-к9з
@МасалА-к9з Ай бұрын
Азамат Бектемир ишине ийгилик
@SairagulKanatova
@SairagulKanatova Ай бұрын
Эксперторлор үйрөтүш керек сартировканы
@ГульмираАлиева-д8з
@ГульмираАлиева-д8з Ай бұрын
Уйротуп эле жатышат.Тилдери тешилгенче эле айтып, корглзуп жатышат. Октоп салбагыла деп.Чириктерди салбагыла! 5 кун жолдо журсо ошол бир чирик ящиктин баарын чиритет. Анан экспортёрлор банкрот болсо, товарын баарын ыргытса, кайсы акчага сизден товарды алсын? Кайра октосонор,кайра банкрот болсо! Ошон учун бир бирибизди тушунуп сапаттуу момо остурсок , октобой товарды тапшырсак озубузда, экспортёрлор да пайда менен чыгабыз!
@mumuh763
@mumuh763 29 күн бұрын
Алга силерге ишенебиз алга
@НурханНурхан-ж5я
@НурханНурхан-ж5я Ай бұрын
Ооба да Германияда клубника, малиналарды прозрачный идиштерге эле сразу терип жургонун коруп жатпайбызбы. Биздин дыйкандар да ошого конуш керек. Бир орунда тура бербей онугуш керек. Азаматсын Бектемир Аллахым куч кубат берсин,ишине ийгилик
@RysbekTorohanuulu
@RysbekTorohanuulu Ай бұрын
Бектемир видону коруп отуруп сенин оюн туура экенине ынандым ар бир уйдо онугууго аракет кылышыбыз керек жалкоолукту женип онуголу
@kanyshaijumabaevna994
@kanyshaijumabaevna994 Ай бұрын
Объем чыгарыш учун бир уйбуло 50 сотыхдан 1 гектарга чейин тигиш керек. Ал учун 25 сомдон кочот алганга адамдардын шарты жок. Ошого 5 ,10 сотых эгишет. Анан аны сата албай кыйналышат. Кочотту сенден алдым сага берейин десе мага объем керек дейсинер. Аны башында тушундуруп кочотту реклама кылганда кошо айтыш керек эле туугандаар тиккенден кийин кооп тиккиле болбосо тикпегиле объем чыгара албай каласынар ,биз объем чыгарбасанар барбайбыз деп
@Akyrkyjanylyktar-s4o
@Akyrkyjanylyktar-s4o Ай бұрын
Кечки саат 5 те эле приёомду токтотуп коюшат хотиябы обедке чейинки тергенин бир алып обедтен кийинкисин кечки саат 8ге чейин терип ошол убакка чейин алса болмок 5 ке чейин жери көптөр малина болобу клубника болобу терип бүтпөй калтат! Убак саатын узартса ошол дыйкандар карайтып эзип тербейт да ойлонуп иш кылыш керек да
@jologonmuktarov6995
@jologonmuktarov6995 Ай бұрын
Бектемир иштерине ийгилик.Экспортко коп чыгар.Дыйкандарга жардам бер.Алдыга,алдыга,алдыга жыл.Дыйкандардын иштерине ийгилик.Баалар которулсо дыйкандардын эмгеги акталса экен.
@sagynbolotov8016
@sagynbolotov8016 Ай бұрын
Бектемир брат эркек туура айтып жатат ачыгын пайда клубника малинада картошка фасоль жугору до пайда жок
@Бытовка7х3
@Бытовка7х3 Ай бұрын
Бизда кочотту 25 сомдон алганбыз 410000р кочотко эле кетти 50 сотых жерге об сумма 1500000р расход болду кочотту аябай кымбат саткан 10 сомдон сатса деле буларга калмак пайдасы жакшы эле Ошон учун эл нааразы
@mumuh763
@mumuh763 Ай бұрын
Мен 11 сомдон сатым кочотун
@Кымбатчоптор
@Кымбатчоптор Ай бұрын
Бектемир туура суйлодун 👍👍👍👍
@АнараРаимкулова-ц9п
@АнараРаимкулова-ц9п Ай бұрын
Бектемир мыктысың да 😊😊такыр сага жете албай койдум.Давление болбочу ден соолук керек.Ягода тикким келет бирок Гемодиализ колду бутту тушап коё бербейт тынч эле жата берейин десем жүрөк ягоданы коё бербейт😅😅Оорубачы сен адашып калган кыргыздарга керексиң
@ЫманАнарбай
@ЫманАнарбай Ай бұрын
Азаматсын 💯Бекибай эл сага ишенет 11:47 🍓🍓🍓🍓
@nurasel4945
@nurasel4945 Ай бұрын
Бектемир, алга. Азаматсын. Менин ишенген адамым сенсин. АЙТКАН СОЗУН АТКАРГАН ЭР АЗАМАТ .ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК.
