Рет қаралды 300,966
Кайдан келдиң?
с. Б. Чотурова
о. С. Бейшекеев
Жүрөгүм алып учат эмне менин?
Жүргөндөй ортосунда асман жердин.
Маңкайып Теңир Тоонун маралындай,
Махабат жетелетип кайдан келдиң?
Кайырма:
Жалт карап эстен тандым саламыңа,
Жайнаган жаздай сүйкүм жамалыңа.
Агылып бара жатты ороп мени,
Аппак нур сенин келген тарабыңа.
Арзуудан ажыраткыс бир күч барбы?
Ай батып барат мынча түн кыскарды.
Жоготуп албас үчүн жолугууну,
Жолуңа төшөсөмбү жылдыздарды.
Кайырма:
Бактысын издеп жүргөн жалгыз сенби?
Бактысын издеп жүргөн жалгыз менби?
Күн санап өмүр турса коноко окшоп,
Күнөөлөш күнөө чыгар сүйгөндөрдү.
#сыймыкбейшекеев #сыймык #бейшекеев #кайданкелдин кыргызча#