Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымда жүргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмдөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң - сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнүм, сүйчү элем сени дагы.
@НурзидаУсенова9 ай бұрын
Мага окшоп 😢сыгылып ыйлап угуп жаткан Кыз барбы 2024 23 Февраль