Рет қаралды 522
ИИМ башчысынын орун басары Октябрь Урмамбетов 92 жаштагы ардагер Тенти Жаманаковдон кабар алды.
Бүгүн, 29-июнда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов 92 жаштагы ардагер Тенти Жаманаковго барып, ага министрликтин белектерин тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө, ал Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын утурлай Ички иштер министри Улан Ниязбековдун тапшырмасы менен Кыргыз милициясы менен бирге кылым карыткан ардагерлер менен жолугушуулар өтүп жатканын белгиледи. Мындай иш-чаралар, өлкөбүздүн өнүгүшүнө жана коопсуздугуна олуттуу салым кошкон инсандарга таазим кылуу максатында турмушка ашырылып жатканын да маалымдады.
Тенти Жаманаков өлкө жетекчилигине жана ички иштер министрлигине ардагерлерге өзгөчө көңүл буруп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында, мындай жолугушуулар анын жүрөгүн өзгөчө жылуулук сезим менен толтурат. Ардагер жаш милиционерлерге чың ден-соолук, кызматында ийгиликтерди жана ачык асман каалады. Ал белгилегендей, дал ушул муундардын жакшы салтарын улантууда жана салттарды сактоодо, кыргыз милициянын күч-кубатын жана биримдигин бекемдөөгө жардам берет.
Ички иштер министринин орун басары милициянын аткарган иштери тууралуу маалымат менен бөлүштү. Ал белгилегендей, кыргыз милициясы укук бузуулардын алдын алуу, жарандардын укуктарын коргоо жана коомдук тартипти камсыздоо менен активдүү алектенет. Иштеги заманбап ыкмалардын жана инновациялардын аркасында милиция өзүнүн натыйжалуулугун жана оперативдүүлүгүн кыйла жогорулатты.
Октябрь Урмамбетов, министрлик тарабынан ардагерлерге ар дайым колдоо көрсөтүп турарын, алардын кыргыз милициясынын тарыхынын жана келечегинин ажырагыс бөлүгү болгон мурастарын аяр сактоону улантат деп ишендирди. Жолугушуунун соңунда ал өлкөнүн бардык жарандарынын коопсуздугун жана тынчтыгын камсыз кылуу үчүн милиция мындан ары да өз ишмердүүлүгүн жакшыртуунун үстүндө иштей турганын баса белгиледи.