Генетиканы изилдеген кыргыз окумуштуу / Санжарбек Худайбердиев / Жаратман подкаст

  Рет қаралды 52,678

Jaratman Podcast

Jaratman Podcast

Күн бұрын

Пікірлер
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Урматту подкаст угуучулары! Баарыныздарга, айрыкча апама алкыш айткандарга ийилип терээээң ыраазычылык билдирип кетейин. Бул подкастты мынчалык коомчулуктун кызыгуусун ойготот деп үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Жылуу сөздөрүңүздөр мага албан куч жана кайрат берип, туура жолдо баратат экениме ишенимимди бышыктап берди. дегендердин санын көрүп жүрөгүм ооруп кетти. Уучубуз эч качан кургабайт биздин! 2 миң жылдык генетикалык кампасы бар, кырылган сайын көбөйгөн, кадырлуу кыргыз элибиз биз! Дагы бир жолку коомдук чыгарылышта корушконго чейин сак-саламатта калыныздар! Урматым менен, Санжарбек.
@meerimsura5368
@meerimsura5368 Ай бұрын
Мына сизди коуч десе болот, жаштарга мотивация берсениз болот.Жаштар жакшы билим алгылачы.Ишинизге ийгилик, сыймыктандым сиз менен.
@Dastan_sss
@Dastan_sss Ай бұрын
Санжарбек агай сизди дагы да кутуп калабыз, билген сайын, уккан сайын али билбеген нерселерим коп экенине козум жетти...
@ШаршеналыКожояров
@ШаршеналыКожояров Ай бұрын
Салам алейкум урматтуу иним Санжарбек, алдыда келип калган жаңы жыл жакшылыктын, ийгиликтин жылы болсун! Тынчыңды алып кат жазган Шаршенаалы Кабатегин деген бир абаң, мен аты чыккан эле эмес деги эле официалдуу окумуштуу эмесмин, бирок 15 жылдан бери кыргыздын санжырасын, тилин, сөзүн, тыбыш тамгасынын үн угулду термелүүсүн өз алдымча изилдеп жүргөндөрдүн биримин. Бирок мени түшүнө алгандар да абдан аз, мен жөнүндө ФБда Ш Кабатегин, жана Кыргыз Эл касиети академиясы деген аккаунтта кээ бир маалыматтар бар, айтайын дегеним ДНК гы А-Т(D) S-G деген тамгалардын түбүндө АДам жана КиШ(С)и кыргызча сөздөр турат, бул сөздөр А-бул, аалам, Т-ата тек деми, С-сийдик(кыргызча урукту айтышкан) Г- ген же Кан деп түшүнсөк болот, ушундан Ки жана Ци энергиясы да аталат окшойт, кыскасы ушундай сөздөрдү, тамгаларды чечмелеп жүргөндордүн биримин, өзүмдүн билимим технич. анан юрид. жогорку билим бар. Мага өз ишиңди дагы терең изилдөө үчүн философ керек экен депсиз, менин ойумча кыргыз элинин философиясы же б.а Манас илими философиясы керекпи дейм, эгер кызыктуу болсо жооп берип койсоң деп урматым менен Шаршенаалы Кабатегин абаң. 0555 30 12 58 тел-вотсаб да ушул.
@ШаршеналыКожояров
@ШаршеналыКожояров Ай бұрын
Санжарбек деген, санды жарып ичинен карасаң ата-тегиңди таап иреттеп аласың деген Санжыра ушул сөздөн чыгат, а Кудай бергени өзү эле айтып атат, ошондуктан математика, геометрия(кыямат ыраа), физика(биз Ак ээ) жана биология биримдик илим экенин Кудай берип койгон экен десек болот, бул сан илими.
@жылдызкыдырмаева-д9б
@жылдызкыдырмаева-д9б Ай бұрын
Апам жаза албайт бирок, TV ден - Ютубду коюп берсем аябай көрдү. Санжардын өмүрү узун болсун деп батасын берип отурат.(Кээ бир сөздөрдү майдалап түшүндүрдүм). Өзүнө окшош акылы тирек уул -кыздары эл арасынан сууруп кетесиң деп ишенебиз. Астыга койгон максаттарына жетишине тилектешпиз. Бар бол! ❤❤❤
@elizakasymbekova3276
@elizakasymbekova3276 7 күн бұрын
Алкыш сизге, Санжарбек мырза! Ой-жүгүртүңүз кенен, билимиңиз терең, тил байлыгыңызга суктанатурган инсан экенсиз, өжөрлүктү жана илимге жол багыттаган адамдарга Аллах ыраазы болсун, Аллах сизди өзү колдоп Нобель сыйлыгына ээ болууңузга тиоектешмин! Менин балдарым да сиздей акылман, илимпоз, дүйнөнү багынткан, эл сыймыктанган инсандар болсун, амин, амин, амин! Подкастта айтылып кеткен китептер боюнча бир тиркеме кылып коесузбу, Урмат мырза, Санжарбек мырза, айрыкча Нобель сыйлыгына ээ болгон, түш көргөн илимпоз жазган китеп жөнүндө, бардык тарыхтын мыкты илимпоздордун биографиясын мыкты деңгээлде билген, физика, тарых, философия бардык илимдерди бирдей алып кеткен инсан экенсиз, маегиңиздерге рахмат, Аллах ыраазы болсун!
@КенешбекШамшиев
@КенешбекШамшиев Ай бұрын
Мындай илимпоздорду Мамлекет жетекчилери ошондой эле КЫРГЫЗ элим колдошубуз керек!!!
@ЭдилИбраев-о7н
@ЭдилИбраев-о7н Ай бұрын
Спортту колдогондой эле колдп берсе результат болмок
@umarkg5112
@umarkg5112 Ай бұрын
@@ЭдилИбраев-о7н Садыр Ал Колдук Физрукда. Камчы ал Жалал абадтын Басмачысы.
@ТакеПирмашов
@ТакеПирмашов Ай бұрын
Пустой башыны толтурсан сага ошо жакшы болот​@@umarkg5112
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чоң рахмат! Сиздей -мендей адамдардын көңүлү бизге жетет! Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат!
@manastorobekov935
@manastorobekov935 Ай бұрын
😂😂😂😂
@АльвинаДжайлобаева
@АльвинаДжайлобаева Ай бұрын
Рак оорусун айыктыра турган дуйнолук даарыны ушул биздин Санжарбек ойлоп таап калса экен 🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@Ozgon-i5h
@Ozgon-i5h Ай бұрын
Рак оорусун Улуу Кыргыздар байыртан эле айыктырган.....Рак ооруган адамды 40 кун тергетип айыктырган...
@Гульмира-д5ц
@Гульмира-д5ц Ай бұрын
Оозунузга май
@ZhibekTorobek
@ZhibekTorobek Ай бұрын
Рактын дарысы эбактан эле бар. Болгону колдонууга берилбейт.
@Гульмира-д5ц
@Гульмира-д5ц Ай бұрын
@Kyrgyzcha_yr эмне үчүн адамдар кобойбосун дейт го
@УмарСултан-у5б
@УмарСултан-у5б Ай бұрын
Амин
@АйдайНурбекова-о1ы
@АйдайНурбекова-о1ы 22 күн бұрын
Мен учун эн мыкты ТОП-1 чыгарылыш болду. Подкасттын уюштуруучуларына алкыш. Санжар мырзага аябай суктандым 👍👍👍
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 21 күн бұрын
✅ лайк басыңыз ✅каналыбызга катталңыз ✅бул видео менен группаларга бөлүшүңүз Рахмат !
