ИИМ: “Нелегал-Трафик” ыкчам алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү

  Рет қаралды 301

МВД КР

МВД КР

Күн бұрын

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан “Нелегал-Трафик” ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чараларынын биринчи этабы өткөрүлдү.
Иш-чара ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Чечими менен бекитилген «Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө-мамлекеттердин иш-чаралар планына» ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ички иштер органдары тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп келет.
2024-жылдын 3-июнунан баштап 9-июнуна чейин өткөрүлгөн ыкчам-алдын алуу жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө төмөнкүдөй иштер аткарылды. Мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө жалпысынан 1352 укук бузуу аныкталган, анын ичинен:
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу-15;
Чек арадагы эмгек мигранттары тарабынан Кыргыз Республикасындагы эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү тартибин бузуу- 87;
Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын болуусунун белгиленген тартибин бузуу- 251;
Чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасында болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн же транзиттик жүрүштүн эрежелерин бузуу-960;
-Мыйзамсыз миграцияны уюштурган 39 факты аныкталды.
Ошондой эле, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 2 факты, экстремизмге каршы күрөшүү боюнча 7 кылмыш аныкталды. Иш-чаранын жүрүшүндө 2 ок атуучу куралдар алынды. Жалпы суммасы 6.771.000 сом айып салынды.
Андан сырткары, операциянын жүрүшүндө Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ЭММКАКтын кызматкерлери мыйзамсыз иштеп жаткан диний мекеменин мыйзамсыз ишин аныкташып, токтотушкан. Анда жашы жете электерге жана өспүрүмдөргө дин сабагы уруксаты жок окутулган. Аталган мекеме толугу менен жабылып, таалим алгандар ата-энелерине өткөрүлүп берилди.
Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо окуган чет элдик студенттер арасында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү. Талкуу чет мамлекеттердин жарандары тарабынан жасалган укук бузууларды, ошондой эле аларга карата жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибинин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пікірлер
小天使和小丑太会演了!#小丑#天使#家庭#搞笑
00:25
家庭搞笑日记
Рет қаралды 36 МЛН
Players vs Corner Flags 🤯
00:28
LE FOOT EN VIDÉO
Рет қаралды 80 МЛН
🍉😋 #shorts
00:24
Денис Кукояка
Рет қаралды 3,7 МЛН
Every parent is like this ❤️💚💚💜💙
00:10
Like Asiya
Рет қаралды 18 МЛН
Самые Опасные Дороги в Мире, По Которым Вы Не Захотите Проехать
31:29
Ip Man 2 | The Boxing Competition
15:57
Cinewatch
Рет қаралды 8 МЛН
16 жылга кесилген апа Кыргызстанда
53:30
Жылдыз Тайм
Рет қаралды 85 М.
Уялчаак депутаттардын уялта турган байлыктары!
6:59
7-канал Кыргызстан
Рет қаралды 1 МЛН
小天使和小丑太会演了!#小丑#天使#家庭#搞笑
00:25
家庭搞笑日记
Рет қаралды 36 МЛН