@MANAS-ATA
@MANAS-ATA 29 күн бұрын
Биз Кызыл-Жардан тапшырдык быйыл жайында сонун буюрса, баасы Мындан да көтөрүлүп берекелуу болсун. Эмки жылкыга дагы кобойтуп жатабыз
@НиязбекСаттаров
@НиязбекСаттаров Ай бұрын
Ен тура кыйын экспорт туйшугу маладес только алга
@KADYROVTALANTBEK
@KADYROVTALANTBEK Ай бұрын
Быйыл бардык момо жемиш арзан Бектемирди мен тааныбайм бирок кыйын жигитке окшойт
@RamatAsankojoev-fo6rb
@RamatAsankojoev-fo6rb Ай бұрын
Бул передачанарды коро электе ишенбей атканбыз рынак жагында эмне проблема болуп атканын дыйкандар кайдан билебиз Азыр Озунуз тушундургон учун тушунуп калдым Элдер да тушунот деп ойлоймун ушнтип ал жакта эмне болуп атканын Элге корсотуп тушундуруп турсанар Элдер дыйкандар тушунот . Молодец Бектемир Байке Аллхым жардам бересин биз Силерге ишенбебиз Клубниканы Сиз баштадыныз эле Эми айгына чейин болунуз биз колдойбуз Аллахым жардам берсин
@Kamikadze_2024
@Kamikadze_2024 Ай бұрын
Сен биринчиден дыйкандар менен иштешкенди уйрон, заготовщиктерден кыйын болуп айттырып жибересин. Бир нерсе болсо эле дыйкандарды куноолоп басып журосун, куноону биринчиден озундон изде!!! Сага уч жылдан бери малина откоруп келебиз, бир дагы жолу мындай-тигиндей болуп жатат деп дыйкандар менен байланышка чыкканынды коргон жокмун. Проблемалар болсо эле заготовщиктерден сурайбыз, аларда деле так маалымат болбойт. Азыр баа 130 сом, 7-8 жыл мурун ушундай баа болчу. Азыр кымбатчылык заман. 1 банка малинаны минимум 20 сомдон тердиребиз. Бул сезондук эле жумуш, дыйкан кетирген мээнет абдан чон. Азыр малина масса берип жаткан убакыт, сен айтып жатасын заготовщиктерге 2-3 кун пауза кылып турсанар болот деп, алар пауза кылса биздин иш эмне болот?. Ошентип озун качествону жоготосун! Малина бышып кетет! Через день терилсе 2-3 кун болуп последовательность бузулат. 3-4 теримдин акчасын дагы деле ала элекпиз. Сезондун башында айткансын расчет сразу деп. НЕ НУЖНО ТРЕБОВАТЬ БОЛЬШЕГО ДЕЛАЯ МИНИМУМ.
@user-sp4xi4jh4p
@user-sp4xi4jh4p Ай бұрын
Туура айтасыз Бектемир дыйкан эмес, бизнес бунуку
@АдылДолубаев
@АдылДолубаев 19 күн бұрын
Талас тан сынбы
@nruslanabzelov4441
@nruslanabzelov4441 Ай бұрын
Абдан жакшы маек болуптур коп нерсени камтыган. Азаматсынар ишинерге ийгилик
@kanyshaijumabaevna994
@kanyshaijumabaevna994 Ай бұрын
Мисалы 60 сотых жерге 33000 ден 36 минге чейин кочот керек. Орто эсеп менен 35000 кочот 25 сомдон 875000 сом болот экен. Анын капельный трубалары, ленталары, пленкасы бассейни , мотору кыскасы буларды кошпогондо. Элдин коп акчасы кочотко кетип ошого нааразы
@nokstor1807
@nokstor1807 Ай бұрын
Бир жылда баарын актайт.. 15,20 тонна алса. 150,200 сомдон сатса. Озун актап ,пайдана чыгат.. Бирок ошону багыш керек.. Тергенин да уйронуш керек..