@ГульмайрамКадырова
@ГульмайрамКадырова 21 күн бұрын
Кыргызымдын келечеги кенен экен,ушундай жаштар коп болсун!!!!! Алга жаштар! Саржан, өркүндөтүү билиминди сенин чоң максатың болсун!!!!!❤❤❤
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 21 күн бұрын
✅лайк басыңыз ✅каналыбызга жазылыңыз (подписаться) ✅шилтеме менен бөлүшүңүз! Рахмат!
@ainuratoktonazarova9960
@ainuratoktonazarova9960 22 күн бұрын
Ото акылдуу, грамотный специалист экен, сонун, Азамат, сыймыктанам кыргыз экенине❤
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 21 күн бұрын
Рахмат! Каналыбызга катталып, лайк басып, бул видео менен бөлүшкөндү унутпаңыздар. Жаратман улутту бирге куралы!
@ЧолпонАбылкасым
@ЧолпонАбылкасым Ай бұрын
Ушунча жолду басып отуп.Кыргыз тилин унутпай «акам,буйурса,ниет кылам,соонун создор!Бул дуйнодо кайсы бир жерде укмуш жакшы Санжар деген ака бар экенин билип журобуз !Дагыда кутобуз👏🏻👏🏻👏🏻👏🏻
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат! Бул менин эне тилим. Алыкул айткандай, .
@Жасмина-с7с
@Жасмина-с7с Ай бұрын
Санжарбектин кыргыз тил байлыгы аябай бай экен,орусчаны чалып суйлоп,аралаштырбай суйлошу эн жогору. Кыргыздын татыктуу уулу! Биздин уулдарыбыз да сиздин денгээлиниздеги инсандардан болушсун,оомин!
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат! Эне тилим суйгонумдон жанылбайм эч качан!
@shinee_boy
@shinee_boy Ай бұрын
Санжарбектин чет тилин суйлоп анан ошону кыргызча чечмелеп тушундургону эн жогорку денгээлдеги илимпоз экенин корсотуп турат. Себеби корор андар аудиториясын эске алып турганын далилдеп турат. Ишинер ийгиликтуу болсун жаратманчылар тобу жана жаратмандар.👍👍👍
@НурканКангелдиева-д1р
@НурканКангелдиева-д1р Ай бұрын
Булар ото коопту курал менен ойноп жатышат, бардык эле ачылышты " жакшы максатта" - деп башташат,....анан эле выходить из под контроля.....ковид сыяктуу, ядерная энергия,....гмо. ..и.т.д.....философтордон акыл сураганы да кооптондурат,...философтор кобунчо атеист болот. ...адашпай тврган жол катары ыйык куранды о э так билимдерди тааныган даанышмандардан кенеш алыш керек....адамдын генетикасына ДНК га аралыктан таасир беруудон алдын насинердин ченемин тизгиндеш керек.....ака укалар....😢
@АйзадаЗокирова
@АйзадаЗокирова Ай бұрын
МашаАллах көз тийбесин, өмүрү, ырыскысы,ыйманы берекелүү болсун.Ийгилик
@myltikidladeteyvideos
@myltikidladeteyvideos Ай бұрын
Маш Аллах омуруно илимине ийгилик
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат! Алыкул айткандай, бул тил менен иштеп, суйлоп, ыр ырдаган кандай ырахат!
@Таене
@Таене Ай бұрын
Санжарбектин акылына билими менен Кыргыз тили топ келишет экен Отто кызыктуу маек болду омурлуу бол ишине ийгилик.
@Милана-б9й1у
@Милана-б9й1у 29 күн бұрын
Бул жолку подкаст мен үчүн аябагандай кызык жана пайдалуу болду. Анткени мен жеке өзүм кыргыз чөйрөдө жана айылда өскөнүм үчүн, кыргыз тилдүү ушунчалык жогорку деңгээлдеги изилдөөчүнү көргөнүм аябай сейрек көрүнүш болду. Так эле мени катуу ойлонтуп жүргөн маселелер жана суроолор талкууланды. Эң кызыгы менин ушундай ой жүгүртүүлөрүмдү бөлүшүүгө адам жок болгонунда. Өзүмдү ушул үчүн дагы аябай жалгыз сезчүмүн. Кимдир бирөө менен ушул темалар туурасында талкуулагым келчү. Ушул подкасттан кийин, аракет кылсам жана бутту артка таштабасам көп ийгиликтерге жете алышымды түшүндүм. Сиздерге чоң рахмат жана алдыда көптөгөн ийгиликтерди каалайм.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar 20 күн бұрын
Чон рахмат! Менин сизге сунушум, эгер чойронуздон тушунук таба албасаныз, анда башка чойро тапканга аракет кылыныз. Эч болбосо, китептери аркылуу улуу ойчулдар менен маектешкенге аракет кылыныз. Баары жакшы болот :)
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 19 күн бұрын
✅видеого лайк басып ✅каналыбызга катталып ✅шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыз Колдооңуз үчүн ыракмат! 🙏🏻
@veraVeraA21_21
@veraVeraA21_21 Ай бұрын
Мага аябай жакты, биолог катары айта алам, билимдуу экен. Генетика жактан , физика , информатика , математика баары биринен айылгыс , Мен аспирантураны бутуро алган жокмун. Аял кишинин карьера куруусу уй булоо курганда колдоо таппаса токтоп калат экен. Мага туш кирген , биз лабораторияга дайыма реактивди Москвадан долларга алчы элек. Мага ошол туш кирди , хромосомду болуп чыгарууда метастаза учурунда клеткалардын болунуп кобойуусун токтотуп турчу реакиив метанол чыгат деп , 2 элементиен мен сурап жатам касыл элемент деп , ошол маалда куйоом ойготуп салып , канча кун настроение болуп журдум. 😊😅 Ошо менен илимий издилдоом токтоду. Арада жылдар отту. Матералдык жактан кызыкдар болуп кунумдук турмуш менен алектенип , практикалык медицинага эмгектенип кеттим. Азыр эми гематологияда ,жалпы эле цитологияда жидкостной цитология боюнча денгээлимди которуп журом. Москвада эмгектенем . Акыркы 2,жылда буюрса кайра Кыргызстанга барганга ниеттенип .жатам . Абдан суйунуп жатам. Азамат. Илимде озунун омурун полностью илимге арнап кете албайт кобу. Колдоо керек . Убакыт. Эмгек . Ийгилик ! ❤ жакшы жетип алыныз ! Кыз келиндерге , синдилерге кенеш айтарым, эн биринчи билим алып, озунорду онуктуруп кыялдагы максаттарга жетип анан турмуш курууга болчудай экен Кыйын кырдаалда билим гана диплом , билим , тажрыйрба гана измена кылбай жолок ,таяк болот экенине козум жетип , жон терим менен билдим . Билимин, билим , алууга чакырам .
@НатальяК-о5б
@НатальяК-о5б Ай бұрын
😢неужели кыргыз кыз келиндердин арасында да ушундай таза орлогон, мээси таза, адамдар калган деп суйунуп атам😅. Мени акыркы учурда кыз келиндердин манкурт болуп, мээси жуулуп, динге сунгуп кирип баратканы окундурот😢
@МаданЭльмира
@МаданЭльмира Ай бұрын
Ишинерге ийгилик каалайм , мекенге соссуз кайтыныз, озубуздун мамлекетти онуктуролу
@ЖыпаргулСопонова
@ЖыпаргулСопонова Ай бұрын
Мекенчил болууга чакырам ,сиздей илимпоздор керек аябай
@Maska-l9y
@Maska-l9y Ай бұрын
Азамат кыз,кыргыз жерине келип ой максаттарды ишке ашыр. Дем алуу да,жаңы ойлорго алып келет.
