Рет қаралды 192,672
Кече күнү Нарын облусунун Жумгал районунда кичинекей балдардын арасында көк бөрү оюну уюштурулдуу.
Мелдештин максаты, кичинекей муундардын арасында спортко кызыгуу, жана көк бөрү оюнун элге жайылтуу.
Мектебибиздин жетекчилери жана агайыбыз Мукаев Белек, сый көрүп, көк бөрүгө жаш балдарды кызыктырды!
Бул мелдеште, чоң оюндагыдай эле гимн менен чыгып, бири бири менен саламдашып, оюнчулар элден бата алышты. Баса, айта кетсек оюнчулар эшек минип чыгышты, ар бир оюнчунун тулпарларынын өз аттары да болду, мисалы: Чагылган, Шторм жана башкалар...
Мектептин атынан Жумгал районунун көк бөрү федерациясына терең Ыраазычылык, жана ийгилик каалап кетмекчибиз!