@МээржанЭпеева
@МээржанЭпеева Ай бұрын
40 сомдон алып жатпайбы😢​@@nokstor1807
@РысбекТентимишов-ш4е
@РысбекТентимишов-ш4е Ай бұрын
Сандан сапатка отуш керек, урматтуу кыргыз элим эптеп эле тиге калып бат эле байыш эмес сапатка отолук дыйкандар
@ZhoomartovUsken
@ZhoomartovUsken Ай бұрын
Конкобай туугандар клубника менен картошканын теруунун айырмасын билбей эле кыйкырганды келтиретта 😂
@sanjarsanjar1322
@sanjarsanjar1322 Ай бұрын
Азаматсын только алга
@МайрамбекНамазов
@МайрамбекНамазов Ай бұрын
@FESTIVAL312
@FESTIVAL312 12 күн бұрын
Мамлекет озу экспорт жол тусуп берсе жакшы болмок
@АлтынбубуДонбаева
@АлтынбубуДонбаева Ай бұрын
Аллага шукур айтыш керек сатылып жатса жакшы да отпой калганча Эл ОЗУ таза терип берсе жакшы да арасына чирикти кошпосо алган Эл да разы саткан Эл да разы
@mumuh763
@mumuh763 Ай бұрын
Алга клубмалина биз силер менен иштешип келебиз алга
@sagynbolotov8016
@sagynbolotov8016 Ай бұрын
Салам алейкум Эми клубниканы кобойтолубу 20 30 сотых тигип или токтотолубу сатыш проблема болдуго арзан мээнет кыласын кундун ысыгында суугунда бирок арзан сбыт маселеси чечилсе тигели кобурок еле
@mumuh763
@mumuh763 Ай бұрын
Алга клубмалина биз силер ди коруп иш баштаганбыз кудайга шугур малды сатып тикенбиз иш жакшы аллага шугур тикиле иштесе болот клубника отто жакшы иш коркпогула баштагыла жакшы бизнес экен
@Ekskalibur7
@Ekskalibur7 Ай бұрын
Ассалом алейкум туугандар тынч амансыздарбы? ... Дыйкандар туура айтып жаткан чыгаар..бизнесмендер очойто пайда көрүп жаткандыр... (Мен өзүм дагы дыйканмын..) Бирок бир нерсени да билели.. Баанын түшүп кетишине биздин дагы салымыбыз абдан чооң... Мисалы: 50 ящик теребиз.сорттоп келсек.6 или 9 яшик майда чыксын калганы чоң чыгат... Анан биз эмне кылабыз. Ящиктин астына майдасын салабыз дагы чоңун үстүнө теребиз...эсепте. 3-4 ящик майда калат... Бектемир байкелер. 180сомдон..сатып алат...жакшы деп... Россияга барганда алган адам дагы.усту чоң асты майда деп..1 алат. 2 алат. 3-дө албай тайсалдайт..айла жок арзан сатууга туура келет.. Эсептеп көрөлү..дыйкандар. 6 яшик 900 сомго баңкрот болмок.. А. Бектемирлерчи. 5..6....7..8 тонна алат.. канча зыян тартат.. 180 актабайт экен. Демек. 160...150....140..130...120. деп Баа.тушо берет.. 6 яшик(900сом) майданы сатывиебиз деп.. Канча деген акчадан калып жатабыз.... Кулпунайдын майда болгону бул дыйкандын өзүнөн болот...жалкоолук Дыйкандар мыкты. Бодра сорттоп берсе.. Дыйкан дагы.шыр сатат. Алган дагы. Шыр сатат.. Жеген дагы шырр жемек Ошол үчүн келгиле. Дыйкандар сорттоп жакшы чыгарып берели!
@BekbolotAlybaev
@BekbolotAlybaev Ай бұрын
Кудайга шүгүр дейли бир дагы депутат минтип башын оорутуп элдин көйгөйүн ойлоп койгон жок алар даяр акчага эле кол сунуп доляга олтуруп жеп койушат булар байысадагы мээнет кылып байып жатышат элге көп пайдасы тийип жатат мамлекетке дагы мынчалык элге пайдалуу жардам мамлекет дагы берген жок жакшылап ойлонуп көрсөңөр
@railaomurkulova4095
@railaomurkulova4095 Ай бұрын
Бектемир ишине ийгилик, озундой жигиттер кобойо берсин🙏журналист жигитке да ыраазыбыз, элге керектуу жанылык жеткиргени учун, элим онугот деп ишенем🙏👍
@mumuh763
@mumuh763 Ай бұрын
Эн тура байке сизге ишенебиз ийинизге ийглик
@УланбекДобулбеков-в4я
@УланбекДобулбеков-в4я Ай бұрын
Келечекте терең ойлонуп анан Ягода эгишти эсеп китеп кылуу керек болбосом керегинен ашыкча эгип алсак өз баасынан ылдый Сатып калуу коркунучу жокпу (ниже себе стоимост) жети өлчөп бир кесүү керек.