@user-gk3bi2is3k
@user-gk3bi2is3k Ай бұрын
Сиздин жазган создорунузду тушуно албай койдум. Грамматиканызда ото кооп ката бар экен. Жазган создорунду кайталап окуп тушунуктуу кылып жазсаныз.
@aijansultanova1907
@aijansultanova1907 Ай бұрын
Санжарбек ото жонокой, ошол эле учурда ожор, алдына койгон максатка жетуудо талыкпай эмгектене билген чыдамкай, озуно ишенген мыкты инсан экен. Мен аябай кубандым, угуп жатып сыймыктандым. Менин уулум, неберелерим да ушул жигиттей аракетчил болушун Алладан тиледим. Санжарга дагы коп ийгиликтерге жетуусун каалаймын. Жаратман подкастын жаратуучулурга ыраазычылык билдирем, аман болгула!
@АжаркульАбдиевна
@АжаркульАбдиевна 22 күн бұрын
Өсүп келе жаткан жаш муундарга мотивация бере турган, эң жогорку деңгээлдеги интелектуалдык подкаст болуптур.Азаматсың Санжарбек канчалык бийиктикти багындырсаң да,өздүгүңдү жоготпосуң.
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 21 күн бұрын
Рахмат! Каналыбызга катталып, лайк басып, бул видео менен бөлүшкөндү унутпаңыздар. Жаратман улутту бирге куралы!
@anarkanosmonalieva8842
@anarkanosmonalieva8842 Ай бұрын
Мен сыймыктанам кыргыздардан ушундай жаш окумуштуу чыкканына, бар бол аман бол дагы да болсо өсө бер👍👍👍🔥🔥🔥
@АкылбекИсраилов-м3м
@АкылбекИсраилов-м3м Ай бұрын
Эл анча билбеген атак данкы жумурайы журтка таанылбаган бирок тоодой дунуйону онкоргон тонкоргон тымызын кыргыздын жигиттеринин бири калайык калк билип ал бул доктор Санжарбек👍👍👍
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат палван!
@mairamemilbek8695
@mairamemilbek8695 Ай бұрын
Сөз жок, сөз жок, сөз жок🤩Эмоциялар, эмоциялар, эмоциялар🔥🔥🔥
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 19 күн бұрын
✅видеого лайк басып ✅каналыбызга катталып ✅шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыз Колдооңуз үчүн ыракмат! 🙏🏻
@AizadaTolonalieva
@AizadaTolonalieva Ай бұрын
Кудайым кыргыздарга оомат берсин. Онунугуп осуп,дуйно суктанган мамлекетке айлансак экен. Келечекте ар бир уул кызыбыз ЖАРАТМАН болсо экен.❤
@ЗейнепАбдылдаева-х4в
@ЗейнепАбдылдаева-х4в Ай бұрын
Мени Жаратман подкастын кайра коро турган Жаратман мейман келиптир.Демек биз ушундай кызыктуу маекти корууго кызыкканыбыз илимге суусаган эл экендигибизде.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@ДамираДуйшобаева-у4м
@ДамираДуйшобаева-у4м Ай бұрын
3 саат бир дем менен кунт коюп кордум. Санжар мырзага дагы чон чон ийгиликтерди каалайм. Нобель сыйлыгына жетсин ылайым. Ал эми журналист ото билимдуу экен. Суроолору дагы так, маанилуу берилип жатты. Ийгилик баарына!
@ЖусуповаАнаргул
@ЖусуповаАнаргул Ай бұрын
Сен даг маладес кыз экенсин. Жакшы нээт жарым ырыс. Сонун коммент болуптур
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@FaridaZhaanbaeva
@FaridaZhaanbaeva Ай бұрын
Себаттын дагы бир жетишкен окуучусу.Рахмат сага Себат ушундай окуучуларын учун❤
@Творюмечтаюнаблюдаю
@Творюмечтаюнаблюдаю Ай бұрын
11жыл мектепте окуп билбегенди сиздин подкасттан билдим. Эн сонун. Тажрыйба алып келип биздин балдарды балдарга устат болсонуз деп суранар элем!
@УрияЧыналиева
@УрияЧыналиева Ай бұрын
Жаратмандар, ушундай илимпоздор, чыгаан инсандар жонундо кобуроок чыгарып турсанар.Кыргызда элге таанылбаган, билин беген жаратман, колунан коп нерсе келген жигиттерибиз коп. Кээ бир журналисттер кайдагы болбогон неоселерди чыгара берет.Ишинерге ийгилик.Окумуштуу жигит иштерине ийгилик.
@altynaiabdykadyrova4813
@altynaiabdykadyrova4813 Ай бұрын
Мен эмнегедир ыйладым. Рахмат сиздерге, ийгилик каалайм! Бир кино көрүп алып бир эки күн ойлонуп, толкундангандай сезим болду.
@maksatmamytov8114
@maksatmamytov8114 Ай бұрын
Кыргыз элинин кулуну дуйнолук илимдин Премьер-Лигасында салымын кошуп жургонуно мин мертебе ыраазымын!
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@СаадаСаадакан
@СаадаСаадакан Ай бұрын
Кылым карыткан кыргыз элимдин уучу квр эмес снткени кыргыз эли жаратылыш менен ундош жашаганбыз ото аяр м: Асан кайгы атабыз мисал дал келет
@kgsimbols
@kgsimbols Ай бұрын
Керемет маек болуптур. Санжардын эрудициясы өтө жогорку деңгеелге жеткени кубандырат.. Өзгөчө байкалганы, бул анын өз тилинде эркин сүйлөп жатканы. Канча илимий маалыматтар менен иштеп жатса да тилин унутуп калбаганы менен бир топ кыргызмын дегендерге үлгү болчудай экен.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar 20 күн бұрын
Чон рахмат!
@ЖумагулЧекирова-с6в
@ЖумагулЧекирова-с6в 24 күн бұрын
Сонун. Таң калдым. Кыргызда ушундай дүйнөлүк деңгээлде илимпоз,окумуштуу жигиттери бар экенине.
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 21 күн бұрын
✅лайк басыңыз ✅каналыбызга катталыңыз ✅шилтеме менен бөлүшүңүз Чоң рахмат!
@aidartakenov8195
@aidartakenov8195 Ай бұрын
Коруп, аябай суктандым! Бардык Кыргызстандын жаштары Санжар байкедей адам болушуна тилектешмин. Негизи Санжар байкедей илимпоз байке, эжелерибиз Америка, Европа мамлекеттеринде абдан коп. Копчулугу 1985-89 жыл аралыгында туулуп, лицейде окуп, Туркияда билим алган адамдар. Бактыга жараша ошол байкелердин кээ бири менен суйлошконго, кенеш алганга мумкунчулук болгон. Мен ойлойм эгер Кыргызстандын жаштары ошол байке, эжелердей адамдар менен бир жолу суйлошуп коюшса жашоолору озгорот деп. Бул абдан чон мотивация. Суйлоп жатканда абдан жонокой адамдар, бирок бул адамдар дуйнонун глобалдуу маселелерди чечууго салымын кошкон, Америкага, Кыргызстанга эле эмес, дуйно учун маанилуу адамдар.
@ДаниярМасаев
@ДаниярМасаев Ай бұрын
Азаматсын досум,жакшы маек болуптур,сени менен классташ болгонума сыймыктанам.Жапалак айылында ,Курманжан датка мектебинде чогуу окуганбыз,кичинесинен эле озгочо бала эле,классыбызда эн кыйыныбыз эле,ишине ийгилик каалайм.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Рахмат досум! Жапалакка чон салам! 💙 тушумо кирип турат айылым!
