Айтчы деги бизди күткөн бирөө барбы? Ак басып чачтарымдын каралары. Ойногон бала бойдон калайынчы, Токтой турчу, бираз ойноп алайын. Кечээ эле атам жапжаш бойдон жүргөн, Колдоруна көтөрүп беттен сүйгөн. Бүгүн болсо картайдыбы? ал күчү аз, Айбаты жок каткырып катуу күлгөн. Апакемдин күлкүсү тунук эле, Бырышы жок жүзүндө нурдуу эле. Айтчы өмүр себебин бул кылганың, Маанайы суз, чарчагандай бүгүн неге? Себеби не ушунчалык шашылгандын? Чакырдыбы сени күткөн асылдарың? Мен барсам да артыңдан ээрчип сени, Жашасынчы жүз жылдарга жакындарым. Жыргатасың, ыйлатасың тажабайсың, Токто десе арт жагыңа карабайсың. Пенделике салып кылса каталык, Азабыңа саласың го, аябайсың. Зуулдайсың, чуркайсың, шашыласың, Керектигиң билип туруп ашыгасың. Сыноосуна салып коюп пенделерди, Турмуштун ак боз атын камчылайсың, Айтчы өмүр, деги кайда шашыласың?
@AbdyrahmanArzyev7 ай бұрын
Чооң рахмат ушуну издегенмин
@МаксатСапарбайев4 ай бұрын
мыкты окулган
@МаксатСапарбайев4 ай бұрын
мыкты
@IldarMamyrov9 ай бұрын
Азаматсын досум
@erlan_smaiyluulu9 ай бұрын
🔥🔥🔥🔥🔥. Мыкты көркөм окуу болуптур.
@ЖигдагулАзимбаева6 ай бұрын
Азаматсын
@AbdyrahmanArzyev9 ай бұрын
Описаниячы барбы?
@Mansur_Kubanychbekov8 ай бұрын
Айтчы деги бизди күткөн бирөө барбы? Ак басып чачтарымдын каралары,. Ойногон бала бойдон калайынчы, Токтой турчу, бираз ойноп алайын. Кечээ эле атам жапжаш бойдон жүргөн, Колдоруна көтөрүп беттен сүйгөн. Бүгүн болсо картайдыбы? ал күчү аз, Айбаты жок каткырып катуу күлгөн. Апакемдин күлкүсү тунук эле, Бырышы жок жүзүндө нурдуу эле. Айтчы өмүр себебин бул кылганың, Маанайы суз, чарчагандай бүгүн неге? Себеби не ушунчалык шашылгандын? Чакырдыбы сени күткөн асылдарың? Мен барсам да артыңдан ээрчип сени, Жашасынчы жүз жылдарга жакындарым. Жыргатасың, ыйлатасың тажабайсың, Токто десе арт жагыңа карабайсың. Пенделике салып кылса каталык, Азабыңа саласың го, аябайсың. Зуулдайсың, чуркайсың, шашыласың, Керектигиң билип туруп ашыгасың. Сыноосуна салып коюп пенделерди, Турмуштун ак боз атын камчылайсың, Айтчы өмүр, деги кайда шашыласың?
@Ai_Suluu8 ай бұрын
Текстин жазып койгулачы