Рет қаралды 59
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси 100% чечилди. Бул тууралуу 26-мартта “Азаттык” радиосунун суроосуна жооп берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, Ташкентте өткөн делимитация жана демаркация боюнча комиссиянын отурумунун жыйынтыгында протоколго кол коюлду. Ташиев мындан ары ортодо талаштуу деген тилкелер болбой турганын белгиледи.