Керемет, сөз жок, талантыңа таазим Асылбек, сенин айтууңдагы бул ырлар биздин ата-бабалар өзү ырдаган энергииясын сездирет. Аман бол, бар бол Асылбек 👍👍👍👍👍👍
@УсупбекТоктосунов-к5ч19 күн бұрын
Аябай жакшы ырдаптыр, "Балалык"аябай таасирдуу экен. Кана ушундай ырлар кооп ырдалсын. Чоон рахмат.
@ErlanKanatov-y1c6 ай бұрын
Бали бали кандай сонун чыгарма. Бир мааракеде өзүмдү элестетип кетти го ырдап жатканымды😊
@ДанаханУсмановаАй бұрын
Азаматсыз эн туура ыр,биз Садыр иним менен сыймыктанабыз
@elmirakadyrova9471 Жыл бұрын
Азаматсын унуно береке ушундай эски ырларды кобуроок чыгарып тургула.
@АлмазбекНуритдинов-е9э Жыл бұрын
Аябай сонун аткаруу!!!!
@Jul90901 Жыл бұрын
Бар болунуз ❤
@ЖаныбекАжиевКүн бұрын
Молодец жаным жакшы ❤❤❤
@Журсун-й4н Жыл бұрын
Откон залкарлардын ырларын кайрадан элге тартуулап тургула.Асылбек суйкумдуу таланттуу баласын.Аман бол.алдыда залкардын ордун баскан акын бол.
@Gulzar-mr9zi Жыл бұрын
Ойлонтту мени балалык, -Олжосу арбын жаштыкты, Оодарып обон салалык. Ой, тилегим калсын дейм Оң менен Солго таралып. Эстетти мени балалык, Эсил алтын жаштыкты, Эскерип ырга салалык, Эки келбес болгон соң Элимде калсын таралып. Эки кары бөзүм бар, Эрикпестен угарга, Эскирбеген сөзүм бар. Элим айтып жүрсүн деп Эскертип койчу кезим бар. Кашкардан алган бөзүм бар, Канааттанып тыңшаарга. Карк алтындай сөзүм бар. Кайран жандын барында Калкыма айтчу кезим бар. Сары таман күлүктү, Сары аязга суутуп, Саяпкөй, тапкөй сынчы өткөн. Сакалын куудай-агартып, Санат ырды көп, айтып, Кушчудан Сартпай, Чонду ырчы өткөн. Салаага камчы илбептир, Санжыргалуу жаштыктын Булар салтанатын билбептир. Араба жүрөт кең жолдо, Айтып көнгөн ар сөздү, Акын чыккан Нурмолдо Аралаш болуп башынан, Айтышып келдик ар жолдо. Аксы, Талас жеринен Анча ырчыны беттептир. Асыл дөөлөт жаштыкты Аңдап айтып кетпептир! Байлоодо күлүк жулкунчаак, Бар алынча ырдашты Майлыкожо, Кулунчак. Байгеден калган күлүктөй, Баштарын эми чайкаптыр, Мааниси терең жаштыкты Булар байкаштырып айтпаптыр! Калыс кептин макулу, Казакта Майкөт, Иренчек Кара жаак акыны. Кайран дөөлөт жаштыкты, Капарына албаптыр Булар калың журтка жайбаптыр! Катындар ийрип кап токуур, Карыганча ырдаган Кайран Айдыраалы, Аттокур. Капталга камчы илбептир. Кайраты артык жаштыктын Булар кадырын жакшы билбептир. Кызылчеке, Төрөкул, Кыйкырып ырдап чыкты эле. Кызып ырдай келгенде Кыйла ырчыдан мыкты эле. Көрүнөө дөөлөт жаштыкты Көңүлүнө албаптыр, Булар көп кыргызга жайбаптыр! Азыркы жүргөн майда ырчы, Алтын дөөлөт жаштыктын, Асылын билбейт баарысы, Акын Өтө абаңдын Айтып турган чагы ушу! Бир жашында билбеген, Эки жашар болгондо, Энесине эркелеп, Ыйлап жүргөн балалык. Элде жокту тапкын деп, Кыйнап жүргөн балалык. Атасына