@Эркингүл-е1у
@Эркингүл-е1у Ай бұрын
Кыргыз чынында аябай аракетчил, зирек элбиз. Ушул баалуулук бизди улут катары такшалтып, ийгилике жеткирет деген үмүттөмүн. Ата-эненин, бир туугандардын колдоосу менен сүрөөсү канчалык зор күчкө ээ экендигин айгинелеп турат. Апасы ушул жигиттердин сый урматына ээ болсун. Мүмкүн болсо, биздин жаштарга дем-кубат берген вебинар уюштурганга убактысы болсо сонун чыйыр болот. Жолу ачык, келечеги кең болуп, Нобельге татысын 🎉❤
@AminaDavid-d5r
@AminaDavid-d5r 9 күн бұрын
Ушундай профессордун студенти болгум келип жатат 🔥. 3 саатты бир дем менен көрдүм, аябай көп маалымат, инсайт, ойлор пайда болду.
@philos1708
@philos1708 Ай бұрын
Абдан билимдүү жана сабаттуу окумуштуу экен, 👍, ийгилик каалайм, Нобель сыйлыгына жетиңиз! Ал эми Урмат жөнүндө сөз жок, абдан кругозору кенен, ар тармактан терең түшүнүгү бар, каалаган темага сүйлөшө алат жана алып бара алат! Респект! Азаматтар!!! Мен сыймыктанам сиздер менен!!!! 🇰🇬🥇🥇👍👍🤲🤲👏👏👏
@АидаМусаева-ш4о
@АидаМусаева-ш4о Ай бұрын
Эн соонун подкаст болуптур! Азамат жигиттер! Бул бала менен сыймыктандым! Биялогия жонундо тушунугум жакшы эмес болсо дагы, бир дем менен кордум! Балдарыбызды окуталы Кыргыз энелер! Биздин балдарыбыз манкурт болбош керек! Биздин балдарыбыз мигрант, гастарбайтер болбош керек! Санжарбекке бекем ден соолук, узуун омур каалайм ! Аллахым ар дайм колдоп журсун! Ишине ийгилик! Дагы дагы кооп илимде ачылыштарды кыла бер! Ачкан илимдерин адамзатка пайдасы тийген илим болсун! Биз кыргыз Эли Жана Кыргыздын урпактары сени менен ар дайым сыймыктанганды Аллахым насип кылып буйрусун!
@erlankaparov7077
@erlankaparov7077 Ай бұрын
Жаратмандын ушул күнгө чейин чыккан берүүлөрүнүн алды болуптур. Укмуш! Санжар агага чоң рахмат! Көп ийгиликтерди каалайм.
@Nazira-jo2cj
@Nazira-jo2cj 24 күн бұрын
Санжарбек мырзага терен ыраазычылык чет жакта иштеп жатканына карабастан оз эне тилинде терен чечмелеп тушундуруп бергенине бул профессоналдык денгээли жогору адам дегенге жатат Чыныгы патриот адам ,чыныгы оз кесибин билген айта берсе Алладан кийинки мактоолорго татыктуу чыныгы мырза экенсиз
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 20 күн бұрын
✅бул видеого лайк басыңыз ✅каналыбызга катталыңыз (подписаться) ✅шилтеме менен бөлүшүңүз Чоң рахмат !
@АйсалкынМомунова-ж3ь
@АйсалкынМомунова-ж3ь Ай бұрын
Оооохооооо,бир дем менен куйоом экообуз угуп,токтотуп тушунуп уктук.Санжар аке чексиз ыраазычылык.Кыргыз илимпозу бардыгы суйундурду
@ЖылдызканИбраева-т2к
@ЖылдызканИбраева-т2к Ай бұрын
Ар бир Кыргыз уул -кыздары ,чет жакта канчалык кыйынчылыктарга чыдап окуп иштеп ийгилик жаратышканы сүйүнтөт, кубантат,чооң сыймык!Ийгилик каалайбыз!
@elbeers50
@elbeers50 Ай бұрын
Кыргыз мамлекетинин, элибиздин чыныгы элитасы экен! Интеллект, билими болгон жана озун тапкан, озун билген адамдардан экен. Орусташып кеткен орус провинциясынын элитасы болуп калгандардан айырмаланып осуп келаткан коз карандысыз, эгемендуу жаны муун деп эсептейм, ушундай адамдар гана осуп чыкса, орус тилине багынбай, орус коз карашына багынбай келгендер болсо гана Нобель, Оскар жана башка бийиктиктерге жетишсе болот.
@МаматэминАкматов-щ4й
@МаматэминАкматов-щ4й Ай бұрын
Мындай атуулдарыбыз бар экенин угуп аябай ыраазы болдум келечекке ишенуу пайда болду
@АльвинаДжайлобаева
@АльвинаДжайлобаева Ай бұрын
Санжарбек замандашымдын ата энесине мин мертебе алкыш Аллахым ыраазы болсун 🤲🏻🤲🏻🤲🏻🤲🏻
@AlizaSadykkazieva
@AlizaSadykkazieva 28 күн бұрын
Абдан уккулуктуу жана чон кызыкчылыкты жараткан инсан болду! Эн жонокой тилде тушундурду! Терен ыраазычылык!
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 20 күн бұрын
✅лайк басыңыз ✅каналыбызга катталыңыз (подписаться) ✅шилтеме менен бөлүшүңүз (поделиться) Рахмат!
@bektemirmatycaev7189
@bektemirmatycaev7189 Ай бұрын
Ассаламу алейкум. Бул ааламды, жалгыз Аллах таала жараткан! Аллахтын кудрети чексиз! Аллах бул ааламдагы кумдун эсебин билет! Курьанда ачык айкын жазылган. Санжар үкам иштериңе ийгилик. Апаңдын эмгегине таазим. Атаңа да чооң рахмаат. Бир туугандарың да бактылуу болушсун. Аллах сага күч кубат берсин!
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 14 күн бұрын
Биз Кыргызстанды өнүккөн өлкө кылууну жана көбүрөөк жаратмандарды шыктандырууну көздөйбүз!Бизди колдоңуз: ✅ Бул видеого лайк басыңыз ✅ Каналыбызга жазылыңыз ✅ Ссылканы досторуңузга жана WhatsApp топторуна бөлүшүңүз Чоң рахмат!
@Farida-şı
@Farida-şı Ай бұрын
Ушундай жаш жигит, ушунчалык кызык, илимий маанилуу, ар бир эле адамга тушуно тургандай маек берип атканына бир жанынан тан калып, кубанып, озубуздун кунунку болбогон проблемаларыбызга, кереги жок нерселерге убактыбызды коротуп жатканыбызга кейидим. Ушундай таза, билимдуу, илимдуу жаштар коп болсун! Жаратманга чон рахмат! 😊❤❤❤
@zarapatmambetova364
@zarapatmambetova364 Ай бұрын
Омуруно береке аман бол
@МадинаБартов-э9р
@МадинаБартов-э9р Ай бұрын
Мен бул нерсенен эмнени тушундум. Санжар байкеден Жана Апасынан Озум жаш Эне азыркы учурда. Баланы туура тарбиялоо Жана окутуу. Азыркы кезектеги эн актуалдуу суроо депрессия жолудан чыгуунуда уйроно алдым. Анан Ушундай жигитти тарбиялап оор кырдаалдада чонойткон Энелерге бир таазим🌹
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат! Мен бар болсом апам үчүн бармын! Энелерге терең таазим!
