Бар дүйнөнүн баарынан качып, Баратамын өзүңө шашып. Тосуп алчы кучагың ачып, Апа сени коргону келдим. Бүтпөйт экен тирүүлүктө иш, Көздү жумуп ачкыча күз кыш. Мээримиңе миң ирет алкыш, Апа сени көргөнү келдим. Апа...Апа...Апа..сени көргөнү келдим.. Бул өмүрдө баарысы жалган, Жүз калоонун токсону арман. Менде убакыт сенде жок дарман, Апа сени көргөнү келдим. Түйшүк тартпа керек эмес чай, Өзүң барда көңүлдө жаз жай. Кызың чексиз бактылуу да бай, Апа сени көргөнү келдим. Апа...Апа..Апа...сени көргөнү келдим Жолум тосуп кел кызым дейсиң, Жакшыларга эл болгун дейсиң . Акылманым көлдөйгө пейилиң, Апа сени көргөнү келдим. Сен гүлзарым сенсиң жакыным, Күндө келүү парзым асылым. Башымды ийип таазим кыламын, Апа сени көргөнү келдим. Апа....Апа...Апа...сени көргөнү келдим, Апа...Апа...Апа...сени көргөнү келдим... Апа сени көргөнү келдим...
@Balajan-o1j6 ай бұрын
Мен азыр эн бактылуу кызмын ата энем мандайымда.Мен балдарымдын мандайындамын .Кудайыма шугур шугур шугур шугур
@batmahalikova10236 ай бұрын
Апоуу сизди сагындым , мен апамды корбогонумо 10 жыл болду😢😢😢. Аллахым кабырынызды нурлуу, даражанызды бийик кылсын! Кыяматта апам, атам менен бейиште жуз корушууго насип кылсын оомин. Гульназ чыгармачылык ийгилик
@nookatnookat64616 ай бұрын
Апамды коройун десем жок😢😢. Келбес сапарга кеткенине коп болду. Апооооо сагындым апа,жаным апаа. Апалар аман болсун баарыныздардын
@БурмайымНуркамилова6 ай бұрын
Соонун ыр болуптур, апаларыбыз коооп жасашсын!!! Ар дайым сый устундо журо беришсин!!!
@user-wd4ox4qe6m6 ай бұрын
Апа бар кандай жакшы апамды Сагындым Бейиштен орун берсин😢😢😢😢
@НурайМамалиева-х3о5 ай бұрын
Эх озум 21жаштамын 😭Москвада жургонумо эки жыл Болдуу бул ырды таксиде угуп калып олло ыйладым жолдо баратып 🥺🥺сразуу белет алдым жакында Апакемдин жанына барам буйруса🥺🫀🥹❤️
@ГулизатОрозмаматова-ъ7м6 ай бұрын
Гулназ маанилуу,мазмундуу,обону да сонун ыр болуптур,кайра-кайра угамын,супер
@Гуля-к8с6 ай бұрын
Апамды коргону барайын десем Апам жооок 😢. Аллахым Бейишинен берсин . Апасы барлар байлынынар бар 😢
@Bubara-dw9df6 ай бұрын
Апамды көрүп келдим жакында Жаратканга чексиз шүгүрлөр, мактоолор болсун.
@АйчурокБекБолотова3 ай бұрын
Апооооууввв Сизди сагындым 😭😭😭😭 Мен Апамды корбогонумо 4 жыл болду . Аллахым кабырынызды Нурлуу кылып , Кыяматта даражанызды бийик кылсын . Эрке кызыныз сизди сагынды….
@AinurhanAbdieva4 ай бұрын
Бул ырды уккан кезде апам эске тушуп.аябай ыйлам апанарды козунун тируусундо сыйлай билгилее козу отуп кеткенде арман кылабыз
@musaeva.tamara6 ай бұрын
АЛЬХАМДУЛЛИЛОХ АПАКЕМ БАР УЙУМ УЙ ЖАЙЫМ ЖАЙ БОЛУП ТУРАТ АПАКЕМ БАКТЫМА БАР БОЛУН АТАКЕМ 😢 КОРБОЙ КЕТКЕН КУНДОРДУ ЖАКШЫЛЫКТАРЫМЫ АПАКЕМ СИЗ КОРУШУНУЗДУ АЛЛАХЫМ ОЗУ НАСИП КЫЛСЫН
@КайрыгулКенжеева6 ай бұрын
Ма шаа Алла сонун мазмундуу ыр саптар экен.Мен да угуп ыйладым.Апасы барлардын апалары көп жашасын оорубасын,өтүп кеткендерди Аллахым өз ырахматына алсын.