эркелеп, Ыйлап жүргөн балалык. Айылда жокту тапкын деп, Кыйнап жүргөн балалык. Үчкө жашы толгондо, Үй-бүлөдө тили бал. Үйдүн ичин чаңытып, Үч көтөрчү жини бар. Төрткө жашы барганда, Таңга маал торгойдой, Сайрап турган балалык. Жоогазындай жайлоодо, Жайнап турган балалык. Бешке жашы барганда, Агын сууну бойлошот. Кой дегенге болбостон, Балчык кечип ойношот. Тетири кийип чапанын, Атчан адам көрүнсө, Үркүтмөккө жол тосот! Ачылып калса аркасы, Айып болуп калат деп, Чочубаган балалык. Аспиеттеп* ат кармап, Токубаган балалык. Алты жашар убакта, Атасы кармап берсе да, Аптиек* менен куранды, Окубаган балалык!.. Жеңе менен эжеден, Уялбаган балалык. Оюн кызык көрүнүп, Зарыгып жумшап жатсаң да, Тил албаган балалык. Ак сакалдуу кишини, Сиз дебеген балалык. Оокат үчүн умтулуп, Иштебеген балалык. Алдап айткан кебиңдин, Калпын билбейт балалык. Ата менен эненин, Баркын билбейт балалык. Алган менен саткандын, Наркын билбейт балалык! Жети жашка барганда, Айылдагы иттерди, Кууштурган балалык. Тезек терип, суу ташып, Бир аз, жумуш кылган балалык! Сегиз жашка барганда, Оюнга такыр тойбогон. Оромпой тээп, чики атып, Ок жыландай сойлогон. Торпокту минип жүдөткөн, Тотугуп бетин түлөткөн. Кубалап кулун, тайларды, Кубарып чарчап күнү өткөн. Жар боорунан балапан, Алып жүргөн балалык. Чегирткеге куш кылып, Салып жүргөн балалык. Балалыктын кылыгы, Айтылсын бирден саналып. Ыпылас жерди бейлебей*, Басып жүргөн балалык. Күчүгүн байлап мойнунан, Карышкырга салам деп, Шашып жүргөн балалык. Топучак издеп шиш менен, Казып жүргөн балалык. Оокат ичпей маалында, Кер сары болуп өңүнөн, Азып жүргөн балалык! Тогуз жашка чыкканда, Дөбөт менен мышыкты, Кабыштырган балалык. Кимиси кыйын экен деп, Салыштырган балалык. Эки айылдын жылкысын, Алдыртан кошуп ийишип, Айгыр менен айгырын, Алыштырган балалык. Чокуга чыгып барышып, Таш омкоруп алышып, «Менин атым күлүк» деп, Жарыштырган балалык. Онго жашы барганда, Так секирип улактай, Кутуруп турган балалык. Оюнга мооку канбастан, Жутунуп турган балалык. Айлына мейман келгенде, «Алакүш» деп иттерди, Тукуруп турган балалык. Он бир жашка келгенде, Чыйрак болсо ат чабат, Аты чыгып байге алса, Аздыр көптүр мал табат. Он үчкө жашы чыкканда, Кыраңдын терет гүлдөрүн. Карагат издеп кетишет, Калтырып алыс үйлөрүн. Кымыздык, ышкын теришет, Кызыгын көрүп дүйнөнүн. Куулук менен иши жок, Кубанып айтат билгенин. Көчүгүн күндө жоорутуп, Көрөсүң тайды мингенин. Күлкү менен өткөрөт, Күнгө бет тоонун түндөрүн!.. Кекире жагып үйлөгөн, Кесир сөздү сүйлөгөн, Кезектүү сөзгө көнбөгөн, Кетет дөөлөт балалык. Арча жагып үйлөгөн, Ашык сөздү сүйлөгөн, Айтылган кепке күйбөгөн, Анык дөөлөт балалык!.. Он төрткө жашы келгенде, Дердейип калат кичине. Каранып