Рет қаралды 493
Форум, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин каржылык колдоосу менен, Бакай-Ата райондук маданият бөлүмүнүн алдындагы “Бакай-Ата Мурас” жаштар уюмунун демилгеси менен уюштурулду. Алгачкы сөздү модератор Медер Давлатов райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Мусулманкул Төлөбаевке берди. Ал мамлекет жергиликтүү жаштар саясатын өнүктүрүү үчүн ар тараптан өбөлгө түзүп жатканын билдирип, “Бакай-Ата Мурас” жаштар уюму ушундай мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, бир канча иштерди уюштурганын, алдыда биргелешкен 3 айлык пландары бар экенин билдирди. Форумдун алгачкы спикери болгон эколог Гамал Сооронкулов болду. Ал өзү 1957-жылы немистер басымдуулук кылган Ленинполь, азыркы Бакай-Ата айылында туулуп, өскөн. Ошондуктан ал келген жаштарга Талас тарыхын, этнографиясын, экотуризми тууралуу презентация жасап, жаштардын кызыгуусун жаратты.
Ортосунда райондун сүрөтчү агайлары “Таланттуу жаштардын таймашы” кароо-сынактарынын алкагында жаш сүрөтчүлөрдүн арасында өткөн сынакка катышкан окуучуларды сахнага чыгарып, алардын барына грамота менен символикалык белектерди тапшырышты.