@АлтынбекБатыралиев6 ай бұрын
Апам дуцнодогу эн жакшы апа ❤Аллахым апаларыбыздын ден-соолугун берсин❤❤❤Кооп жашашсын
@ГулчехраБегишова6 ай бұрын
Жүрөккө жеткен сонун ыр экен, ыйлап жатып уктум😢
@АкылайНармырзаева-ь4и6 ай бұрын
Унуно омуруно береке хит болсун АПА ларыбыз Аман БОЛСУН ден соолукта болушсун АПА лар коп жашасын
@smanova66676 ай бұрын
АПА, АПА, АПА😢😢😢АПАМДЫ, КӨРГӨНҮ БАРАМ, ЖАЙ БАШЫНА КУРАН ОКУГАНЫ ГАНА, ӨКҮНҮЧТҮҮ😢😢😢😢😢БЕЙИШИҢИЗ БОЛСУН АПА😢😢😢😢
@УполУсманжанкызы-о8ч6 ай бұрын
Соонун ыр саптыр Ото маанилуу Кыз балага аябайле кыйын э Ботон элде жерде жургон Кыздарыбыз барбы Ыйлап ыйлап уктум Апооу сагындым го❤😢
@NurkyzNurkyz6 ай бұрын
Аллага шугур апам токсон бирге чыкты сонун ыр экен азамат
@Boom-m7l5 ай бұрын
Соонун ыр болуптур❤Гулназ жузундон жылмаю кетпесин , эки дуйнолук бакыт каалайм, сен мыкты кызсын
@aigerimkalueva83916 ай бұрын
Апамды аябай катттуууу сагындым буйруса быйыл барамын апамын кучагына 5 жылдан бери кучактап жытын жыттай элекмие😢😢😢 аз калды апоуу кундорду санап кутуп журомун алдынызга барамын буйруса
@АйсулууАнарбаева-з6ш6 ай бұрын
Быйылкы жылдын хит ыры болот ❤🎉🎉
@БакытСуюмов6 ай бұрын
Гулназ синдим бактылуу бол, апан барында турмушка чыгып небере жытатып кал , ырын ото соонун ыр экен мен угуп акына чейин ыйлап уктум , себеби апам да атам да бул дуйнодон отуп кеткен, ата энеси барлар эн бактылуу адамдар убагында сыйлап алгыла , кийин кеч болуп калат
@УланЭшмамбетов-ц8ь6 ай бұрын
Аябай сонун чыгарма!!! Супер! Баардык апаларыбызга ден соолук,узун өмүр!!!😢
@УмутайЖусупова-щ4е6 ай бұрын
Ырды укпай туруп класс бастым себеби билебиз Гулназ эже ырдаган ырларын баары журоко жетет жана абдан уккулуктуу
@Сволочь-е4т6 ай бұрын
Ошо сен ойлогондой менденда бир лайк болду.
@BakygulAalieva4 ай бұрын
Апамдын корустонуно барып болгон бугумду арманымдв чыгарып алсам Курандан башка эч нерсе кыла албайм 😢😢😢
Азаматсын Гулназ айым, ,коргону барайын десем эне жааным бейишке кетип калган,аябай сыздап кеттим
@контерстрайк-э8гАй бұрын
Ушул ыр себепкер болуп мен дагы апакеме барам Аллахым буйруса ❤
@ГульназАбдыкеримова6 ай бұрын
Сонун мазмундуу уккулуктуу ыр экен бактылуу кыз экенсиң апаң бар
@ФаридаТоктогулкызы6 ай бұрын
Мен күндө барам апама көңүлүн да көтөрөм Апакем Асылым аман болуң мен сизди жакшы көрөм ❤❤❤
@АятЭранов2 ай бұрын
Менин жакшынакай апам келбес жактарга кеткен.Жаным апоу сагындым сизди😢Бир эле каттуу кучактасам болду эле апоу,апатайым.😢😢😢Ото жаш кетсиз апа,шашылып апа жаным😢😢
@kenjeasylova30366 ай бұрын
Азаматсын ишине ийгилик ❤❤❤Апам тируу болсо кана😢😢😢
@ЗумратАрзыбаева-э3э6 ай бұрын
Гклназ Чыныбык кызы вперёд молодец умница ❤❤❤❤❤❤ журогум сыздап кетти😢😢😢😢😢
@КамалидинЖарбеков6 ай бұрын
Азамаатсын Гулназ мага баардык ырларын жагат өмурун узун болсун.