@УланбекДобулбеков-в4я
@УланбекДобулбеков-в4я Ай бұрын
Бектемир Бир Тууганым Учурдагы кирешелүү Дыйканчылык А келечекте Көлдүн Өрүгүндөй болбойт деп ким кепилдик берет?
@NuradinBaibatyrov
@NuradinBaibatyrov Ай бұрын
Бектемир Таластан Салам кана машина жиберем деп айтын эле бугун 22 август болуп калды. Мейли бул кундор дагы отот коробуз буйруганын. Бирок элди алдабачы суранам.
@azamatabdyrahmanov8946
@azamatabdyrahmanov8946 Ай бұрын
Аллах ыраазы болсун жигиттер
@TsedTs-jt7st
@TsedTs-jt7st Ай бұрын
Ооба Туура максаттына же Ишине чоон чон ийгиликттер болсун кыраан болсун чыгаан болсун бизде жигиттер оомиин
@blackpirate8382
@blackpirate8382 Ай бұрын
Колунардан эштеке келбейт экен, быйыл кулпунайдан куйдум силерге ишенип тигип алып
@Гульмира-ш1з
@Гульмира-ш1з Ай бұрын
Талас колго отургузбагыла , кеч калып бышпай калат
@user-nq2by3yi2g
@user-nq2by3yi2g Ай бұрын
Жалалабат жакта да кулпунай малина алган жер болсо жакшы болот эле
@ошкулатов
@ошкулатов Ай бұрын
Ушундай гангирбаштарга ишенип экпегениме суйуном😅
@Medi287
@Medi287 Ай бұрын
Акчаны берчи Бектемир
@KurganbekovIlyaz
@KurganbekovIlyaz Ай бұрын
Опыт жетпей ушундай абалдабыз
@Качыке-р3э
@Качыке-р3э Ай бұрын
Молодец Бектемир, баштадынбы эми аягына чыккын сага коптогон дыйкандар ишенет . Менда быйыл жаны баштадын , малина - Полана отургуздум . Ысык-Колдо Талды Суу айылы, эмки жылы 1 гектарга чыгабыз буйруса . Бектемир телефонунду берип койчу , офисинер кайакта . Буйруса иштешебиз .
@Фархад-й5я
@Фархад-й5я Ай бұрын
Блогер бала интервью алган, сен клубникасын откозо албай аткан элди эмнеге тартпайсын элди алдап башын айландырып адаштырдынар салган акчанарды тиккен жылы чыгарып аласынар дегенсинер клубниканы откозо албай жатышат .
@momo.association
@momo.association Ай бұрын
Саламатсызбы, биздин ушул ютуб каналыбызды жакшылап карап чыксаңыз сурооңузга жообуңузду табасыз. Биз дыйкандардын үнүн биринчи жеткиребиз.
@Фархад-й5я
@Фархад-й5я Ай бұрын
Баарын коруп келатам саткан клубниканын акчасын кайра эле витаминдерине кетип атат эч кандай актаган жери жок ,оспой куурап калгандарын кредит алып алгандар уйундо тынчтык жок кундо уршушуп жаткандарды эмнеге тартпайсын?Жалан эле жакшы жагын тарта бересин Бир жактуу кылып экинчи жагын да жаман жактарын тарт да.2 эле жыл тушум алса болот экенда андан кийин майдаланып оорусу кобойот экен.
@Кыргыз-ж7у
@Кыргыз-ж7у Ай бұрын
Аракетке берект
@musabekzhoroev5288
@musabekzhoroev5288 Ай бұрын
Жазында көчөттү арзаныраак сатсаңар жакшы болот эле.. үстүнө 1 сомдон койсоңор да Кудайга шүгүр эле болмок. Ынсап кылганың үчүн Аллах берекесин берет иншАлла.
@sagynbolotov8016
@sagynbolotov8016 Ай бұрын
Тологон ишине ийгилик сага да,брат
@Stalin86-c9e
@Stalin86-c9e Ай бұрын
Товар зор болсо клиент заранее заклад берип товарды алып кетет
@АйнураМаманова-о4у
@АйнураМаманова-о4у Ай бұрын
Дарбыз андан арзан кайгырбагыла актабай жатат
@Замир-х7м
@Замир-х7м Ай бұрын
Кудай жолунарды ачык кылсын.