калат бой башын, Келин-кыз кирип түшүнө. Далбас урат делөөрүп, Жанашып бирге жүрүүгө. Он бешке жашы барганда, Оюнга тойбойт көңүлү, Орчун дөөлөт балалык. Ойлоп жолго салалык. Он алтыга барганда, Оюн салган кунандай, Окторулган жыландай, Ордунда турбас балалык! Он жетиге барганда, Ой, тоону кезип ышкырат. Ой, санаасы жок болот, Оюндан көөнү ток болот, Ойлонуп бир аз иш кылат. Он сегизге барганда, Ооматы жүргөн кез экен. Он тогузга өткөндө, Омоктуу жаштын өзү экен. Жыйырмага барганда,
@temirulan Жыл бұрын
Жыйырмага барганда, Жазылбай калды калганы. Жыргап окуп келатып, Жамаксыз калды ар жагы. Батпадыбы арманы, Же баспадыбы бармагы? :)
@ЖалынХалилов8 ай бұрын
Баспай калса бармагы Чыны канча? Жалганы? Он менен Солго тарабай Айтылбай калды калганы Айтылган жерден угаарсын Укпай да калсан капыстан Улутунуп тураарсын Билбеген сон арган жок Телефонун очуруп Уктап бир калып тынаарсын
@МунараБекмуратова Жыл бұрын
Арыба, бар бол Асылбек. Өнөрүн өркүндөй берсин.
@Gulzar-mr9zi Жыл бұрын
Сары таман күлүктү Сары аястай суутуп, Саяпкер тапкөй сынчы өткөн. Сакалын куудай агартып, Санат ырды көп ырдап, Саруу, кушчу элинен Сартбай, Чонду ырчы өткөн. Саадагын жанга илбептир, Сайып дөөлөт жаштыктын, Сап маанисин билбептир. Эки жааттап ырдаса, Элдин баары тек турат. Эл кыдырып ырдаган, Эсенаман, Бекмурат, Эргип ырдап жулунган, Элге жаккан ырлары Эсенаман мурунтан. Ээрге тизгин илбептир. Эркин дөөлөт жаштыктын Эч маанисин билбептир. Эки жашар болгондо, Энесине эркелеп, Сыйлап өткөн балалык. Элде жокту тапкын деп, Кыйнап өткөн балаык. Алты жашар болгондо, Атасына эркелеп, Ыйлап өткөн балалык. Айылда жокту тапкын деп, Кыйнап өткөн балалык. Ачылып калса аркасы Айып болуп калат деп, Ата энесин жетелеп, Ыйлап өткөн балалык. Аз ниеттеп ат кармап, Токубаган балалык. Алты жашар убакта Атасы кармап берсе да, Алда кайда чаркырап, Аптиек менен куранды Окубаган балалык. Айдап жүрсөң көй дөөлөт, Айры буттуу пендеге, Балалык башка зор дөөлөт. Дөөлөт эмей нимине Он бешке жашың барганда, Оюнга тойбойт көңүлүң. Орчун дөөлөт балалык, Жыйырмага барганда, Кыйкырып ырдап чыкты эле, Кызыл чеке, Төрөкул. Кыйла ырчыдан мыкты эле Көңүлүнө албаптыр, Көрүнөө дөөлөт жаштыкты Көп кыргызга жайбаптыр. Айткан сөздүн макулу Ташыбек, Майкөт ырчылар Казактардын акуну Асманда булут закымы Айтаарга сөзүм макулбу. Ак селдечен Нурмолдо Ал ичкиликтин акуну. Капарына албаптыр Кайран дөөлөт жаштыкты, Кураштырып ыр кылып, Калың журтка жайбаптыр. Азыркы жүргөн ырчылар Баш аламан майда ырчы. Маанисин билбейт баарысы Бийик жаздык баш жакта, Бир кыялым жаш чакта. Табыптын колу дарыда, Бир кыялым карыда. Оор чоюн кумганда, Орто жерде турганда. Оруста болот кызыл бөз, Оюма түштү ушул сөз. Түшкөн эмей