Рет қаралды 3,052
Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот:
Сайт: www.jakshykaba...
Instagram: / jakshykabar
Facebook: / jakshykabarmedia
Twitter: / jakshykabar
Саламатсыздарбы бир туугандар! Кыргызстандагы баардык кыргызстандыктарга жана ошондой эле дүйнө жүзүнө тарап кеткен урматтуу мекендештерге салам жолдойм!Бүгүн мен сиздер мененбиздин ишенимдин пайдубалы жөнүндө бөлүшүп баштагым келет. Бул биз эмнени кабыл алсак эмнеге ишенсек ошол жөнүндө бир нече тема, бир нече сабактар болмокчу. Бул болсо Кудай менен болгон биздин мамилебиздин пайдубалы. Ошондуктан биз пайдубалдан башташыбыз керек. Анткени үйдүн курулушунун эң негизги бөлүгү бул пайдубал болуп саналат. Мисалы курулган үйдүн тамы болобу же шыбын болобу же чатырын болобу же ички бөлүктөрүн болобу эгер аларды оңдош керек болсо каалаган учурда оңдоп алса болот ал эми пайдубал кыйраса аны кантип оңдойсуң? Ал үчүн үйдү толугу менен бузууга туура келет. Ошондуктан биз бүгүн машаякчынын жашоосунда эң негизги ролду ээлеген пайдубал жөнүндө сүйлөшөбүз. Анткени эгерде пайдубал бекем болбосо андай үйдү алтындан тургузсаң дагы ал эртели кеч кулайт. Ошондуктан пайдубалдын курулушуна маани бербей койбошубуз керек. Асман тиреген күп кабаттуу үйлөрдү курууда кээде бюджеттин 3/2 бөлүгүн пайдубалга сарыпталышы айтылып жүрөт. Элестетсеңиздер мындай күп кабаттуу үйлөр бекем болушу үчүн анын пайдубалы кандай терең болушу зарыл? Ошондуктан биз Кудай бизге алгач эмнени түшүнүшүбүздү кааласа ошондон баштайбыз. Анын айтайын деген ойун башынан баштайбыз. Мен сиздерге Лука жазган жашы кабар 1-баптын алгачкы аяттарынан окуп бергим келет:
1Урматтуу Теопил! Биздин арабызда кеңири белгилүү болгон окуялар жөнүндө көптөгөн адамдар баяндап жаза башташты.
Бул сөздөрдү Лука өзүнүн досу же бир тууганына жазып жатат. Луканын жакшы кабары кат сыяктуу жазылган,
2.Бизге ал окуяларды башынан бери өз көзү менен көргөндөр жана Кудайдын Сөзүн таратуучулар айтышкан эле.
Тактап айтканда бул окуяларды элчилер Ыйсанын шакирттери айтышкан.
3.Ошондуктан бардыгын башынан баштап кылдаттык менен изилдеп чыкканымдан кийин, мен да сага ирети менен баяндап жазып жиберүүнү туура таптым.
4.Бул аркылуу сен өзүң уккан сөздөрдүн чындык экендигин билип каласың.
Орусча котормодо сен уккан чындык сөздөр бекм пайдубал деп которулган. Демек силер уккан чындык сөздөр бекм пайдубал экенин билдирүү бул менин максатым, балким кээ бирөөңөр үчүн бул кайталоо болушу мүмкүн бирок “Кайталоо бул үйрөнүүнүн энеси”, канса кайталасаң ошончо үйрөнөсүң. Биз үчүн негиздерди билүү абдан маанилүү анткени негиздердин маанилүү нерселерди билип алсак кийинчирээк куткарылуу жолундагы майда чүйдөлөрүн билип алабыз. Ошондуктан биз бул жерде жазылгандай башынан баштап ирээти менен карайбыз. Баардык окуяларды бир жерге аралаштырбастан бир ирээт Башталыштан-Аянга чейин Кудай кандай ирээтте хронологиялык тартпте берген болсо ошондой карайбыз, ошондо биз эч нерседен башыбыз адашпай пазлдарды чогулткан болобуз. Кудайдын куткарылуу жөнүндөгү аяны бул пазл сыяктуу баш катырма сыяктуу жана биз ошол пазылды кыргызча айтканда баш катырманы чогултабыз. Бул кичинекей бөлүкчөлөрдөн турган чоң сүрөт жана биз ар бир кичине бөлүкчөлөрдү өз оордуна коебуз. Анткени ар бир бөлүкчөнүн өзүнүн гана оорду бар, жана биз аны алмаштырып албашыбыз керек. Ошондо гана чоң сүрөт сыяктуу ишенимдин пайдубалы акырындык менен тартылып бизге көрүнө баштайт. Жана менин ойумча ишенген адам ишенимдеги жашоосунда бекем пайдубалга ээ болуусу абдан маанилүү. Анткени жашоодо шамалдар жана бороон чапкындар болот. Бороон чапкындан нечен деген кемелер кыйраган канча деген пайдубалдар кулаган анткени пайдубалдар туура эмес болгон. Пайдубал бекем болгон эмес атүгүл Ыйсанын шакирттери да алардын ишеними кыйрай турган жолдон өтүшкөн. Алар 3,5 жыл бою Ыйсанын аартынан ээрчишсе дагы, бирок Ыйсанын Гетсемани багы жана Гологофадагы азап чегүүсү жана өлүмүнөн кийин алардын ишениминин имараты пайдубалына чейин толугу менен кыйраган, анткени алар биздин ишенимибиз, биздин үмүтүбүз Машаяк Ысрайылды кулчулуктан бошотот деп ойлошкон. Эми Ыйсанын өлүмүнөн кийин алардын үмүтү да өлдү анткени алардын пайдубалы кумдун үстүнө курулган эле. Анткени алар Ыйсага адамдык түшүнүгү менен ишенишкен, үмүттөнүкөн жана күтүшкөн, алар бардык эврейлер күтүшкө Машайак Падыша катары келип Ысрайылды кулчулуктан бошотот деп ойлошкон. Эч бир эврей Машайактын азап чегээрин жана өлөрүн элестете да алган эмес. Алар бул жөнүндө жазууда жазылганын да түшүнүшкөн эмес. Ошондуктан бекем пайдубал тургузуу үчүн Ыйса Машайак тирилгенден кийин аларга жазуудагы ушул чындыктарды ачып берген. Бүгүнкү күндөгү машайакчылардын дагы машайакчылык, жыйын, койчуман, жетекчи жана ишенгендер жөнүндөгү түшүнүктөрү туура эмес болгондуктан эртели кеч күңүл калуулар болуп, аларда көптөгөн кыйроолор болуп жатат.