@ГулжанКадырова-ш3ю
@ГулжанКадырова-ш3ю Ай бұрын
Аябай кызыктуу ошону менен бирге адамды кандайдыр бир дегнээлде реалдуу ойлонууга чакырган подкаст болуптур. Урмат байке ар дайымкыдай суроолору маанилуу жана так.Билимдуу адамдардан ушундай подкасттар кобоё берсин.Демилгечи болуп телеберуунун денгээлин которолу. Уй ремонт кылып жатып наушник аркылуу угуп кандай бутконун билбей да калдым ❤Кыргыздардан сиздей илимоз,гений адамдар чыгып жатканы бизди кубандырат.Ишинизге ийгиликтер болсун❤Кайда журбонуз кыргыз деп соккон журогунуз аман болсун❤
@GulumKalaeva-wq4os
@GulumKalaeva-wq4os Ай бұрын
Мен кыргыз тилинде уккан эн жогорку маек болду. Чоон рахмат ушул окумуштууну чакырып маек курганынарга. Санжар мырза кыргыз аудиториясына интеллектуалдык контенттерди дагы кобуроок чыгарсаныз. Кутобуз
@ГулзатТашпулатова
@ГулзатТашпулатова Ай бұрын
Сонун ото сонун маек болуптур 🎉
@Girl_2018
@Girl_2018 28 күн бұрын
Аллахты илим менен тапкан илимпоз азамат агаларыбыз бар экенине кубанычтамын . Илиминизге иштериңизге жана элге берген пайдалуу маегиңизге чоон рахмат .
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 20 күн бұрын
✅бул видеого лайк басыңыз ✅каналыбызга катталыңыз ✅бул видеонун шилтемеси менен бөлүшүңүз! Чоң рахмат колдооңузга!
@TimBayMedAbai88
@TimBayMedAbai88 Ай бұрын
Алкыш сизге ! Ото таасирлендим, чыныгы илимпоз, интеллигент, акылдуу, терен анализ жургузуо алган ,жаштарга орнок болуучу жонокой кыргыз жигити👏 Жаратмандын жаратуучусу Урмат Насыкуловдун суроолоруна там бердим👏 интервьюер катары денгээли мыкты 👏Жаратмандыктар жарата бериниздер, дагы кучтуу таланттарды кутобуз !
@Хан-ТемирОмурзаков
@Хан-ТемирОмурзаков Ай бұрын
Бул подкастан кийин бир нече суроолорго жооп алып, бирок, ошол эле учурда андан да коп суроолор пайда болду! Ишиниздерге ийгилик!
@dineranamasalieva391
@dineranamasalieva391 Ай бұрын
Кечиресинер , мени , бугун озумо бул подкасты случайно ачтым ! Подкаст деген мен учун маанилуу деп эсептечу эмесмин !? Мен бугун озумо ушундай эки инсанды ачтым.... словами не передать , столько эмоций .Настолько все понятно и в то же время сложно ...такое чувство ,что я давно знаю этих людей ...праздник для души ..один другого глубже ...просто подарили незабываемые эмоции !! Бар болгула алтындарым , кыргызым мы потомки мудрейшего и древнейшего народа ! Любви и процветания !
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@dineranamasalieva391
@dineranamasalieva391 Ай бұрын
@kyrgyzsanjar вам спасибо , больших побед и открытий , ЖДЕМ !!
@БузакираИстамбекова
@БузакираИстамбекова 23 күн бұрын
Жаратман подкасттын баарын көрүп чыгышыңарды сунуштайм . Мен чыкканын калтырбай көрөм . Өкүнбөйсүз.
@ДианаЖуматаева-я6й
@ДианаЖуматаева-я6й Ай бұрын
Санжар агайдын: “ Адам озунун мээсине баш ийбесе, анда башка бироонун мээсине баш ийет”-дегени аябай таасирлентти. Мыктыны мыкты деш керек, мен да азыркы учурда аябай аракет кылып, академикалык карьера курууга аракет кылып жургон учурда чон дем куч берди. Математиканы окудум деп журсом, агайды коруп алып озумдон аябай уялдым. 💐💐💐💐💐
@MaatNazgul
@MaatNazgul Ай бұрын
Вы обладаете невероятной способностью к решению сложных задач. Это впечатляет!"Благодарю Аллаха за таких замечательных людей.Настолько удивительно ,прекрасно и вдохновенно было видео.
@АсылканШаршеева
@АсылканШаршеева Ай бұрын
Урмат мырзанын подкасты бекеринен "акылдуу подкаст" деп аталбайт. Кыргыз жаштарынын арасынан билимдүү, акылдуу, акылман, ыймандуулары чыгып жаткандыгы абдан кубандырат. Санжар мырзага ийгиликтер багына берсин! 🤲🏻🤲🏻🤲🏻Кыргызстаныбыз билимдүүлөр менен толукталып, келечекке зор үмүт менен караганды, Аллахым ар бир Кыргызстандын жаранына насип кылсын! 🇰🇬♥️💐🙏🤲🏻
@tynarbekarzymatov4127
@tynarbekarzymatov4127 Ай бұрын
Алгандан бергенибиз коп болсун! Илимди тушунуктуу кылып жалпак тилге которуп айтып бергени учун аябай кызыктуу болду. Санжарга жана Жаратман платформасына терен ыраазычылык 🙏👍👏
@zhazier
@zhazier 2 күн бұрын
Биз үчүн да өтө сонун маек болду,чынында бир күн кечке көрүп, угуп отуруп сиздерге кошулуп талкуулагым келип кетип атты😅. Жаратман командасына чоң рахмат,👍🏻 Санжарбек мырза менен бизди тааныштырып бул подкастты жазганыңыздарга❤. Мен дагы Америкада туруп кыргыз тилдүү контентке зар болуп турам дайым,Санжар мырза өтө туура айта кетти бул жөнүндө. Ишиңиздерге ийгилик👏👏👏
@KubatbekTabaldiev-o5e
@KubatbekTabaldiev-o5e Ай бұрын
Санжарбек кыргыз элинен чыккан жаңы билимдүү, ойчул жаштарынын жүзүн көргөздү! Абдан көп кызыктуу, маанилүү пикирлерди айтты! Улуу-кичүү дебей кайталап уккула деп сунуштайм! Маек үчүн чооң АЛКЫШ!
@Нурсултан-ж5ь2е
@Нурсултан-ж5ь2е Ай бұрын
Санжарбек аке менен подкаст тартканыңыздар үчүн ЧООҢ РАХМАТ. Так илимдерге кызыккан мен сыяктуу жаштар үчүн өтө чоң мотивация, жана келечектеги багытын, кесибин тандоого чоң жардам болду деген ишенимдемин. Мен жеке өзүм көптөн бери ойлонуп жүргөн нерсенин жообун таптым деп ишенем.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar 20 күн бұрын
Чон рахмат үкөм. Талыкпай кызыгуунду уланта бер! Албан ийгиликтер каалайм!
@abdysalama1156
@abdysalama1156 Ай бұрын
Санжарбек уулум!Мен аябай толкундануу менен уктум.Азаматсын ,Турция,Италия,Американын дунуйолук Илим борборлорун багындырып чон эмгек кылып жатыпсын!Кудайым сага Ден соолук берсин,терен Илим берип,рака каршы дарыны тапканды Насип кылсын!
@nazirashadybekova9786
@nazirashadybekova9786 Ай бұрын
Огромная благодарность за прекрасного гостя! Невероятное восхищение и гордость этой личностью! Вдохновляет и воодушевляет его путь становления и в целом его развитие,простота и человечность.