@АрсталоАй бұрын
😢😢😢😢менин апама бугун 27 кун болду ееех жалган жашооо ,бейиштик болун......
@ТургунайАлимбекова-щ6с6 ай бұрын
ЫР СООНУН ЭКЕН МЕН КЕЧКЕ УГУП ЫЙЛАП ЖАТАМ .АПАМ ОТКОНУНО ТОРТ ЖЫЛ БОЛУП АТАТ КОРГУМ КЕЛЕТ .АПАСЫ БАРЛАР ЭЧНЕРСЕГЕ КАРАБАЙ АПАНА АТАНА БАР БААРЫ АЗ БОЛОТ ЭЧНЕРСЕ КЫЛБАГАНДАЙ БОЛОСУН БААРЫБИР .
@Айнагуль-ф3ь6 ай бұрын
Ото сонун ырдапсын уккулуктуу мазмууну ото сонун🎉😢
@SevaraUlukbekkyzy21 күн бұрын
Апааа сизди сагындым,,,сонун ыр болуптур!😢😢😢
@aman.syrgakov6 ай бұрын
Молодец эжеке сонун ырдасыз Чыгармачылык эргуу калаймын сизге апаларды тирүүсүндө сылайык апаларыбыз аман болсун маңдайыбызга Гулназ эжем сонун ырды угуп көзгө жаш алдым мыкты ыр болуптур 👍 😢
@ГулзинаАбдилаева6 ай бұрын
Почему-то козго жаш келип уктумго Апаларыбызды коргону барган эч узулбосун ❤🎉
@ДаНет-ы2ъ6 ай бұрын
Гульназ молодец красавица аябай соонун ыр экен апакелерибиз аман болушсун бактыбызга аябай создору маанилуу ыр экен чыгармачылык ишине ийгилик каалаймын синдим 👍🥰🌹
@nazikedoolotbaeva90185 ай бұрын
❤❤❤соонун ыр болуптур, угум деп эсимден чыгыптыр, бугун уктум🎉🎉🎉🎉🎉🎉🎉
@Калыкей6 ай бұрын
Алтын апоов сизди сагындым,буйруса куздо барам Иншаллах.
@К.Г.КК.Г.К6 ай бұрын
Мыкты соонун ырдапсын молодец апаларыбыз бар болсун
@MahabatJumalikyzy6 ай бұрын
Чыгармачылык ийгилик!ыр абдан сонун, бешенебизге апаларыбыз аман болсун!!!❤
@АидаМатаева-о2ь6 ай бұрын
Соонун ыр болуптур.Апаларым ар дайым аман болушсун.
@aigerimryskeldieva-qm1sw6 ай бұрын
Мен Бир ыйлап алдымго апамды эстеп апам болгондо ииий ырдап берет элем❤❤😘😘😘😘
@ГулизатОрозмаматова-ъ7м6 ай бұрын
Менин апам жанымда бактылуумун
@mylife.1286 ай бұрын
Соонун ырдаптыр 👍Алыстамын ..сагындым апамы, атамы, бир туугандарымы🥺 Уйго бараткан кунду элестетип уктум ырды . Аллахым ошол кунду буйрусун баарыбызга 🤲🏻
@jarkynaikonurbaeva5887Ай бұрын
Ой мынча жакшы ыр экен, кудайга шугур ата энем бар ошентседа негедир ыйлап уктумго ырды. 3 ай бирге бир уйдо жатып келдим, баарибир арман кылаберсин экен, оз колдорум мн чачын боёп башын жууп, жуунтуп чачтарын сылап келдим❤❤❤❤ баарибир сагынып калдым 15 кун болду. Алыста журсомда бее эсеп шугур кунуго видеодон коруп суйлошобуз. Узаак жашаныздар ылайым оорубаныздарчы. Оорудуум десе эле журогум сыгылат.