@КыялКукешова-и4ъ
@КыялКукешова-и4ъ Ай бұрын
Эки жолу Берген кочотунор чыккан жокко
@АйсалкынБолотбекова-м7ф
@АйсалкынБолотбекова-м7ф Ай бұрын
акчаны берип койсоңуз жакшы болот эле Ысык-Көл облусу
@nuraiawirbaevna4651
@nuraiawirbaevna4651 Ай бұрын
Бектемир ишинер ийгилик селерге рахмат селерге ишенебиз.
@ЖыпарКожобекова-и1ж
@ЖыпарКожобекова-и1ж Ай бұрын
Бектемир каракол шаарына келбейсинби.малина.80 сомго тушуп кетти.даже.албай жатат дыйкандардын.эмгеги куйуп.жатат.келсен боло.сенде калды.акыркы умутубуз,
@mumuh763
@mumuh763 Ай бұрын
Сиз менин козумдуу ачтыныз
@Улан-ю4ш
@Улан-ю4ш Ай бұрын
Ишине игилик, Таластан салам.
@Гульмира-ш1з
@Гульмира-ш1з Ай бұрын
Россиядан бизнес мендерди чакыргыла конкуренция болуш керек
@Baktygyl-xg5ys
@Baktygyl-xg5ys Ай бұрын
Кол менен жулбай,кайчы менен кесиш керек.Кармаганда эзилип калат го бышкан нерсе.
@TsedTs-jt7st
@TsedTs-jt7st Ай бұрын
Ооба Туура айтат пайдалуу жагына караш керек
@Асыл-л1л
@Асыл-л1л Ай бұрын
Товар чогулткан перекупщиктер да күнөө күнгө ээрип калып жатат. Жетишпей жатса да бири биринен кызганып жулунуп жинди болуп жатышат
@ЛилияБердибекова
@ЛилияБердибекова Ай бұрын
Кочот алдык Кудайга шугур и оздоруно сатып атабыз Кудайга шугур пайдасы дале жакшы окутушту кантип карашты Аллах тапкандарыбыздын берекесин берсин баарыбызга ийгилик
@КыргызскийБек
@КыргызскийБек Ай бұрын
Башка жерлерди Билбейм Новосибирде малина клубника 500-600дон эле сатып атышат Бектемир жиберген товарлар
@Арман-у9р
@Арман-у9р Ай бұрын
Молодцы ийгилик байке
@ЖыргалЧегиров
@ЖыргалЧегиров Ай бұрын
Бектемир сен мыкты жигитсин эмнеге малинанын баасы ото тушуп кеттиго
@user-ll9kb3tb8v
@user-ll9kb3tb8v Ай бұрын
Колдо ежевейка 150 чейин болуп атат чуйдо 300дон болуп Атат колго деле ошондой бааза койгула
@mumuh763
@mumuh763 Ай бұрын
Алга клубмалина
@TolkunAsambaeva
@TolkunAsambaeva Ай бұрын
Ассоцияга жана Бектемирге чоон ыраазычылык кулубника малиналарды Бектемирдин видеолорун көрүп көп дыйкандар анын ичинде биз дагы сонун турбайбы деп ишенип айдаганбыз ошол ишеничибиз жерде калбайт деп ойлойбуз Экспорттун обемун чонойтуш керек дагы башка көп өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек анткени Кыргызстанда масса чыга баштадыда эмдиги жылы мынданда көп болот мисалы биз көбөйтөбүз дыйкандын эмгеги өлбөсүн малинанын баасы120га түштү жок дегенде 150сомдон түшүрбөй алсанар жакшы болмок ишинерге ийгилик баа көтөрүлөт деп ишенебиз
@Кубат-т1д
@Кубат-т1д Ай бұрын
өлдүн көтү да өл, Кыргыз өкмөтү кандай бут тосуу кылат ошонусун айт айландырбай.
@ElizaSuiorkulova
@ElizaSuiorkulova Ай бұрын
Ай элим дүнүйө ушундай кээде болот кээде болбойт.. Такыбалыкты ыктыяр кылалы кредит алып жарыбайбыз.. Мен деле дыйканчылык кылам эч нерсе боло электе чыйпылыктап атабыз.
Анжеликаны мен кайдан билем? Союзбек Сейитказиев 2024
18:24
Куудулдар Академиясы
Рет қаралды 214 М.
Teaching a Toddler Household Habits: Diaper Disposal & Potty Training #shorts
00:16
Worst flight ever
00:55
Adam W
Рет қаралды 12 МЛН
FIXING MY ROOM
15:06
Sarina Danong
Рет қаралды 1
ЖУМУШ БАР АЙЛЫК 150-200 миң КАТЕГОРИЯ В С
14:56