@jyrgalkeneshbekova4283
@jyrgalkeneshbekova4283 29 күн бұрын
Санжар, биринчиден сага ден соолук,алдыга койгон жалпы адамзат үчүн койгон максатың ишке ашып ийгиликтер коштосун.Кыргыз элимдин да сендей илимий ачылыштарга багыт алган жаштарыбыз бар экенин көрүп ушунчалык сүйүндүм. Мен өзүм жаш жеткенчек тарбиялаган кенже класстардын мугалимимин.Менин да ушул сендей илимге (акчага эмес) кызыккан балдар чыкса деп тилеймин.Менин да окуучум бар ал да окууга , билүүгө өтө дилгир бала ,ошол балага кандай жардам көрсөтсөм деген ойлор келет.Акчага гана кызыкпай,кыргыз элине,жалпы адам зат үчүн бир нерсе ачкан балдардан болушун чын дилим🎉 менен тилейм,өзүм математик болгондуктан ,ага көп көп нерселерди билип чыгууга кандай аракет кылуунун жолун ойлойм.Ал да сен сыяктуу Баткен жеринен туулган кыргыз бир туугандардын балдарынан.Азыркы учурда Бишкек шаарында жашап ,окуп жатат.
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 19 күн бұрын
✅видеого лайк басып ✅каналыбызга катталып ✅шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыз Колдооңуз үчүн ыракмат! 🙏🏻
@aigulbegalieva-px4df
@aigulbegalieva-px4df Ай бұрын
Санжарбек эн сонун,сага окшогон жаштар кобойсун,дагы да ийгиликтерди жарат,кыргыз тилин унутпа,кыргыз кызга уйлон, бактылуу омур сур!
@Umay_Ene_kg
@Umay_Ene_kg Ай бұрын
Санжар, сенин сухбатыңды угуп, абдан сыймыктандым. Ушундай илимпоз адамдар бар экени сүйүндүрдү. Тим эле жыргап уктум. Өзүмө жооп таппай жүргөн суроолорумду берген Урматка дагы рахмат. Мен дагы 45 жашка чыкканда физика илимине өтө кызыгып жүрөм, кесибим юрист болгонум менен. Бар бол, Санжар! Өмүрүң узун болсун! Көп тукум калтыр эми илим деп жүрө бербей. Сендей илимпоз уулдан кыргыздын саны көбөйгөнгө жараша мыктылар туулушуна калет жок. Кайда жүрсөң дагы аман жүр!
@Baishic
@Baishic Ай бұрын
Аябай укмуш маек болуптур ! Алып баруучу да аябай сонун алып барат , суйлөп аткан собоседниктин сөзүн бөлбөй. Илимпоз адамдарды дагы чакыр эми, же ушул жигитти дагы бир жолу чакыр
@aizatsngulova3078
@aizatsngulova3078 29 күн бұрын
Мен экинчи жолу коруп атам🥰 Билим! Илим! Интеллект! Жонокойлук! Бул жашоодо суйлошууго кандай сонун, кызыктуу, глобалдуу темалар бар ээ?! Кыргыз тилине илим тили аябай сонун жарашат экен😊 Ушундай илим-билимге апаныз кантип журуп кызыктырды экен? Канча китеп, статья, изилдоолорду окуган адам?
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 19 күн бұрын
✅видеого лайк басып ✅каналыбызга катталып ✅шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыз Колдооңуз үчүн ыракмат! 🙏🏻
@Nazira-jo2cj
@Nazira-jo2cj 24 күн бұрын
Чындыгын бул кесипти тандап алыш учун кызыгуу болбосо окуп ,жумушун улантып кетиш ото эле кыйын экенине угуп жатып Санжарбек мырзага тан калуум кучей берди Жумуштун артынан финансылык карадат таба албаса корсо бир туугандары коп чейин жардам кылып поддержка кылганына 😢ушунчалык ыраахы болуп суйлоду боорум ооруп кетти окуудун артынан аябай эле кыйынчылыкты коргон инсан экен
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 20 күн бұрын
✅бул видеого лайк басыңыз ✅каналыбызга катталыңыз (подписаться) ✅шилтеме менен бөлүшүңүз Чоң рахмат !
@В.Усманова
@В.Усманова Ай бұрын
Жыргап уктум, Санжарбектей уулдарыбыз көп болсун, Санжарбек ишиңе албан - албан ийгиликтерди каалайм! Жаратмандарга ийгилик, сонун подкаст!
@ЧолпонМурзакматова
@ЧолпонМурзакматова 19 күн бұрын
Суктанып да сыймактануу тан калуу менен кордум ❤ Ийгилик миссиянызга жетиниз
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 19 күн бұрын
✅видеого лайк басып ✅каналыбызга катталып ✅шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыз Колдооңуз үчүн ыракмат! 🙏🏻
@ЧынараДжылкычиева
@ЧынараДжылкычиева 28 күн бұрын
Санжар мырзага ийгилик!!! Журналист мырзага дем, куч каалайм, оркундоп осо бергиле!!!
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 20 күн бұрын
✅лайк басыңыз ✅каналыбызга катталыңыз (подписаться) ✅шилтеме менен бөлүшүңүз (поделиться) Рахмат!
@sezimalykeeva3385
@sezimalykeeva3385 Ай бұрын
Санжар мырзаны карап отуруп түрктөрдүн “Бир аял дүйнөнү өзгөртөт” деген сөзүнө дагы бир жолу ынандым. Жөнөкөй гана айылдын апасы дүйнөгө, кыргыз элине кандай гана терең адамды тарбиялап өстүрүп берген. Бир апанын колунан келген нерсе албетте башка апалардын да колунан келет деп ишенем.
@АйжанОрозобекова-ю4ц
@АйжанОрозобекова-ю4ц Ай бұрын
Арыбаныз Санжарбек мырза! Мен маегиңизди эки жолу көрдүм. Ар бир сөзүңүздү кайра-кайра токтотуп угуп чыктым. Кээде сиздин илим тереңдигине тишиниз отпой кетип жатса, менин тишим сиз берген маекке өтпөй жатты 🙂. Жер Энебиздин боорунда сиздей уулу бар экенине кубанычтамын! Миссияңыз ишке ашсын! Албан-албан ийгиликтерди каалайм, озуйпаңыз онойунан ишке ашсын!
@KenzheJapan
@KenzheJapan Ай бұрын
Кандай керемет илимпоз , Кыргыз жигиттеринде ушундай билимдуу илимпоз бар экенине чын дилимден суйунуп жатам , эмнегедир ыйлагым келип кетти , Ушундай кыргыз жигиттери кобрйсун
@Сайра-у5г
@Сайра-у5г Ай бұрын
Сакплын сапсайтып эшик кагып динге чакырып, дин деген эмге экенин билсе билбесе да билимдүүсүнгөндөрдү көргөндө жан дүйнөм эңшерилип кетчү эле. Санжарбек уулумду көргөндө, сүйлөгөндөрүн укканда жаным жай алып, бактылуу болдум . Көрсө кыргыздын туусун көкөлөтүп кармаар уул кыздарыбыз бар экен го .Кудайга шүгүр , уучубуз кур эмес экен. Кыргызымдын уул кыздары ушунтип Санжарбектей өсө берсин. Илимдин кылда чокусуна чыгып, кыргыздын туусун желбирете берсин.Энелик тилегим , бар болсун, аман болушсун. Өркүндөрү өсө берсин.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@РахатШермаматовна
@РахатШермаматовна Ай бұрын
Азаматсын укам. Атанын жолун жолдоп,элдин ден соолугун ойлогонуна. Эн жаш окумуштуу. Эки дуйно бактылуу бол.
