Ассаламу алайкум, урматтуу “Насаат Медиа” порталынын күйөрмандары. Көптөн бери тыныгуу алып, кайрадан кезектеги подкастыбызды сиздердин назарыңыздарга сунуштап жатабыз. Бул чыгарылышыбыздын коногу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана грек-рим күрөшү боюнча жүздөгөн спортчуларды тарбиялаган Хаким Махмудов агайыбыз болмокчу. Соңку Париж Олимпиадасынан кийин тирүү легендага айланган бул феноменалдуу инсанга кызыккандардын саны арбын. Атайын биздин көрүүчүлөрүбүз үчүн Хаким атабыздын өмүр баяны, балалык кыялы, машыктыруучулук тажрыйбасы, үй бүлөсү, Исламга кайтуу баяны, узак жылдар бою каза болгон орозо жана намаздарын кантип толтурганы, чуркоо менен басуунун керемет сырлары, мыкты спортсмен болуунун алтын формуласы, эмне үчүн Талас жергеси күрөшчүлөр менен таанылганы, шакирттеринин эң мыктысы болгон Жанарбек Кенжеев жана Жоламан Шаршенбеков тууралуу, Париж Олимпиадасындагы кыргыз курамасынын ийгиликтери жана каталары, диндин спорттогу орду, спортчунун эң башкы душманы, күрөштүн келечеги жана 20 жылдан бери азан чакыруунун пазилеттери жөнүндө кенен маек кылганга аракет жасадык. Күрөшкө айланган 86 жылдык өмүрүндө кайратынан жазбаган Хаким агайдын өздүк бейнесине биргеликте назар салалы. Тасманы толугу менен көрүп, жактырып жана бөлүшүүнү унутпаңыздар! Алып баруучулар: Улан Давлеткулов жана Нуриет Абдулазиз 00:00 Кириш сөз 00:07 Машыктыруучу Хаким Махмудовтун туулуп өскөн жери, балалыгы тууралуу 04:45 Спортко кызыгуунун башаты 08:14 Күрөшкө кантип келип калганы жөнүндө. Жаштык убагындагы максаттар 14:41 Студенттик күндөр 21:21 Спорттогу ийгиликтери жана шакирттери 26:08 Кантип машыктыруучу болуп калдыңыз? 32:17 Спортто ийгилик жаратуунун негизги сыры 40:43 Машыктыруучулардын арманы 43:41 Шакирти Жоламан Шаршенбеков тууралуу 48:38 Динге кайтуу баяны 55:11 Жыйырма жыл бою азанчы болуунун пазилеттери 01:03:34 Кырк жылдык каза болгон орозо жана намазды кантип толуктадыңыз? 01:06:06 Диндин жашоодогу орду 01:08:46 Күчтүү мусулман деген ким? 01:10:36 Күн сайын эрте менен чуркап, басканымдын пайдасы 01:18:37 Күрөш деген эмне? 01:20:25 Спортчулардын эң башкы душманы ким? 01:21:38 Учурда кайсыл шакирттериңизди даярдап жатасыз? 01:23:08 Балдарды спортко берүүдөгү эң ыңгайлуу жаш курак жөнүндө 01:27:28 Өлкөдөгү спорттун азыркы абалы 01:28:48 Спортту өнүктүрүү үчүн сунуштарыңыз 01:32:48 Париж Олимпиадасына анализ. Ийгиликтер жана кетирген каталарыбыз 01:37:55 Спорттун кемчиликтери 01:40:53 Хаким Махмудовтун бир күндүк күн тартиби кандай? Агайдын берген батасы
@bilimmedia196011 күн бұрын
Өмүрүнө берекелүү болсун🤲🏻
@saadateshmatova110611 күн бұрын
Мына үлгү башка улуттун өкүлү болуп туруп кыргызча укмуш сүйлөп, кыргыздар менен сиңишип, ак эмгектин аркасы, чын ниеттин аркасы менен бир мамлекеттин эң жогорку деңгээлдеги урмат-сыйын көрүп, бейпил карылыкты жашап жатат. Өзгөчө кыргызча каяктан үйрөнөм деген кыргыздар көрүп алышсын. Ниетти түз кылып кылса болбой турган нерсе жок Агайга бактылуу карылык!
