Рет қаралды 117
ЖК депутаты @ruslanjakyshov 7-февралда өткөн жалпы отурумда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтовко кайрылды.
Эл өкүлү министрликтин кыргыз жарандары жашаган Түркия өлкөсүндө маданий борборлорду ачуу жакшы демилге экенин айтуу менен жергиликтүү көйгөйлөрдү көтөрүп кетти.
Атап айтканда; Бакай-Ата районундагы Герцен атындагы музейдин менчигин министрлик өз балансына алуусун айтты. Министр мырза, музейди жергиликтүү кеңештин депутаттары макулдугун берсе эле өз балансына алаарын айтты.
Депутат Жакышов, ошол эле райондо жаштар саясатынын адиси аттуу штаттык бирдикти ачууну табыштады. Себеби мындай адистер Кыргызстандын бардык райондорунда ачылган.