@НурийлаСарбагышова
@НурийлаСарбагышова Ай бұрын
Азамат, ишинерге ийгилик
@nurpazyljaparov3578
@nurpazyljaparov3578 Ай бұрын
Азаматсын Санжарбек!! Кыргыз эли сендей акылдуу уулдары мене сыймыктанат!! Кыргыз элин бут дуйного тааныта бер! Аллах бардык максат -тилектерине жеткирсин 🤲🤲🤲 Ата-Энене рахмат
@ЧинараШамшиева
@ЧинараШамшиева Ай бұрын
Санжарбек сага чон таазим Аман бол чон ийгилик сага Ишине ийгилик жараткан сага жар болсун жаны ачылыштар болсун Нобел премиясына жетишинди каалаймын 😘😘😘
@NurişNuriş-c2p
@NurişNuriş-c2p Ай бұрын
ЭН КЫЗЫКТУУ подкаст ушул чыгарылыш болду окшойт . Окумуштуу бала жалпы адамзаты учун пайда алып келген мыкты инсан болушунду Аллахтан тиледим ❤❤❤
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar 20 күн бұрын
Чон рахмат!
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 19 күн бұрын
✅видеого лайк басып ✅каналыбызга катталып ✅шилтеме менен бөлүшкөндү унутпаңыз Колдооңуз үчүн ыракмат! 🙏🏻
@КайрыАбилова
@КайрыАбилова Ай бұрын
Садага болоюн Санжар иним акылыңан айланайын өмүрүн узун болсун сени көрүп кадимкидей толкундап суюнуп отурам Биздин мамлекетте коомдо сендей мыкты акылман илимпоз жаштар көбөйө берсин сен өзүң ушул турушуң менен канчалаган жаштарда чыныгы мотивация үлгүсүн бар бол айланайын бактылуу бол дагы да өзүн ойлош ойлорун максаттарын ишке ашаа берсин Кыргыз Элинин сыймыгы болуп жүрө бер.❤❤❤
@gulz.1979
@gulz.1979 Ай бұрын
Санжарбектей илимдүү, аракетчил , өжөр өз максатына жеткен кыргыздын уул кыздарын көргөндө менин да балам ушулардай болсо экен деп тилек кылам , өмүрүн узун болсун ! Апана чон рахмат!
@Gala-bn1kl
@Gala-bn1kl Ай бұрын
Ушундай эр жигиттер копчулугу сыртта журушот. Кыргызстанда алардын эмгегин колдонуш керек. Сыймыктанам эмгегинерди баалайм. Бар болгула 🎉🎉🎉🎉
@burulamanova1623
@burulamanova1623 Ай бұрын
Бул чыгарылышты көрүп аябай таасирлендим, болгон тааныштарыма жиберип, көрүп коюусун сурандым, себеби өтө таасирлүү, уул- кыз чоңойтуп, тарбиялаганга өбөлгү тузөт. Санжарбек, кыргыздан чыккан Нобель лауреаты болсун, Кулундулук жигитке ийгилик каалайбыз!
@meerimaskaralieva4607
@meerimaskaralieva4607 Ай бұрын
Мындай таасирдүү подкастты өмүрүмдө биринчи жолу көрүшүм😍♥️
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@ZeinepKasymova
@ZeinepKasymova Ай бұрын
Мен илимге аябай кызыгам,коп жылдан бери уйдо балдар менен олтура берип уже чанкап калдым десем болот,мен энсеп турган медицина илиминен бир жагымдуу жытын жыттатып эле койгондой болуп тойбой калып кеттим😊,бул кишинин башында илимдин денизи бардай экен,суйлошуп эле отура бере турган киши экен,мумкун болсо ошол адамга жолугуп кызыккан суроолорума жооп алмакмын,Аллахым менин балдарымды да ушунда илимдуу,акылдуу,зээндуу,эл жерине кереги тийген балдардан кылсын,бул кишиге да рахмат дуйнолук денгээлде илимпоз болсун, эл жерине кереги тийип олкобуздун атын чыгарып журо берсин,жаратман силерге да рахмат элдерге ушундай маанилуу, маныздуу маалыматтарды жеткиргенге себепчи болгонунарга.
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат! Балдарыңыздын кызыгууларын таамай саптап, колдоо корсотунуз! Апамдын атынан сизге Оштун самсасындай ысык салам!
@ZeinepKasymova
@ZeinepKasymova Ай бұрын
​@@kyrgyzsanjarРахмат чоон кенешинизге,апанызга менин атымдан да салам айтып коюнуз.
@aiperi150
@aiperi150 Ай бұрын
Баардык изилдоолордун, баардык илимдин чеги Куран экенин дагы бир ирет моюндадым. Ото маанилуу, таасирлуу, накта подкаст болуптур. Илимпоздор Аллахтын жараткан макулуктарын изилдеп отуруп акыркы чегин Кудайдан гана табышса керек деп ойлоп калдым…
@РахатШермаматовна
@РахатШермаматовна Ай бұрын
@@aiperi150 Ооба. Санжарбек да куранды канча ирет которуп окуп чыгыптыр
@ХхЮю-я4ф
@ХхЮю-я4ф Ай бұрын
Ушундай акылдуу билимдуу баланы торогон Бактыгул эжеге Аллахым узун омур бекем ден соолук бактылуу карылык берсин ❤амиин ажмаьиин
@ГулбадамАсанова
@ГулбадамАсанова Ай бұрын
Аминь Аллооху Акбар МаашаАллах Алхамдулиллах
@Luminousway99
@Luminousway99 Ай бұрын
2 саат 57 мүнөттүк подкастты толук аягына чейин көрөм деп өзүмдөн күткөн эмесмин. Бир демде кете берчү абдан кызыктуу маек болуптур. Терең ойго салчу суроолор талкууланыптыр. Сиздерге терең ыраазычылык ушундай жаратман, ойлонуусу терең инсандарды чакырып жаткандыгыңыздарга 🔥 Интернет, подкасттар аркылуу бизге абдан чоң мумкунчулук ачылып жатат. Мисалга, биз чакырылып жаткан инсандар менен чыныгы жашоодо отуруп ой-пикирлерин жашоого болгон көз-караштарын биле албайт элек. ❤️🔥❤️
@kyrgyzsanjar
@kyrgyzsanjar Ай бұрын
Чон рахмат!
@Эркин.Кыргыз
@Эркин.Кыргыз Ай бұрын
Ушундай көңүл толоорлук подкаст көрө элек элем. Алга Кыргыз уулдары. Ийгилик экөөңөргө тең. 🔥🔥🔥
@AigerimAbdrakhmanova-b9h
@AigerimAbdrakhmanova-b9h Ай бұрын
Я согромным удовольствием прослушала подкаст - беседа была настолько интересной и насыщенной, что я не смогла оторваться. Чувствую гордость за нашего соотечественника - невероятно умный, искренний и душевный человек.
@Enigmatic0-00
@Enigmatic0-00 Ай бұрын
Жаратманга Рахмат ушундай адамдарды чакырганынарга аябай пайдалуу баарлашуу болуптур. Эмнеге коручулор аябай аз, менин жазгандарымы окусанар албетте коргуло. Биз Кыргыз эли пайдасыз ушак керексиз видеолорду корот экенбиз миллиондогон просмотр болуп кетет, озубузду остуройлу адам озун остурмойунчо билим илим алмайынча онолбойт. СИЗ ОЗУНУЗДУ ОЗГОРТМОЙУНЧО,АЛЛАХ СИЗДИН АБАЛЫНЫЗДЫ ОЗГОРТПОЙТ! Жаратмандан аябай пайдалуу билдирме алып атам Рахмат Урмат!