@Mederbek-g9y17 күн бұрын
Агай мыкты агай өзүн жумушун ,жакшы билген динге бекем
@АидаИсабекова-я9вАй бұрын
Үлгүлүү каарылык, Хаким агайдын өмүрү берекелүү болсун, кылган амалдарын Аллахым ката кемчиликсиз кабыл кылсын
@Shabdan-yd5ekАй бұрын
Кудай- таала баардыгыбызга ушундай жакшы карылык насип кылсын.Агайга Кудай таала 100 чыгышты насип кылсын!
@БекебаеваДинара27 күн бұрын
Хаким агайга ден соолук, бактылуу карылык каалайм.
@АбдинасирЭрматов27 күн бұрын
Өтө эрки күчтүү адам экен,өмүрүн берсин кудайым🤲
@IliiasovAidarАй бұрын
Хаким атанын мечитте 5 маал 10 жылдан бери азан айтканына суктанам
@ДамирШеровАй бұрын
Абдан кызыктуу маек болуптур ,мусулмандардын бийиктиктерди багытта берейли.
@user-ke1bo8qz4gАй бұрын
Оор заман күчтүү адамды жаратат, күчтүү адам жакшы заманды жаратат, жакшы заман алсыз адамды жаратат, алсыз адам оор заманды жаратат.
@Жыргалбек-щ6э27 күн бұрын
Арабский лайфхак
@Бакыт-н7ы20 күн бұрын
Аттин десениз
@nagimamaksatbekova5847Ай бұрын
Агайдын турган турушу менен үлгү экен, маа шаа Аллах
@ZhyldyzKurumshieva27 күн бұрын
Абдан соонун инсан коп жашаныз Хаким ата
@Чигеваро3 күн бұрын
Ма ша Аллах!
@Дони-ь7у21 күн бұрын
Аллах раазы болсун агайдан,баатыр наамын бериш керекко э туугандар?
@MyLife-kn8mgАй бұрын
Хаким атадан Аллах ыраазы болсун, мына үлгүлүү карылык. Аллахым бизге дагы ушундай карылык насип кыл.
@ГабитАйкулов26 күн бұрын
Алла береке берсін
@ВенераАкылбекова-ф4ь18 күн бұрын
Мыкты маек болуптур👏 Баракелде👍🏻 Хаким агай айткан алтын насаатарды,азыркы учурда коуч тар сабак кылып сатып атышат,,, Агайдын жашоосу мага аябай таасир берди. Озгочо эрки кучтуу экен👍🏻 Аллахым ыраазы болсун подкаст учун👍🏻👏
@АкжолтойКудайбергенова-е8ъ28 күн бұрын
Кандай соонун аташка 😊
@JyldyzbekKulukeevАй бұрын
Подкас деген ушундай экенда корсо,Агайга ден соолук,Жигиттерге ийгилик.
@Asmrtoys-1_dollsАй бұрын
Хаким агай ар бир берген маектериңизди калтырбай угуп келем,чын жүрөктөн сизге ден соолук каалайм.Аллахым ушул күнгө жеткирип,сиздей инсандын сөздөрүн укканды мага насип кылды Алхамду лиллях.Аллахым ыраазы болсун сиздерден!Маа шаа Аллаху!
@АбдималикМураталиев-б5х28 күн бұрын
Ото сонун маек Хаким агай азаматсыз
@aichurokkulamzhanova502728 күн бұрын
86 жаш Ма ща Аллах, 66 дай корунот , Аллах деген Адамды ушинтип жузуно Нур берип бактылуу каарыдык берет деген ушу,
@nurbek7630Ай бұрын
Жан дуйном эс алды коруп олтуруп.баарынардан Аллах ыраазы болсун.
