Күтөм кечте келгилечи кубанычымды бөлүшүп, Бажырайтып жүзүңөрдөн бакыт нурун төгүлтүп. Кадыр билбес достор менен кантип өтсүн гүл өмүр? Достук отун өчүрбөсүн майрам болор бул өмүр. Отуралы куттуу кечте оо, досторум көңүлдүү, Шашпа дейли, бар бол дейли, бул бир келген өмүрдү. Силер келбей супсак болор бул кеченин шарабы, Ыр-бий менен саймалансын өмүрдүн бир барагы. Биз болбосок толбой турар достуктун ыр кесеси, Ыр-күү менен жадырасын өмүрдүн бир кечеси. Бермет чачып жүзүңөргө белек болсун ошолор, Ырга айлансын көңүлдөрдөн төгүп турган сулуу нур, Күүгө айлансын жүрөктөрдөн төгүп турган жылуу нур. Күтөм достор, жаздын гүлүн күндүн нурун күткөндөй, Үйүм бүгүн шаңга толсун койбогула түк келбей. Сагынычка толгон жүрөк алсын көпкө серпилип, Ыр төгүлсүн, сыр төгүлсүн жүрөк эрксиз желпилип, Бирге досум өткөрөлү мындай кечтин неченин, Силер менен сезсем деймин өмүр майрам экенин, Достор менен сезсем деймин жашоо майрам экенин
@user-nm9gv1tl8g3 жыл бұрын
К.Артыковдун булбулдай унун пайдаланып коптогон ырларды жаздырыш керек кыргыз элим
@user-ix5gs2ug6t2 жыл бұрын
Өлүп кете электе дейсиңби. Кыргыз качан өлгөндөн кийин гана кадырын билет да негизи!
@user-ii6gv6td9s2 жыл бұрын
Койгула антип айтпагыла омуру узун болсун менин акамдин кооп жашан бекем ден соолукта болун ар качан ооба сиз жараткан сиз ырдаган ырлар Кыргызымдын алтын фондуна сакталат бул чындык Кыргызымдын дагы бир асылы .🥰🥰👏👏👏❤🤲🤲🤲💐💐💐💐💐.
@user-rc1zo2pq1l2 жыл бұрын
туура ал күчү барында эстрада ырларды чыгартып алгыла балкым жашым өтүп калды деп тартынып жүргөндүр бар катып жүргөн ырлары сурагыл жаштар
@user-nq1qw2sp2u2 ай бұрын
Молодец! Балли, Балли, Балли! Эн соонун ыр экен, эн соонун аткарыпсын! Унуно береке! Талантын оркундой берсин! Кооп жаша! Омурун узууууун болсун! Менин курсташым, группалашым, суйуктуу жердешим! Сени мн сыймыктанам! Россия-Кузнядан салам жолдойм! 👍👍👍👏👏👏🌷🌷🌷🥰💞💖🥰🎆🎆🎆🔥🔥🔥🙏🙏🙏
@user-jg6zt9dy9q3 жыл бұрын
Агай картайбаныз
@minuraakaeva62603 жыл бұрын
Кадырдын ар бир ыры уккулуктуу, уну укмуш , бар бол группалашым.
@begishbakaeva37883 жыл бұрын
Абдан жылдыздуу инсан экен, чыгармага сөз жок💚💚💚
@user-ix1mj7ou4d3 жыл бұрын
Арноо концерттен аябай күтүп көрчүмүн.
@user-mu8ee3bh2j3 жыл бұрын
Жакшы
@user-fu2fr8ve2h3 жыл бұрын
Кадыралы агай ылайым уул кыздарыңыз да сиздин жолуңузду жолдоп сонун ырларды ырдасын.
@user-jd1we4fk8w Жыл бұрын
👍👍👍🥀🥀🥀🥀🥀🌹🌹🌹⚘⚘⚘
@user-nm9gv1tl8g3 жыл бұрын
Эн сонун ыр,авторго жана композиторго ырахмат,кудай ден соолук,узун омур берсин сиздерге
@user-qm9tp1qj1q3 жыл бұрын
Биздин агабыз,сиз менен сыймыктанабыз
@user-jg6zt9dy9q3 жыл бұрын
Ушунчалык жумшаак жонокой мээримдуу агай деп ойлойм ал эми ырлары уккан адамды ыйлатат
@user-jg6zt9dy9q3 жыл бұрын
Мындай сонун обондор башынызга кантип каяктан келет.Арбайсыз го бар болунуз.
@user-ih8mv1lh4d3 жыл бұрын
Сонун аткаруу!!!
@user-ug1sj6kq2z3 жыл бұрын
Озумдун аяш атам го👍👍👍👍👍
@user-nu2vo6ee7v3 жыл бұрын
Сонун чыгар экен
@user-ev2ox6ns3n2 жыл бұрын
Эн соонун ыр озуно жарашат бар бол коп жашаныз
@user-vp1ce1ht4g3 жыл бұрын
сонун обончу
@lizaliza71002 жыл бұрын
Эх, кандай сонун ырлар...
@eldiyarjaparov62953 жыл бұрын
Кадыр билбес достор менен кантип отсун омур.
@user-vr2ov3lu3b2 жыл бұрын
Бар болунуз! Сонун!
@aikusabegimkulova25633 жыл бұрын
Ыр эмес бекен, кандай сонун ыр
@user-jq9ng7gx2s Жыл бұрын
Обон деп,ыр деп ушуну айтыш керек.СУПЕР,КЕРЕМЕТ!!!!!!!!!!! БАР БОЛУНУЗ!!!!!!!!!!