@ДАМИРААХМЕДОВА-з6р
@ДАМИРААХМЕДОВА-з6р Ай бұрын
Эн кызыктуу чыгарылыш болуптур. Кыргыздардын да арасынан ушундай илимпоз чыгып жатканы аябай кубандырат. Бир кенеш: Санжарбек айтып жаткан анча- мынча информация ны таблица , графика же сурот кылып визуально да корсотсонор жаш муундагы балдарга кызыктуу болмок.
@SR-sr2ce
@SR-sr2ce Ай бұрын
Жаратманга чон рахмат Санжар мырза менен подкаст учун! Ушундай жаштарга туура улгу болчу адамдарды чакырып элге тааныта бериниздер...
@РахатСолтонова
@РахатСолтонова Ай бұрын
Азаматсыз Санжарбек, ийгилик!! Акыл эс, жан дүйнөгө төңкөрүш жасаган берүү болуптур. Канчалаган жаштарга үмүт шамын жандырыпсыңар. Илимде эн жөнөкөй, бирок өжөр, максатты туу туткан адамдар революция жасай ала турганына Санжар мырза далил болуп турат. Ушундай таланттуу, улуттун угуту болгон инсандарды алып чыгып атканы үчүн Урмат мырзага да чоң ыраазычылык. Санжар мырзанын жашоодогу философиясы мага эн чон таасир калтырды. Бул жашоону озүң келгенден да жакшыраак кылып калтыр деген сөзү. Рахмат экөөңүздөргө тен!!! Бир дем мн көрдүм, жан дүйнөгө сонун азык тартууладынар.
@김민지-s7d
@김민지-s7d Ай бұрын
Илимдуу,билимдуулор кобойо берсин бизде Оомин!!!Башка мамлекеттерден опыт алуу кандай гана жакшы👍
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 14 күн бұрын
Биз Кыргызстанды өнүккөн өлкө кылууну жана көбүрөөк жаратмандарды шыктандырууну көздөйбүз!Бизди колдоңуз: ✅ Бул видеого лайк басыңыз ✅ Каналыбызга жазылыңыз ✅ Ссылканы досторуңузга жана WhatsApp топторуна бөлүшүңүз Чоң рахмат!
@NargizaMusaeva-he7yz
@NargizaMusaeva-he7yz Ай бұрын
Вообще сонун подкаст болуптур Жараткан Аллахым колдоп Кыргыз элибизде ушундай Санжардай жигитерибиздин ийгиликтери оркундоп осо берсин🤲🤲🤲 Жараткан Аллахым эки дуйнодо пайдалуу берекелуу ырыскылуу бактылуу, ийгиликтуу жигиттерден кылсын аминь 🤲🤲🤲
@MyrzaevaKalys
@MyrzaevaKalys Ай бұрын
Санжарбек балам сенин сөзүңдөн эле билинип турат .Өтө адептүү патриот жигит экенсиң.ар тараптуу өскөн жигит экенсиң.
@aibekaibek4281
@aibekaibek4281 Ай бұрын
Абдан жакшы маек болду. Кыргызымдын ийгиликтүү, илимдүү, билимдүү, уул кыздары менен сыймыктанам!
@user-prisession
@user-prisession 17 күн бұрын
Вау тунку саат 2де да коруп отурам.Ушундай илимпоз бар экенини сыймык.Азаматсыз билбеген коп нерсени тушунуп алдым, балдарым сиздей илим изилдоочу болсун амин
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 14 күн бұрын
Биз Кыргызстанды өнүккөн өлкө кылууну жана көбүрөөк жаратмандарды шыктандырууну көздөйбүз!Бизди колдоңуз: ✅ Бул видеого лайк басыңыз ✅ Каналыбызга жазылыңыз ✅ Ссылканы досторуңузга жана WhatsApp топторуна бөлүшүңүз Чоң рахмат!
@jazgullyaturatova4798
@jazgullyaturatova4798 16 күн бұрын
Ото сыймыктандым, Лейлектен чыккан чыгаан инсан, чон ийгиликтерди жаратышынызды каалайм.
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 14 күн бұрын
Биз Кыргызстанды өнүккөн өлкө кылууну жана көбүрөөк жаратмандарды шыктандырууну көздөйбүз!Бизди колдоңуз: ✅ Бул видеого лайк басыңыз ✅ Каналыбызга жазылыңыз ✅ Ссылканы досторуңузга жана WhatsApp топторуна бөлүшүңүз Чоң рахмат!
@dauranbekusenov7579
@dauranbekusenov7579 Ай бұрын
Санжар мырза ушунча жыл бою чет олколордо журсо да, кыргыз тилин унутпаптыр, жогорку денгелде суйлойт экен, азамат, чыныгы патриот. Терен таазим сизге.
@УулканРаимкулова
@УулканРаимкулова Ай бұрын
3саат оозумду ачып аябай таң калып отуруп көрдүм🔥 Кандай жакшы кыргыздардан ушундай илим издөөдө ийгилик багындырган адамдар менен болгон подкасттар❤️🔥 Бир дем менен көрөбүз го кызыгып Зуум жолугушууга катышып калсам соонун болмок 😊 Жаратман подкаст эң соонун болот негизи Адамдын ушунчалык ички дүйнөсүн жакшы ачып бересиздер Ишиңиздерге ийгилик каалайм! Америка өлкөсүнө вашингтонго аман эсен жетип алыңыз Санжарбек мырза! 👏👏👏👏👏🔥🔥🔥🔥🔥
@СуйунДжундубаева
@СуйунДжундубаева Ай бұрын
Тлим билимдү жараман жаштарга береке💯✊🤝👌🇰🇬
@zaremaemilbekova4583
@zaremaemilbekova4583 Ай бұрын
Сонун маек болуптур, аябай кызыгуу менен кордум, даже мужа заразила. Теперь он подсел и слушает. Очень интересный гость, умный, с большим кругозором, интересно слушать прям. Ведущий тоже видно умный и образованный человек, который не перестает учиться
@jaratman_podcast
@jaratman_podcast 14 күн бұрын
Биз Кыргызстанды өнүккөн өлкө кылууну жана көбүрөөк жаратмандарды шыктандырууну көздөйбүз!Бизди колдоңуз: ✅ Бул видеого лайк басыңыз ✅ Каналыбызга жазылыңыз ✅ Ссылканы досторуңузга жана WhatsApp топторуна бөлүшүңүз Чоң рахмат!
@ibaratsoronova5503
@ibaratsoronova5503 Ай бұрын
Ваауу🤯. Бул чыгарылыш бомба болуптур. Менин журогум баттан дукулдоп согуп, мээм чыналып чыкты. Санжарбек менен сыймыктанып , тобом кокко жетти.
@aizharkynzhusupova4733
@aizharkynzhusupova4733 Ай бұрын
Аябай мыкты илимпоз экен. Эн кызыктуу чыгарылыштардын бири болуптур! 3 саат 30 мүнүттөй өттү! 👏🏼
«Жат бауыр» телехикаясы І 30 - бөлім | Соңғы бөлім
52:59
Qazaqstan TV / Қазақстан Ұлттық Арнасы
Рет қаралды 340 М.
Негативдүү ойлордон арылып, эмоцияларды башкаруунун жолу
20:54
Айсулуу Алмаз - Дени сак мамиле подкаст
Рет қаралды 49 М.
Жылдын эң мыкты тамашалуу айтышы!
17:58
Айтыш Алыш
Рет қаралды 515 М.
РЕЛИГИЯ КОЧЕВНИКОВ: тенгрианство vs ислам / Мелис Мураталиев
1:09:13
ТУРДУР с Ларисой Булиной
Рет қаралды 173 М.