@КанатОмуралиев-и4т10 күн бұрын
🏅
@КанатбекАхмировАй бұрын
Омурунуз узун болсун 🤲
@Kg-grupАй бұрын
Оор замандан күчтүү адамдар тарбияланат. Аллахым ыраазы болсун.
@ЗамирбекБатыров-х2зАй бұрын
Хаким агай сизден Аллах ыраазы болсун
@cholponmukambetova28 күн бұрын
Аллах таала Хаким агайдын омурун дагы узун кылып, бейиштик кылсын. Хаким агайдай бизге эрк берсин🤲🤲🤲.
@Beksultan-k4q26 күн бұрын
Агайга Алаа ыраазы болсун!
@5-dc3ukАй бұрын
Маа шаа Аллах , үлгүлүү каарылык , берекелүү өмүр .
@nurpeiilashibaevaАй бұрын
чон рахмат! мен абдан кутком Хаким агай менен маекти. Алла ыраазы болсун!
@АсылбекЖакыповАй бұрын
Хаким устаз , Аллах ден соолугуңузду чың кылсын
@ГульмираТоктобайкызыАй бұрын
Маа ша Аллах! Аллах берекесин берсин!
@azamatibraimov362226 күн бұрын
Sonun boluptur. Agayga uzun omur, densooluk kaalaybiz!
Маа шаа Аллах. Агайга Кудай берекелүү өмүр берсин 😊 Насаат медиа жамаатына Кудай оомат берсин
@malikaulukbekova905923 күн бұрын
Легендарлуу Хаким Махмудов! Чоон рахмат жалпы жамаатыныздарга, убагында ушундай улгу алчу инсандан интервью алганыныздарга. Улуу инсандын омуру, жашоосу, бизге чон сабак , орнок !
@kudaibergens.officialАй бұрын
Ма шаа Аллах көз тийбесин, ысымы алтын тамгалар менен жазыла турган киши🤲🫂
@akylbektolomush897Ай бұрын
Тарых жазган инсандар, ташка тамга баскандай из калтырышууда. Жараткан оомат берсин 🤲. Агайдан жана жалпы жамаатан Аллахым ыраазы болсун 🤲.
@kuanhalbekov9385Ай бұрын
Эрдоганга окшоштурам
@ТурдуканРазаеваАй бұрын
Эң соонун маек 👍👍👍
@bekaliamanbaev6681Ай бұрын
Аллах ыраазы болсун
@Asmrtoys-1_dollsАй бұрын
Өтө сонун подкаст болуптур миллион жолу көргөнү татыйт
@aitmyrzarysbekov4297Ай бұрын
Маа шаа Аллах , биз күткөн чыгарылыш болду го
@Jumayan1305Ай бұрын
Ар дайымгыдай оригиналдуу коноктор ❤❤❤
@bilalpirzailov760725 күн бұрын
Сонун, баюрса бардык подкастарды куроп чыгам деп ниет калдым.
