Рет қаралды 77,566
Борбор калаанын Абай көчөсүндө жайгашкан гараждардын ээлери сарсанаа болуп отурушат. Аларга 27-январь күнү мэрия "5 күндүн ичинде гаражыңарды бузуп, чыгарып кеткиле, болбосо биз бузабыз, ага кеткен чыгымдарды төлөйсүңөр" деген билдирүү таштап кеткен. Мында СССР учурунда бетондон курулган 52 гараж бар, аянты 19 сотых. Мэрия келишимди бир тараптуу бузуп, ал жерди "Тагай бий" курулуш компаниясына 20 жылга ижарага бериптир. Ал фирма мектеп курууну пландап жатат экен.
Буга тынчсызданган гараж ээлери бизге кайрылышты. Алар жок дегенде жетиштүү убакыт берүүнү, соттун чечимин күтүүнү талап кылууда. Эгер жерди ала турган болсо компенсация бериши керек деп эсептешет. Ошондой эле көпчүлүгү кары-картаңдар болгондуктан "5 күндө кантип бузууга жетишебиз" деп бушайман болушууда.
Бул маселе боюнча Бишкек мэриянын маалымат кызматына кайрылып жооп ала алган жокпуз.