@АидаМустафаева-ц7о6 ай бұрын
Соонун ырдапсын апамды сагынгандан ыйлап ыйлап алдым бугум чыгып 😢❤
@ЭлизЕсимбаева6 ай бұрын
Сонун ыр болуптур 👍👍👍 Ийгилик эми сулуу мээримдуу апакениз менен клип кутобуз ❤
@АтыргулТопчубайкызы6 ай бұрын
Ушунчалык жанга жагымдуу чыгарма болуптур журогум элжиреп сагынычым журогуму ойкоп буулугуп ыйладым апакелерибиз узаак копко оорубай жашаса экен ар бир пенденин апакеси аман болсун❤❤
@Toktosun-bp8lbАй бұрын
09.11.2024 !! БАКТЫЛУУЛУК Ден соолук каалайм 🤲❤Кучтуу болунуз 💪Кыргыз эли сизди колдойт 🫂🫂
@МактимбуПолотова6 ай бұрын
Азамат эн сонун чыгарма.Клара эжеке бар болунуз
@Shairgul76766 ай бұрын
Кайра кайра ыйлап уктум апаларыбыз коп жашасын ❤❤❤
@ГуляРайымбекова-д5п6 ай бұрын
Апаларыбыз аман болсун. Соонун чыгарма болуптур молодец🔥🔥🔥
@Гулсана-ф5ь5 ай бұрын
Ракмат.Кызым.ырын.учун.. Ийгиик.сага.
@baktygulsuyunova6 ай бұрын
Аллах ыраазы болсун😢 Аябай соонун журокту элжиреткен ыр болуптур. Чыгармачылыгынызга ийгилик❤
@МинзадаДжумакариева6 ай бұрын
Бул соонун ыр укканбыз ийгилик Гулназ❤
@МээримНурланкызы-в7е6 ай бұрын
Сонун чыгыптыр Гулназ эже клип кылып тартынчы ушул ырыныз миллион болсун апаларыбыз ар дайым бар болсун ❤🎉❤️🤲🏻
@ГулжазУзакбаева-я6г6 ай бұрын
Инстаграмдан корсонор апасына сюрприз кылгандары ото сонун болуптур 3 кундон бери ыйлап коруп жатам
@АйгеримАбдыжапаркызы3 ай бұрын
Менин апамын бул дүйнөдөн өткөнүнө төрт жылдын жүзү болду😢😢😢😢😢😢
@Апамдынкызы6 ай бұрын
Алыста энемдин мээримине зар болуп журом олооо ыйлатынго энелерибиз аман болсун оорушпасын башымды сылаган апамды сагындым 😢😢😢
@АтайТолонов-э7к6 ай бұрын
Эн сонун ыр болуптур Гулназ да озу сонун кыз
@nuraidasonun62316 ай бұрын
Мынча сонун ыр ❤😍
@КенжегулТурганалиева6 ай бұрын
Аябай сонун ыр болуптур ❤жететурган апамы эстеп 😢😢ыйлап алдым
@AselNazarbekova-d1k6 ай бұрын
Жакшы чыгарма болуптур чыгармачылык ийгилик👍кана еле апакемди коруу Насип кылса кучактап кучагымдан чыгармак емесмин атин апакем периштелер койнунда бейишин тилоого аргам жок😢😢
@ЖумаканКожомбердиева6 ай бұрын
Сонун чыгарма болуптур молодцы Гулназ онорун оркундой берсин🎉
@ГулумканТорогельдиева6 ай бұрын
мен Апамы корбогонумо 2 жыл болду аз калды коргону барам
@Самара-ф3с6 ай бұрын
Мен дагы апамды жаштыгымда жоготконмун ене мееримине зар чонойдум башкалардын апасын коруп суктанам менин дагы апам болсо кана деп😢😢😢😢😢😢😢😢😢ущунчалык журогум озулет бирок еч кимге айта албайм
@ainagulakmatova85846 ай бұрын
Гульназ ийгилик! Ыр соонун. Молодец❤
@aidaaida72816 ай бұрын
Соонун чыгарма болуптур апаларыбыз Аман болсун омурлору узуун болсун бейишим апам сагындым апооом сизди.