АЛЬ КООДИРУ АЛЬ МУКТАДИРУ АЛЬ МУКАДДИМУ АЛЛАХ РААЗЫ БОЛСУН Хаким Агай🤲❤️ 100 жашка чыгыныз🤲❤️ Уй булонуз менен Бактылуу болунуз 🤲❤️👍
@ДавлетБекташов-й2р28 күн бұрын
Агайдын омуру узун болсун❤Сонун киши
@Белек-щ9оАй бұрын
Аллах ыразы болсун
@Sanur2728 күн бұрын
Фок🔥 пятница схватки 🤼 Балбандарга салам
@meerimmamasalievaАй бұрын
Убакыт кантип өтүп кеткенин билбей калдым, ушунчалык кызыктуу подкаст болуптур 👍 Ушундай карылыкты бизге да насип кылсын Хаким агайдан акылыбыз туунук болушту.Нуриет мырзага да терең ыраазычылык билдирем, азаматсыз👍Аллах ыраазы болсун сизден,колдоп, күтүп көрөбүз подкастты👏
@i1776Ай бұрын
Ин Ша Аллах! Көп жашаңыз! Эки дүйнө бактылуу болуңуз!🤲🏻 Биз Сизди жакшы көрөбүз!❤
@Nargiza-ix7bpАй бұрын
Хаким агайдан Аллахым ыраазы болсун 🤲🏻сизди ото сыйлайбыз! Аллахым Омурунузду узун кылсын🤲🏻Аллахыл сизге эки дуйно бактылуулугун берсин🤲🏻
@user-313badri.Ай бұрын
Аллахым баарынардан ыраазы болсун .Айрыкча Хаким агайдын омуруно береке берсин .Жакшы маек .болуптур . Улан мырза , суроо бергенден кийин , до конца жообун уксанар , анан кийинки суроого отсонор ..
@nasaatmediaАй бұрын
Баарыбыздан, Агайдын убакыты тар болгондуктан көбүрөөк суроо бергенге аракет кылдык, биздин планга койсок 4-5 саат тартуу сьемканы :)
@МиранаКулубековаАй бұрын
Өмүрүңүзго береке. Бизге дагы ушундай карылык насип кылсын. Аллах ыраазы болсун
Журт жакшылары рахмат сиздерге дагы да кутобуз ишинерге ийгилик 🎉
@БурулЫрысбаева-о1яАй бұрын
Ассаляяму алайкум уа рохматуллоохи уа бароокаатух! Аллах Таалам ыраазы болсун ❤
@Израилова-й8нАй бұрын
❤
@zalkarazisuulu9143Ай бұрын
Маа шаа Аллах
@ataialtynbekov3934Ай бұрын
Ассаламу алейкум Аллахым ыраазы болсун Хаким агай Омурунуз Узун болуп Ишинизге ийгилик🤲
@АдисаСулайманова29 күн бұрын
Алла ыраазы болсун агайдан
@Mekenchil_Ай бұрын
Атагын чыкса ааламга Артылып тушсо дастанга Көкүрөгүн которуп Жеке өзүм деп мактанба. Хаким агай
@НасаатилимиАй бұрын
Ассаламу алейкум соонун чыгарылыш болуптур
@bilimmedia196028 күн бұрын
Талкууда салмактуу пикирлер айтылыптыр
@mebel_ordo29 күн бұрын
Зикирди билесиңерби деген ата😂😂😂
@bektolkunbekuulu3083Ай бұрын
👍👍👍
@ГулираАбдымиталиповаАй бұрын
Ассаламу алейкум Аллах ыразы болсун доктор Замирали чакыр майку алсанар устаз мактачу эле го
@УриЖума-с5вАй бұрын
Хаким агайга узун өмүр берекелүү карылык өтө сонун маээк болуптур Аллах разы болсун сиздерге
@bilimmedia1960Ай бұрын
Талкуу сонун болуптур! Ийгилик! Камера эмнеге эле титиреп атат?
@i1776Ай бұрын
Эмнеге класс басып койбойсуңар көргөндөн кийин,ушунчалык кыйынбы?😠😢Просмотр көп,класс баскандар 367 болгону
@IliiasovAidarАй бұрын
Эхх буудайдын машагын тирүү кандай азап ар бир данды терип алыш + караңгыда
@ИличбекСайныкеев21 күн бұрын
Жоломан Алтын утса, бул агайдын арманыго.
@ME-wz4yhАй бұрын
Созун аябай эле болуп эми кызык жерине келгенде башка суроолорду бериптирсинер да
@nasaatmediaАй бұрын
Ошндой болуп сезилип калды, бирок Агайдын убакыты тар борлгондуктан көбүрөөк суроо бергенге аракет кылдык, биздин планга койсок 4-5 саат тартуу сьемканы :)