Рет қаралды 17,713
Иса Омуркулов - Журокту журом дарылап
Созу: К.Алмазбеков
Обону: О.Кутманалиев
Жылмайсаң жылдыз көргөнсүйм
Жылынып сага көнгөнсуйм
Жарыгым жалгыз сен ал деп
Жанымдын жармын бөлгөнсүйм
Капкара көзүң моймолжуп
Карагат кадап койгонсуп
Маңкайып турсаң жанымда
Магдырайт көңүл тойгонсуп.
Айым сен 15 жаңырган
Айланып чыкпайм жаныңдан
Кашымда бир пас жок болсоң
Кайышып кетет кабыргам
Айбы же күнбү дегидей
Аппаксың жаным перидей
Алтыным сени коргөндо мен
Аз эле калам эрибей
Кызылың кызыл агың ак
Кызыгам сага ар убак
Жүзүңдөн алып кубатты
Журөктү жүрөм дарылап