Рет қаралды 41,647
Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында өткөн көк бөрүнүн финалдык беттешинен соң ызы-чуу чыкты. Андан кийин «Достук» жана «Ынтымак» командаларынын көк бөрүчүлөр чогуу кайрылуу жасады.
«Достук» командасынын оюнчусу Манас Ниязов жеңишке жеткен «Ынтымак» командасын куттуктады.
«Кыргызстан кичинекей эле эл, экиге бөлүнбөйлү. Кичине туура эмес иштер болуп калды. Күйөрмандарыбыздын атынан кечирим сурайбыз. Бөлүнбөй, жакшылыктарда көрүшүп жүрөлү», - деди Ниязов.