Рет қаралды 4,793
Бүгүн, Кадамжай шаардык "жаштар кеңеши" жаштарыбызды сергек жашоого үндөө, туура сүзүүнү үйрөтүү максатында шаарыбыздын жаш улан-кыздар арасында сууда сүзүү боюнча чоң мелдеш өткөрдү.
14-17, 18-24, 25+ жаш курактарга бөлүнүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Иш-чарабызды колдоого алган Кадамжай шаардык мэриясына, келип коопсуздукту жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп берген Кадамжай МЧС, РИИБ кызматкерлерине жана медицина кызматкерлерине, ошондой эле Жийделик эс алуу борборуна терең ыраазычылык билдиребиз.