Ысык-Көл сага барам деп, Ырыска бүтсө жагар деп. Ойлогон эмес экенмин, Ошондо сени табам деп. Ойлогон эмес экенмин Гүлкайыр, сени табам деп. Көрсөм да сени миң жолу, Көл бойлоп бастым түн бою. Гүлкайыр, сенин мас болуп, Гүлүңдү искеп бир жолу. Гүлкайыр, сенин мас болуп, Өзүңдү жыттап бир жолу. Дартыма даба эте албай, Даалайлар жүрсө жете албай. Өмүрдүн баркын кеч билип, Өзүңдөн турам кете албай. Жашоонун баркын кеч билип, Жаныңдан турам кете албай. Күүгүмгө толгон кечимдин, Күкүгүн кайда кетирдиң? Гүлкайыр, гүлүм кош эми, Гүлүңдү үзсөм кечиргин. Гүлгө окшош эркем, кош эми, Күнөөлүү болсом кечиргин.
@ФерузаТемирбаева-ф4щ2 жыл бұрын
Ананайын кандай асыл жан эле. Жакшы адамдарды кантип жер кучагына алат экен а.
@Erkekyz-l2v Жыл бұрын
Кайран гана талант Кыялым болчу сизден сабак алып калсам болмок аттин 😢
@СурмаканЖусуева2 жыл бұрын
Эхх жаткан жерин жайлуу болсун
@АлмазШабаев-ь4г Жыл бұрын
Кандай кана талант 😢😢😢😢😢😢
@МээримМаматова-ь7ф2 жыл бұрын
Эээй кандай сонун инсан эле 🤲🏻
@aizadaormonova5187 Жыл бұрын
🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@ДоолотАбдуллаев-ы2ь3 жыл бұрын
Кандай кана залкар адам элениз 😪
@ЧукаСамырбекова6 ай бұрын
Мен бир жолу такси кызматында журуп Омурзак Кайипов байкебизди жеткиздим эле ошол киши Элмирбек агабыз тууралуу айтып кетти эле ото терен создорду
@user-dn2jb5bw9z Жыл бұрын
😔😔😔 эх
@БурулТемирбекова-п4ж Жыл бұрын
😥😥
@КунчбекОрозов4 жыл бұрын
Элмирбек иманалиев
@adilet11283 жыл бұрын
🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬👍😍
@КайратАйдарУулу3 жыл бұрын
Бул ырчы Ким эле Яя айтып койгулачыыыы?
@НукеКадыр Жыл бұрын
Сенин гелесодой сурооно жооп жок. Бул Улуу Акыныбыз ыраматылык
@Vesna-s9f Жыл бұрын
Сен кайсы планетада жашайсын Элмирбек Иманалиев деп уктун беле ыя