@uzbekovaaygul23616 ай бұрын
Жаным энем жаткан жериниз жайлуу болсун.😪😪😪🤲🤲🤲
@ЭлмираКалмаматова-ъ8ж5 ай бұрын
Соонун ыр экен апаларыбыз аман, болсун.
@JdhfhJdhdhd-c1o6 ай бұрын
Апам көргөнү барсам тилеке каршы өтүп кеткен,Куран окутуп мүрзөсүн көрүп ,айылыма барып баскан жерин көрүп кайра келем😢😢😢
@UsenovaNargizaАй бұрын
Сонун ыр болуптур ❤👍👍
@ЖыпарКошумбаева6 ай бұрын
😢Азаматсын Гулназ журокту бир сыйра оорутуп ыйлаттынго.Мага Эми кеч болуп калды барып коро албайм 😢😢😢😢😢
@ТоктосунСултанбаев15 күн бұрын
Соонун ыр
@ТоктаканИстамова6 ай бұрын
Сонун ыр ар дайым апаң бешененде болсун
@jarkynaikonurbaeva5887Ай бұрын
Гулназ синдим, бул ырын мн канчасыны ыйлаттынго. Ата энелерин эстешип канча кыйналышты. Апалары барлар сыйлап калалы урмат кылайлы.
@Клара-и1е6 ай бұрын
Апаларыбыз омуру Узун болсун сонун ыр болуптур
@teddi_kdm6 ай бұрын
Гулназ соонун расса бизге керектуу музыка болуптур биз апаларды куттуктап барабызда ошого соонун болуптур Нурайдын музыкасын койот элек апалар ыйлап ыйлап батасын берип жатат апаларыбыздын козунон эчкачан жамандыктын коз жашы акпасын,жалангана суйуунучтун коз жашы болсун.
@JumagulJumagul94-dt2um6 ай бұрын
Соонун ыр болуптур
@МайрамШаршеева6 ай бұрын
Сонун, керемет ыр экен! 😊
@МуслимаРыскулова-к8щ6 ай бұрын
Аллахыма чексиз шугурлор болсун!
@СамараСалиева-п7ы6 ай бұрын
Мен да 4 балан апасы болсом да озум апамы сагынам бирок бул дуйно менен кош айтышканына коп болду жаным апам бейишинизди берсин
@Айнагул-ж4ф6 ай бұрын
Жаркылдаган Гульназ ийгилик 😊😊
@sarase69136 ай бұрын
Сонун чыгыптыр❤
@ПериАлайчиева6 ай бұрын
Апам тируу болгондо баарын таштап шашылып бармакмын жанына🥺
@nargizadarmanova48963 ай бұрын
❤❤❤ Апааа мен сизди жакшы кором жаным апам
@TestGadg6 ай бұрын
Сонун ыр болуптур бул ырды.угуп апамды эстедим бирок апам жанымда жок апамдын бейиштен орун алсын жаным апам Апасы барлар еч качан көңүлүн орутпагылаа
@ФерузаМатисакова-ъ8ъ5 ай бұрын
Кечке ушул ыр менен иш кылдым,Мааниси аябай сонун болуптур, Бирок мен эми апамды коро албайм😢 Апакемден айрылганыма 7 жыл болду😢
@АширгулДарвешова-ц3у6 ай бұрын
Азамат соонун ийгилик каалаймын 🎉🎉❤❤❤
@МирбекАбдугапаров-ы7ш6 ай бұрын
Я Роб, Я Роб, Я Роб, Я Роб атамын -апамын омурлорун узууун кылгын омийн омийн омийн
@klaraomurzakova6916 ай бұрын
Эми ушул ырындын кл ибин кутобуз чыныбек акеге салам
@АсельБайгобокова6 ай бұрын
Кандай сонун чыгарма ❤
@Нургул-ж9ю6 ай бұрын
Сооонун чыгыптыр🎉🎉
@АйгаЖалалава6 ай бұрын
Соонун чыгыптыр кызым ырын бактылуу бол
@АйсулууАнарбаева-з6ш6 ай бұрын
Былтыры «Жоолуккан кандай жакшы» менен байыдыныз эле 😊 быйыл ушул ыр менен байыныз буйурса 🎉❤😊🤲🤲🤲🤭🤭🤭