Рет қаралды 9,609
Бүгүн, 7-майда адвокат, “Чоң казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасанов өзүнүн фейсбуктагы барачасынан түз эфирге чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевди жана анын жубайы, Кыргыз эл артисти Роза Аманованы сынга алды:
“Бүгүн менин айтчу сөзүм бар. Бүгүнкү күнү эмнени биз көрдүк жолдош Кубанычбек Жумалиевдин атынан. “Жумалиевди колдоо” деген группасы чыга калыптыр. Ошол группасына “калмактар тымызынан ишти жасап жатышат”,- деп жазып жатышат. Мен сиздерге айтып койо турган нерсе… Ооба баарына кызыктуу болуп жатат. Менин түпкү тамырларым чынында калмактар. Бирок бүгүнкү күндө мен кыргызмын. Кыргыздын жаранымын. Өзүмдү кыргызмын деп эсептейм жана кыргыз болгонума мен абдан сыймыктанам. Ошондой эле түпкү ата-тегим калмак болгонуна дагы сыймыктанам. Азыр ойлоп көрсөңөр урматтуу жолдош Жумалиев, урматтуу Роза Аманова силер өзүңөрдүн “троллдоруңарга” акча төлөгөндө мээңер менен ойлосоңор боло. Ушул кичинекей калмак калкы болгону төрт айыл, ошону интригага байлап жатасыңар. Бул деген улуттар аралык чыр-чатакка алып келип жатат. Силер ошону түшүнүп жатасыңарбы? Бул эмне деген акмакчылык. Элди элге чабыштырып, элди элге бузуку салдырып. Силер деген өзүңөрдүн мүлкүңөрдү карап алгылачы. Ошол тапкан байлыгыңарды качан таза таптыңар эле? Силер ушул байлыгыңардын баарын коррупциянын негизинде тапкансыңар. Урматтуу УКМКнын тергөөчүлөрү силер муну официалдуу түрдө деп кайрылуумду алсаңар болот. Мен ушул улуттар аралык чыр-чатакты жасап жаткан Жумалиевдин кишилерин таап берүүңүздөрдү суранам. Ошолорду кылмыш жоопкерчиликке тартышыңарды суранам. Андан мурун ошолорду мага бергилечи өтүн алам ошолордун. Бул эмне деген акмакчылык. Кичинекей калк болсок ошондо дагы бири-бирибизди чабыштырып жатат. Бул адамдарда адам баласынын касиети калдыбы? Же акча эле, ошол долларлар эле көзүнө көрүнүп калдыбы? Уятта, адамкерчилик сапаттыңар калдыбы урматтуу жолдош Жумалиев? Ушунчалык акмактанбаш керек да”,- деди Канат Хасанов.
Булак: «KyrgyzToday.kg»