эмине, Эркин дөөлөт балалык, Жык толгону балалык. Жыйырма бешке барганда, Жыла басып жүрөсүң, Жыгыларың билбейсиң, Жылоовуда балалык. Отузга жашың барганда. Оюңда турат балалык. Оюң менен иш кылсаң, Колуңда турат балалык. Отуз бешке барганда, Омбу-домбу жоргодой, Кирди-чыкты балалык. Кыркка жашың барганда, Кыя салып алдынан, Жылып өткөн балалык. Өткөн эмей нимине Кырда болот кызыл таш, Кырктын өзү кыйла жаш. Кыйла да болсо азсынат, Жаш сынган менен болобу. Жакшы ат камчы чаптырбайт, Жакындап жашка кеп айтсаң, Жаман көрүп жактырбайт, Өз теңтушуң болбосо, Келиндерге кеп айтсаң, Эч убакта эп келбейт. Ошондо түшөт оюңа, Төгүлөт шорпо мойнуңа, Өткөн экен убак деп, Жатасың тынчып ордуңда. Чачың буурул болгондо, Чардап өткөн балалык. Чаап кетет жолуна, Чаап кетип калды деп, Чакырсаң келбейт ордуна, Эр элүүгө чыкканда, Эркин дөөлөт балалык. Кете берет балалык, Кетип калды жаштык деп, Кейисең келбейт ордуна. Алтымышка барганда, Агарып сакал калганда, Атаны кайран жаштык деп, Ар ким кылат арманда. Кара өзгөй сүйлөп калп айтсаң, Каражанга күч келет. Картайганда адамга, Өлүмдөн кабар үч келет. Этиң кетип какаят, Ээктен сакал агарат, Ал өлүмдүн белгиси. Эңкейсең белден күч кетет, Эки колдон иш кетет, Ооздон отуз эки тиш кетет
@ЗамирбекАширбеков-р1ы4 ай бұрын
Кудайга шукур кыргыз элим таланттардан куру эмес
@Aman-no7cq Жыл бұрын
э бали кайталангыз акындар тарыхка бай кыргызым эч качан комуз куусу очпосун АЛА-ТООдой бийик бол Кыргызстан 🇰🇬 алга
@ГулбарчынСаримова-ш6б Жыл бұрын
Биргебиз😁
@zapi1987 Жыл бұрын
Жаштыктын баркын билбей калат адам зат из калтырып кеткен жени жок Атабыз
@maratashirov3390 Жыл бұрын
э балли👍🏼
@АзаматНазарматов-ъ1в Жыл бұрын
Эх эмне деген талант
@ЭраалыБекиев Жыл бұрын
Аксыыы керемет жеррр
@EralyAzymatov10 ай бұрын
Эл укат Адам болуу!эн кыйын!😢😢😢😮😮🎉❤!
@УланАжыгулов Жыл бұрын
Бар болунуз Асыке
@mashakyr3447 Жыл бұрын
Соонун ырдайт экенсин азаматсын только чо то текст жок
@Азимбек98 Жыл бұрын
Туура айтасыз,сүрөттүн жанына текстин кошо чыгарганда эң сонун болмок
@ЧынгызАйтматов-я9у8 ай бұрын
Ото маанилуу ыр Женижок атабыздын талантына таазим.Ошо доордун адамдары создорунун курчтуулугу ушул кунго да дал келген мазмундуу экен.
@СатымкулБегалиевКачкыналиевич Жыл бұрын
Мен сыймыктанам Женижок менен
@ДианаЗулпукарова-ф5ш Жыл бұрын
👍👍👍
@azatzairbekov606911 ай бұрын
Супер
@СапияЖумаматова Жыл бұрын
Эн сонун, керемет, рахмат👍👍👍👍
@ГульмираРыспаева-ъ3я Жыл бұрын
Баракелде! Рахмат! Бар болуңуз!
@НурланКучуков-в1ч Жыл бұрын
👍👏❤🇰🇬✊
@AisanatDautova-kf4ks11 ай бұрын
Ии, сонун сонун сонун
@СараДженбеков Жыл бұрын
❤❤❤
@ЖаныбекБалакунов-м5й10 ай бұрын
Балалык
@Айчурок-ж7г Жыл бұрын
Эээх балалык, 35ке келдикко, кыйкырган менен келбейт эми